Ырыс алды — ынтымак

  • 21.10.2024
  • 0
Ырыс алды — ынтымак

Тогуз-Торо районунун №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Кадырбай кызы Гүлзат

Адабий окуу, башталгыч класс

Ырыс алды - ынтымак

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк:

Окуучулар «Ырыс алды — ынтымак» жомогу менен таанышат жана ынтымактын маанисин кеңири түшүнүп билишет.

Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар жомокту шар, көркөм окуп беришет. Ой жүгүртүүсү өнүгүп, сөз байлыгы артат, суроолор аркылуу айтып берип, ойлорун бекемдешет.

Тарбия берүүчүлүк:

Ынтымакты үй-бүлөдө, мектепте, досторунун арасында сактоого үйрөнүшөт. Таза, тыкан болууга тарбияланышат.

Көрсөткүчтөр: 1. Эгерде окуучулар ынтымактын маанисин билишсе; Ынтымак жөнүндө өз ойлорун айта алышса; 2. Китептен жомокту шар окуй алышса; Окуган тексттин үстүндө эркин ой жүгүртө алышса; Класста өзүн ынтымактуу, таза алып жүрүшсө.

 

Сабакта колдонулуучу стратегиялар: 1. Бекеттер 2. Интерактивдүү окуу 3. РАФТ

Сабактын тиби: интерактивдүү-санарип сабак

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, таркатма материалдар, плакат, тех. каражат (ноутбук, проектор) ж.б.

 Сабактын жүрүшү: Мугалимдин ишмердиги

Саламдашуу, жагымдуу жагдай:

Алтын эреже:

-Күндөй?

-Аарыдай?

-Короздой?

-Ташбакадай?

-Коёндой?

-Кулагыбыз менен?

-Кол көтөрүп?

-Кумурскадай?

Окуучунун ишмердиги:

Кыймыл менен ыр ырдап бири-бири менен саламдашат, жагымдуу жагдай түзүлөт.

-Жылмайып

-Ызылдабай

-Кыйкырбай

-Кыбырабай

-Секирбей

-Угуп

-Жооп берип

-Иштейбиз

WORDWALL платформасында суроо-жооп викторинасы

Ырыс алды - ынтымак

Жаңы темага өбөлгө түзүү: “Бекеттер” стратегиясын пайдалануу менен мээге чабуул жасоо

“Сөздөрдү туура жайгаштыр” LEARNINGAPPS платформасында көнүгүү

Ырыс алды - ынтымак

Сабактын максаты, көрсөткүчү менен тааныштыруу.

“Ырыс алды ынтымак” жомогу

Ырыс алды - ынтымак

Жомокту интерактивдүү окуп берүү.

Окуучулар туура жоопту таап, жооп берет. Кичи топтордо иштешет. Бир жерден экинчи жерге өтүп, тапшырмаларды аткарышат. Сөздөрдү туура жайгаштырып, маанисин чечмелешет. Кунт коюп угушат. Жомокту экрандан көрүшөт (видео). Чынжырча окушат.

Практика:

Ролдоштуруу: “Билим” лотереясы, нейрогимнастика, “РАФТ” таблицасы.

Р- Ролду аныктоо үчүн берилген теманы ким ачып бере тургандыгын табуу керек

А- Бул жомок кимге арналгандыгын тактоо

Ф- Жанрды, баяндоонун формасын тандоо

Т- Теманы тандоо, жомок эмне жөнүндө болот, анда кайсы негизги идеялар ачылат

Жыйынтыктоо:

Сабактан эмнени түшүнүп, биле алдыңар?

Бүгүнкү сабактан өзгөчө эмне эсиңде калды?

Бүгүнкү сабак жактыбы?

Баалоо:

Бөлүшүү

Комментарийлер