Үйдөгү гүлдөрдү көбөйтүү, изилдөө жана багуу, өстүрүү жолдору
- 08.04.2026
- 0

Айдарбек кызы Сезим
Биология, 6-класс
Сабактын максаты:
Билим берүү максаты
- Окуучулар үйдөгү гүлдөрдү көбөйтүү, изилдөө жана багуу, өстүрүү жолдору боюнча маалымат алышат.
Өнүктүрүү максаты
- Окуучулар үйдөгү гүлдөрдүн вегетативдик органдарынын жардамында көбөйтүүнүн жолдору (тамыры, калемчеси, жалбырагы аркылуу көбөйтүү), туура кам көрүү, өстүрүү жолдорун айтып беришет.
Тарбия берүүчүлүк максаты
- Окуучулар топто иштөө менен бири-бирин сыйлоого, убакытты туура колдоно билүүгө тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп үйрөтүү, билим жана билгичтикти өркүндөтүү.
Сабактын методдору: 3С+1Е модели, салттуу ыкмалар (демонстрациялоо методу, айтып берүү, түшүндүрүү, көрсөтмөлүүлүк методу), интерактивдүү ыкмалар (you tube, класстер, схема, презентация).
Сабактын формасы: Топторго бөлүп иштөө, теориялык жана практикалык өз алдынча иш, изилдөөчү, ангемелешүү.
Предмет аралык байланыш: химия, география, технология, ботаника
Сабактын жабдылышы: Презентация, интерактивдүү доска, проектор, бөлмө өсүмдүктөрү, жаш өсүндү, микроскоп, пинцет, предметтик айнек, кайчы, топурак, гүл челектер, суу, ватман, маркер, окуу китеби, бор, Санарип кампа, телефон ж.б.
Окуучунун таяныч билими: Гүлдүн түзүлүшү, репродуктивдик, вегетативдик органдарынын айырмасы, чаңдашуу жолдору, мөмөнүн пайда болушу боюнча билишет.
Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы, балдар! Жакшы эс алып келдиңерби, маанайыңар жакшыбы?
Топко бөлүү: Балдар, келгиле алгач топко бөлүнүп отуруп алалык. Ал үчүн интерактивдүү доскага келип, өзүңөргө жаккан гүлдү тандап баскыла жана ал жактан чыккан (1,2,3) санга карап, тиешелүү топтун парталарына барып отургула.
Окуучулар үч топко бөлүнүп отурушат. Топ мүчөлөрү топтун аттары менен тааныат.
1-топ: «Изилдөөчүлөр»
2-топ: «Дизайнер-дарыгерлер»
3-топ: «Жаш багбандар»
Үйгө берилген тапшырманы текшерүү: «Айрым айыл чарба жана декоративдүү өсүмдүктөрдү өстүрүү жолдору боюнча корутунду сабак» класстер түзүп келүү болчу. Окуучулардын аткарган тапшырмаларын текшерем.
Жаңы темага киришүү: Бул этаптын негизги максаты – окуучулардын мурда билген билимдерин эске түшүрүү, мээге чабуул жазоо, активдүүлүккө көндүрүү максаты аткарылат.
Окуучуларда бири-биринин сыйлоо, оюн уга билүү, салыштыруу, талдоо көндүмдөрү калыптанат. Өсүмдүк – жан-жаныбарларга, адамга тиричилик, кубат берүүчү негизги булак болгондуктан, аларды өстүрүү, көбөйтүү ж.б шарттарды бузбоого аракеттенүү керек. Өсүмдүктөр башкаларга караганда табиятта өзгөчө роль ойнойт. Алар жер бетиндеги азыктын негизги булагы болуп эсептелет. Бардык жан-жаныбарлар, адам да өсүмдүктөн азыктанат.
Өсүмдүктүн өсүшү үчүн негизги шарт болуп топурак, суу, аба, күндүн жарыгы керек. Жашыл өсүмдүктөр фотосинтез процессин жүргүзүп, бизди кычкылтек менен камсыз кылаарын билебиз (видео-презентация менен маалымат берем).
1-топ: «Изилдөөчүлөр» Миссия: Өсүмдүктүн түзүлүшүн жана органдарын бөлүп кароо, изилдөө.
Тапшырма: 1. Роза гүлүнүн түзүлүшүн жана репродуктивдик органдарын микроскоп жана лупанын жардамында бөлүп карагыла. Калың картон кагазга роза гүлүнүн генеративдик органдарын ирээти менен жайгаштырып чыккыла, мүнөздөмө бергиле.
Сыпаттоо:Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бул өсүмдүккө мүнөздөмөнү схема түрүндө чагылдырып бергиле.
2-топ: «Дизайнер-дарыгерлер” Окуучулар өз алдынча ой жүгүртүү, топ менен иштеп анализдөө, изилдөө жана тыянак чыгара билүү максаты аткарылат. Миссия: Гүлдүн абалын сезүү жана ага кам көрүү. Балдардын алдына жалбырагы саргайган, карарган ж.б. гүлдөрдү коем жана суроо берем.



Тапшырма: Саргайып, жалбырактары карарып же чаң басып калган бөлмө гүлүн жана гүлдүн сүрөтүн карап, ага «диагноз» койгула (Эмнеси ооруп жатат?). Бул гүлгө күн нурубу же көлөкөбү, кайсынысы көбүрөөк керек экенин аныктап, мүнөздөмө бергиле.
3-топ: «Жаш багбандар» тобуна берилүүчү тапшырма: Балдар, мен силерге азыр алдыңарга гүл олтургузуу үчүн (топурак, суу, пеноплекс, гүл челек, тамыр байлаган гүлдүн өсүндүсү, гүл олтургузуу эрежелери ыраатуу жазылган кагаз) керектүү болгон нерселерди берем. Гулдөрду гул олтугузуу эрежесине таянып олтургузасынар.
1) Фиалка гүлүн (жалбырагы менен)
2) Калемчеси менен (герань гүлүн) олтургузушат
Окуучулар эреже жазылган кагазга таянып гүлдөрдү олтургузууну башташат.
Бышыктоо: Бышыктоо үчүн балдарга интерактивдүү тесттик тапшырмаларды берем. Суроолорго туура жана так жооп бергендерге кызыл лилия гүлү ал эми туура эмес жооптор үчүн ромашка гүлү гүл челектерден чыгат.
Рефлексия: Түшүндүм, Азыраак түшүндүм, Түшүнүү кыйын болду деген гүлдүү эмоцияларды тандашат.
Үйгө тапшырма: Изилдөөчүлүк тапшырма: «Гүлдүн паспорту»
- Эмне кылуу керек? Үйүңүздөгү эң сүйүктүү бир гүлдү тандап, ага «Паспорт» түзүңүз.
Паспорттун мазмуну:
- Гүлдүн аты (Мисалы: Герань же Кактус).
- Туулган жери (Кайсы өлкөдөн келген?).
- Эмнени жакшы көрөт? (Күндүбү же көлөкөнүбү? Сууну канча ичет?)
- Ага койгон атыңыз (Мисалы: «Жаркынай», «Тикенек»).
Комментарийлер