XIX кылымдын аягындагы XX кылымдын биринчи жарымындагы эл аралык мамилелер
- 20.02.2024
- 0

Дүйнөлүк тарых, 9-класс
Сабактын максаты:
Билим берүү: окуучулар XIX-XX кк. эл аралык мамилелер, авторитардык жана тоталитардык саясий режимдердин бийликке келүүсү, фашизм коркунучунун жаралышы, мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылыктардын натыйжасында түзүлгөн согуштук союздар, карама-каршылыктын курчушунун себептери, биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштардын себеп-натыйжасы жөнүндө алган билимдерин бышыктап, жыйынтыкташат.
Өнүктүрүү: окуучулардын эске тутуусун, логикалык ой жүгүртүүсүн жана өз оюн эркин айта билүүсүн калыптандыруу.
Тарбия берүү: окуучуларды мекенчилдикке, гумандуулукка тарбиялоо.
Сабактын тиби: Кайталап бышыктоочу.
Сабактын усулу: Интерактивдүү.
Сабактын формасы: Сабак жарыш “Аукцион сабагы”.
Сабактын жабдылышы: «Соңку тарых» 9-класстын окуучулары үчүн окуу куралы,окуучунун өзүн контролдоо жана сунуштарынын картасы, баалоонун салыштырма таблицасы, аукционго катышкандардын номер карточкалары, аукциондун суроолору.
Сабактын жүрүшү: Окуучулар жоктолуп, сабакка жагымдуу маанай түзүлөт. Мугалимдин кириш сөзү. Сабактын темасы, максаты, структурасы айтылат. Сабактын эрежелери менен тааныштырат. Согуш жөнүндө интерактивдүү оюн ойнотот.
1-этап: аукциондун алып баруучусу (мугалим) берилген суроосун катуу жана так айтат. Туура жооп үчүн акчалай сыйлык болот. Аукциондун алып баруучусу катышкандарга «Азыркы ойнолуп жаткан лотту ким сатып алат? Т.а. берилген суроого жооп берүү укугун», — деп кайрылат.
Аукционист «Ким көбүрөөк берет?» — дейт (Эгер лотту сатып ала турган эч ким жок болсо, ал лот аукциондун акырына чейин сатыкка чыгарылбайт да, аягында кайра коюлат).
Сатык бүткөндөн кийин аукционист, банктын, арбитраждык комиссиянын өкүлдөрү менен бирдикте жыйынтык чыгарат.
2-этап: окуучуларга алдын ала даярдалган “Окуучунун өзүн контролдоо жана сунуштарынын картасын» таратып, толтуруу шартын түшүндүрөт.
Жыйынтыктоочу бөлүгү: сабактын формасынын эффективдүүлүгүн билүү максатында окуучулар менен аукцион сабагын талкуулайт. Өздүк контрол карталарын жыйнайт. Окуучулар жооп бере албай калган суроолорду талдап, тактайт.
Окуучулардын билимин баалоо: арбитраждык комиссия жана банк бааларды алдын ала даярдалып, толтурулган “Баалоонун салыштырмалуу таблицасы” боюнча баалашат.
Үйгө тапшырма берүү: үйгө берилген тапшырманы окуучуларга түшүндүрөт жана күндөлүккө жазылышын көзөмөлдөйт.
Оюндун шарттары: аудиторияга конкретүү суроо берилет. Суроого жооп берүү укугуна, сатык учурунда эң жогорку баа сунуш кылган окуучу ээ болот. Лоттун алгачкы баасы — 100 с. Катышуучу сунуш кылган баасын айтып, өздүк карточкасын көтөрөт. Лотту сатып алган катышуучу акчасын банкка төлөйт. Туура жообу үчүн банктан акчалай сыйлык алат.
Эгерде жооп туура эмес болсо, банкка 100 с. өлчөмүндөгү штраф төлөйт жана ал суроо сатыктан алынып ташталат. Кайрадан оюн бүткөндөн кийин сатыкка коюлат. Ал эми катышуучуга акчасы кайтарылбайт.
Эгерде окуучунун акчасы калбай калса, алып баруучунун уруксаты менен банктан 50 пайыз менен кошумча кредит алат. Аукцион учурунда тартип бузуулар үчүн 100 с. өлчөмүндөгү штраф салынат.
