Үй-бүлө – алтын бешигим

  • 06.08.2026
  • 0
Үй-бүлө – алтын бешигим

1-класс, II чейрек 

Ангемелешүүнүн багыты: ата-эне, ата-эже. Чоң ата, чоң эне, үй-бүлө, мугалим, мээрим, жылуулук тартуулоо ж.б. үй-бүлөлүк баалуулуктардын мааниси.

Максаты:  Балдарды ата-энесин, үй-бүлөсүн сүйүүгө тарбиялоо, жакшы сапаттарды өнүктүрүү..

Тема: Үй-бүлө – алтын бешигим

Негизги багыт: үй-бүлө тууралуу улуттук баалуулуктар менен таанышуу. Үй-бүлө бул адамдардын алгачкы тарбия алган, жашоонун жол-жобосун үйрөнгөн, турмушка зарыл болгон даярдыктан өткөргөн уюм. Дүйнөгө таза келген балага, маданий өзгөчөлүктөргө ээ болуусун камсыз кылган чөйрө болуп эсептелет.

Практикалык иш:  ата-эненин мээрими, үй-бүлөдөгү адамдардын гармониялуу мамилелери тууралуу талкуу жүрөт, ойлор, пикирлер айтылат.

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.

Максаты: Окуучуларга үй-бүлө тууралуу түшүнүк берүү, ата-энени сыйлоого жана үй-бүлөнү сүйүүгө тарбиялоо.

Милдеттери:

  • Үй-бүлө деген эмне экенин түшүндүрүү
  • Үй-бүлө мүчөлөрүн таанытуу
  • Ата-энеге болгон сүйүүнү ойготуу
  • Сый-урматка, жардамдашууга үйрөтүү

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу бөлүгү (2-3 мүнөт)
  • Саламдашуу
  • Жагымдуу маанай түзүү
  1. II. Киришүү (мугалимдин сөзү): 

Үй-бүлө деген эмне?

Үй-бүлө – бул ата-эне, бала жана бир туугандардан турган, бири-бирин сүйгөн, сыйлаган жана кам көргөн адамдардын чакан жамааты. Балдар, ар бирибиздин эң жакын адамдарыбыз бар. Алар – биздин ата-энебиз, бир туугандарыбыз. Биз муну үй-бүлө деп атайбыз. Үй-бүлө – биздин алтын бешигибиз.

Үй-бүлөдө:

  • адамдар бири-бирин жакшы көрөт
  • бири-бирине жардам берет
  • урмат-сыйменен мамиле кылат
  • бирге жашап, кубанычты да, кыйынчылыкты да бөлүшөт

Жөнөкөй түшүндүрүү (балдар үчүн):

Үй-бүлө – бул сенин апаң, атаң, бир туугандарың. Алар сени жакшы көрөт, сага кам көрөт. Ошондуктан үй-бүлө – эң жакын жана эң кымбат адамдар.

Үй-бүлө – бул сүйүү, жылуулук жана бакыт болгон жер.

III. Негизги бөлүк

А) Суроо-жооп:

  • Үй-бүлөңдө кимдер бар?
  • Апаң эмне кылат?
  • Атаң эмне кылат?
  • Сен үйдө эмне кыласың?

Б) Түшүндүрүү:

Үй-бүлө – бул сүйүү, камкордук жана жылуулук бар жер. Үй-бүлөдө баары бири-бирин жакшы көрөт. 

Мугалим текстти окуп берет:

ҮЙ-БҮЛӨМ – АЛТЫН БЕШИГИМ

Жылдыз  кичинекей, акылдуу кыз эле. Ал ар дайым үйүнө шашып келчү. Анткени анын үйүндө эң жакын адамдар – апасы, атасы жана иниси бар болчу.

Бир күнү мугалими сурады:
– Балдар, силер үчүн эң кымбат нерсе эмне?

Балдар ар кандай жооп беришти. Кимдир бирөө оюнчугун айтса, дагы

бири таттууларды айтты. Жылдыз болсо жылмайып:  – Мен үчүн эң кымбат нерсе бул үй-бүлөм – деди.

Мугалим:
– Эмне үчүн? – деп сурады.

Жылдыз:
– Анткени апам мага кам көрөт, атам мени коргойт, иним мени менен ойнойт. Биз дайыма бирге болобуз. Менин үй-бүлөм – менин алтын бешигим, – деп жооп берди.

Мугалим башын ийкеп:
– Абдан туура айттың, кызым. Үй-бүлө – адамдын эң чоң байлыгы, – деди.

Ошол күнү балдар үй-бүлө кандай маанилүү экенин түшүнүштү.

Жыйынтык: Үй-бүлө – бул сүйүү, жылуулук жана бакыт. Ар бир бала өз үй-бүлөсүн сыйлап, жакшы көрүшү керек.

СУРООЛОР:

  • Аңгеменин башкы каарманы ким?
  • Жылдыз кандай кыз эле?
  • Ал кайда шашып келчү? Эмне үчүн?
  • Жылдыздын үй-бүлөсүндө кимдер бар?
  • Мугалим балдарга кандай суроо берди?
  • Башка балдар эмне деп жооп беришти?
  • Жылдызкандай жооп берди?
  • Жылдыз эмне үчүн үй-бүлөсүн эң кымбат деп эсептейт?
  • Мугалим Жылдыздын жообуна кандай баа берди?
  • Бул аңгемеден кандай сабак алдың?
  • Сен үчүн эң кымбат нерсе эмне?
  • Үй-бүлө эмне үчүн “алтын бешик” деп аталат?

В) Оюн: «Кимди жакшы көрөм?»

Балдар кезек менен:
– Мен апамды жакшы көрөм, анткени…
– Мен атамды жакшы көрөм, анткени…

Г) Ыр же ураан:

Үй-бүлөм – менин бактым,
Жылуу үйүм, алтын тактым.
Ата-энем аман болсун,
Мен аларды жакшы көрөм!

Д) Сүрөт тартуу:

Балдар «Менин үй-бүлөм» деген тема менен сүрөт тартышат.

  1. Жыйынтык:

Мугалим: Балдар, үй-бүлө – бул эң кымбат нерсе. Ата-энебизди сыйлап, жакшы бала бололу.

  1. V. Баалоо:
    • Активдүү катышкан балдарды мактоо.
  1. VI. Үй тапшырмасы:

Үй-бүлөсү жөнүндө кыскача айтып келүү.

Алымбаева Бермет, КББАнын Тарбия жана социалдаштыруу лабораториясынын башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер