ЯПОНИЯ
- 31.03.2026
- 0

Сабактын максаты: Япония өлкөсү боюнча жалпы маалыматка ээ болуп, улуттар аралык достукка жана ынтымакка тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн саясий картасы, атлас, проектор, сүрөттөр ж.б
Сабактын методу: 5Е моделинин негизинде
Сабактын тиби: Жаңы билим өздөштүрүү
Уюштуруу:
1. Саламдашуу
2. Катышууну көзөмөлдөө
3. Топторго бөлүү
1-топ 2-топ 3-топ
Деңиз Арал Океан
Баалоо критерийлери: желекчелер аркылуу баалоо
4. Үй тапшырмасын суроо (фундаменталдык суроолор)
“Боштуктарды толуктоо”
1. Евразия материги 2 дүйнө бөлүгүнө бөлүнөт. Алар:
2. Чет өлкөлүк Азия деп…
3. Чет өлкөлүк Азияда ….. мамлекет бар
4. Дүйнөнүн саясий картасы менен иштөө
Мамлекеттерди дал келтирүү. (Wordwall)
Окуучулар Азияда жайгашкан мамлекеттерди карта боюнча алардын өз ордун таап жайгаштырып, дал келтиришет.

Окуучулар ойлонушуп, «Пони» жаныбарын жана анын башына жана акырына «Я» тамгасын улуганда «Япония» мамлекети келип чыгаарын таап, айтышат.
Мугалим:Азаматсыңар! Менин сүйүктүү окуучуларым! Анда бүгүнкү жаңы темабыз «Япония» өлкөсү жөнүндө болмокчу.
2Е. Изилдөө. Топтор боюнча иштөө
| 1. Деңиз тобу | Япониянын физикалык-географиялык абалын изилдөө |
| 2. Арал тобу | Япониянын ири аралдарын аныктоо |
| 3. Океан тобу | Япониянын чектешкен аймактарын изилдөө |
Ар бир топ берилген тапшырмалар боюнча изилденишип (атлас, окуу китебин пайдаланышат),плакатка жоопторун жазышып, чечмелеп берип, презентация жасашат.
3Е. Түшүндүрүү. 1-топтун маалыматы: Япония- түндүк кеңдикте жана чыгыш жарым шарда орун алган. Азиянын чыгыш бөлүгүндө аралдарда жайгашкан мамлекет.
2-топтун маалыматы: Япон архипелагында 4 чоң жана 4 миңге жакын майда аралдар жайгашкан. 4 ири аралдары: Хонсю, Хоккайдо, Кюсю, Сикоку
3-топтун маалыматы: Япония өлкөсү аралдык мамлекет болгондуктан, ал кургактык аркылуу эч бир өлкө менен чектешпейт
Батышынан – Япон деңизи
Чыгышынан- Тынч океаны менен курчалган.
Мугалим: Азаматсыңар балдар! Демек силердин топко бөлүнгөнүңөр Япониянын физикалык-географиялык абалын чагылдырып турат. Япония-деңиз жана океан менен курчалган аралда жайгашкан күнөстүү,күн чыгыш өлкөсү тура.
Мугалим окуучулардын изилдөөсүн толуктап, кошумчалап, дүйнөнүн саясий картасын көрсөтүп, маалымат берет:
1-топтун маалыматы: Япония- түндүк кеңдикте жана чыгыш жарым шарда орун алган. Азиянын чыгыш бөлүгүндө аралдарда жайгашкан мамлекет.
2-топтун маалыматы: Япон архипелагында 4 чоң жана 4 миңге жакын майда аралдар жайгашкан. 4 ири аралдары: Хонсю, Хоккайдо, Кюсю, Сикоку
3-топтун маалыматы: Япония өлкөсү аралдык мамлекет болгондуктан, ал кургактык аркылуу эч бир өлкө менен чектешпейт
Батышынан – Япон деңизи
Чыгышынан- Тынч океаны менен курчалган.
Мугалим: Азаматсыңар балдар! Демек силердин топко бөлүнгөнүңөр Япониянын физикалык-географиялык абалын чагылдырып турат. Япония-деңиз жана океан менен курчалган аралда жайгашкан күнөстүү,күн чыгыш өлкөсү тура.
Мугалим окуучулардын изилдөөсүн толуктап, кошумчалап, дүйнөнүн саясий картасын көрсөтүп, маалымат берет:
Аянты — 377.8 миң км² (61-орун)
Калкы — 126,2 млн киши ( 10-орун)
Калктын орточо жыштыгы – 335киши/км²
Борбору- Токио шаары
Ири шаарлары:Токио, Осака, Йокогама
Акча бирдиги- Иена
Башкаруу формасы – Конститутциялык монархия. Император- Нарухито
Административдик-аймактык түзүлүш формасы — унитардык, 47 префектурага бөлүнөт
Япония-“ Чоң жетинин”мүчөсү
Бир улутту өлкө (98%-япондор)
Калктын орточо жашы- 82жыл ( дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч)

https://create.kahoot.it/share/1c9200bf-37e3-45bb-affc-15eb4d9e7467
- Япония Азиянын кайсы бөлүгүндө жайгашкан?
а) батыш б) чыгыш в) түштүк г) борбордук
- Япониянын эң бийик тоосу?
а)Фудзияма б)Тянь-Шань в) Монблан г)Хоккайдо
3.Япониянын эң ири 4 аралынын кайсынысы эң чоң?
а) Хоккайдо б) Сикоку в) Сикоку г) Кюсю
- Япониянын айыл чарбасынын негизги дан өсүмдүгү кайсы?
а) жүгөрү б) арпа в) буудай г) күрүч
5.Япония түндүктөн деңиз аркылуу кайсы өлкө менен чектешет?
а) Түштүк Корея б) Россия в) Кытай г) Монголия
6.Япония дүйнөдө кайсы тармак боюнча 1-орунда?
а) кен казуу б) нефть өндүрүү в) робототехника
5Е. Баалоо. Эң көп желекчелерге ээ болгон топ жеңүүчү аталат.
Бири-бирин баалоо:
- Өз тобуңардан кимди жаңы теманы түшүндүрүү үчүн кийинки топко жөнөтөт элеңер?
- Өз тобуңардан кимди жаңы теманы үйрөнүп келүү үчүн кийинки топко жөнөтөт элеңер?
Үй тапшырма: §25.

Комментарийлер