ҮЙ — БҮЛӨДӨГҮ ЫНТЫМАК ЖАНА БИР ТУУГАНДАРДЫН ОРДУ
- 26.06.2025
- 0

Класстык саат, 6-класс
Сабактын максаты:
Үй — бүлөнүн ынтымагы, коомдогу орду жана үй — бүлөдөгү бир туугандардын мамилелери жөнүндө түшүнүк алышат.
Үй — бүлөдөгү ынтымакты сактай билүүгө, биримдикке, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.
Жоопкерчиликтүүлүк, мээримдүүлүк, күйүмдүүлүк сапаттарына үйрөнүшөт.
Сабактын жабдылышы:
Тематикалык сүрөттөр, үй-бүлө, ынтымак, бир туугандар жөнүндө макалдар, видео роликтер, слайд, ырлар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Бактылуу үй — бүлө-бактылуу коом (доскада көрсөтмөлөрдө жазылуу турат)
Сабактын башталышы менен эле Үй-бүлө жөнүндө кенен түшүнүктөргө ээ болуп алалы. Анын мисалы катары этнопедагог Сабыр Иптар уулунун Үй-бүлө жөнүндө жазган эмгектеринен үзүндү келтирели
Кыргыздын шары — үй бүлө.
Үй түшүнүгү бир нече маанини камтыйт:
Адам турагы
Имарат
Үй, чогулт, жыйна, топто.
Бүлө түшүнүгү адам дегенди билдирип, үй — бүлө мүчөлөрүнүн ар бирин туюнтат. Демек, үй — бүлөлүк сапаттар үчүн, аны бекем сактоо үчүн, ынтымакта кармоо үчүн үй — бүлө мүчөлөрүнүн ар биринен адамдык бийик жөндөмү керек. Ал үчүн ар бири өзү аракеттениш керек.
Ошондуктан «Ата көргөн ок жанат,
Эне көргөн тон бычат» деген нускалуу кеп төгүн жеринен эместир.
Демек, үй — бүлөдөгү бактылуулук, ынтымактуулук, сый, кадыр — барк баары үй — бүлөлүк тарбиядан көз каранды экендигин эске алуу менен ар бир үй- бүлө мүчөлөрүн тарбиялоо адеби келип чыгат.
-Үй — бүлө, бир туугандар жөнүндө слайд көрсөтсөк болот.
Атаныкы үй-бүлө тактысы,
Эне деген үй-бүлө бактысы.
Чогултат ынтымак менен ырыскы,
Бирдикте болсо баарысы.
— Сабакты андан ары уланталы
«Ырыс алды ынтымак» деген макалдын тегерегинде кеп козгойлу
Окуучулар ойлорун айтышат,талкуу жүргүзүлүп, турмуштук мисалдардан айтабыз (Макал доскада жазылуу турат).
Бул макалдын тегерегинде кеп козгоо менен «Ырыс алды ынтымак» жомогундагы бир туугандардын мамилесин жана аларга атасы турмуштук тарбиянын үлгүсүн иш жүзүндө көрсөткөндүгүн,балдарын оңолуу жолуна сала алгандыгы менен макал өз максатына жетти деп баалайбыз.
(Жомоктон аудио же видео көрсөтсөк болот)
Ушул жерден балдарга проблемалык суроо берилет:
— Ата-энеңердин тилин ар дайым аласыңарбы?
— Көз карашыңар туура келбей калган учурлар болобу?
— Бир туугандарыңарды жакшы көрөсүңөрбү?
— Үй- бүлөлүк чыр чатак эмнеден чыгат деп ойлойсуңар?
(Балдар ойлорун айтышат)
— Канткенде бекем, ыймандуу, ынтымакка ширелген бир туугандардын үй -бүлөлүк бактылуулугуна жете алабыз?
Кулагыңарга күмүш сырга:
— Ата-баба наркын сактап, улуттук баалуулуктарыбызды кадырлап, эмгекчил, намыстуу болууга аракеттенүү.
— Ата менен эненин мээримине бөлөнүп,тарбиянын туура үлгүсүн ал!
— Бир туугандарың менен өмүр бою чогуу жашабайсың,бирок убагында алар менен абдан күйүмдүү, боорукер мамиледе болсоң, акыбети сөзсүз кайтаарын унутпа!
— Эмгек тарбиясына канык, жалкоолук адамды алсыратат.
— Кең пейил, берешен, ак көңүлдүк адамды алга сүйрөйт.
— Кек сактаба, кекчил болбо, жөнөкөй бол!
— Адал иштеп, ак кызматың-үй-бүлөгө камкордугуң!
— Бир туугандарың өйдөдө өбөгүң, ылдыйда жөлөгүң экенин унутпа!
— Эң бактылуу жашаган жериң-үй бүлөң экенин билүүгө үйрөн!
Чынгыз Мырзаев аткарган «Бир тууган» деген ырды уктуруу менен сабакты жыйынтыктоо.
Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн,
Бир атадан, бир энеден төрөлдүк.
Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне,
Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн.
Кайырма:
Аска зоо бир тууганым,
Сенсиң багым,
Бек болсун дайым өмүр жаның,
Бек болсун дайым өмүр жаның.
Бир тууганым-дарагымдын тамыры,
Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы.
Кайда барба, кандай өмүр кечирбе,
Силер менин жүрөгүмдүн жарымы.
Кайырма:
Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан,
Башкада жок мээримиңе жылынам.
Силерге деп сактап койгон түгөнгүс,
Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган
Кайырма:
Сабакты жыйынтыктоо:
— Бекем үй-бүлөдө ар дайым жарыктын, бакыттын шамы күйүп турат;
— Бекем үй-бүлөдө сый урмат жогору болот, тартиптүү балдар тарбияланат;
— Ынтымактуу үй- бүлөдө ырыс кешик уялайт, наристе күлкүсү жаңырат, сүйүү болот;
— Балдар, ар бириңер бактылуу, билимдүү жашоого татыктуусуңар, бар болгула!
— Ар бириңер ойлоруңарды эркин айттыңар, талкууга, аңгемелешүүгө активдүү катыштыңар!
Үйгө тапшырма: «Бактылуу үй — бүлө-бактылуу коом» деген темага карата сүрөт тартып келебиз.
Бейшенбаева Бусара Тураровна,
Кыргыз билим берүү академиясы
Тарбия, социалдаштыруу жана
мектептен сырткары кошумча
билим берүү лабораториясынын
ага илимий кызматкери
Комментарийлер