Баалоонун критерийлери: эгерде катышуучу 4000 жогору акча топтосо, «эң жакшы» деп бааланат; 3000-4000 чейинки акча топтосо – «жакшы»; 2000-3000 чейинки – «канааттандырарлык». Жооптордун тууралыгын аукционист аныктайт.
Мугалимге жардамчы топ: арбитраждык комиссия – аукциондун катышуучуларынын жеке эсебинин эсеп-кысап кыймылынын журналын көзөмөлдөп, толтурат. Банк кызматкери – аукцион учурунда кредит берүү, сатып алуу жана сыйлыктардын эсеп-кысабын жүргүзөт.
Аукциондун суроолору (лот)
- «Келе жаткан кылымда немис эли же балкага же дөшүгө айланат» деген сөздөр кимге таандык? (Германиянын тышкы иштер министри Бернхард Бюлов)
- XIX к. аягы — XX к. башындагы эл аралык мамилелердин абалында кандай кырдаал болгон? (Экономикалык жактан өнүккөн, аскердик дарамети күчтүү өлкөлөрдүн ортосундагы атаандашуу)
- Өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштыктын негизги себептери? (1. Товарларын сатып өткөрүү жана арзан сырьё булагын камсыз кылуу максатында экономикалык өнүгүүсү артта калган өлкөлөргө көзөмөл орнотуу; 2. Атаандашкан өлкөлөр таасир этүү чөйрөлөрүн жана өз территорияларын коргоо умтулушкан)
- Жер планетасынын ¼ бөлүгүнөн көбүрөөгү кайсы мамлекетке таандык болгон? (Англия)
- XX к. башында Европа өлкөлөрүнөн массалык миграция кайсы өлкөгө багытталган? (1800-1914-жж. аралыгында 50 млн адам, анын ичинен 35 млн АКШга)
- «Курак империя» деген аталышка кайсы мамлекет аталган? (Австро-Венгрия)
- XIX к. аягы — XX к. башында кайсы колониялык өлкөлөрдө боштондук күрөштөрү жүргүзүлгөн? (Кытай, Иран, Түркия, Мексика)
- «Үчтүктөр» союзу кайсы жылы түзүлгөн? (1882-ж)
- «Үчтүктөр» союзунун баштапкы курамы? (Германия, Италия, Австро-Венгрия)
- 1907-жылы түзүлүп, курамына Англия, Франция жана Россия империясы кирген согуштук союз кандай аталган? (Антанта)
- Биринчи дүйнөлүк согуш качан, кайда жана кайсы мамлекет тарабынан башталган? (1914-жылы Сербиянын борбору Белградды Германиянын аткылоосуна Россия империясынын падышасы Николай II армияны толук аракетке келтирүүгө буйрукка кол койгон. Буга жооп кылып Германия 1-августта Россия империясына согуш жарыялаган)
- Биринчи дүйнөлүк согуштун себеби? (Бөлүнгөн дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүү)
- Биринчи дүйнөлүк согуштун шылтоосу? (Австрия тагынын мурасчысы эрцгерцог Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү)
- Согушта Германиянын башкы максаты кандай болгон? (Англияны соодадагы жана деңиздеги кубаттуулугун жок кылуу, Азия менен Африкада колонияларга ээ болуу)
- Биринчи дүйнөлүк согушта келишимдик шарттарды чыкканчылык менен бузуп, «Үчтүктөрдөн» «Антантага» өтүп кеткен мамлекет кайсы? (Италия)
- Биринчи дүйнөлүк согушка эң акыркы кирген өлкө? (АКШ 1917-жылы 6-апрелде)
- «Төрттүктөрдүн» курамы? (Германия, Австро-Венгрия, Болгария, Түркия)
- Биринчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында кайсы империялар кыйраган? (Россия, Германия, Австро-Венгрия жана Осмон)
- 1917-жылы Россия империясынын ордунда түзүлгөн Совет мамлекетин кулатуу максатында 1918-жылы мартта Архангельскиге жана Мурманскиге кайсы өлкөлөрдүн интервенциялык аракеттеринин натыйжасында аскерлер түшүрүлгөн? (Англиялык, француздук жана америкалык)
- Россияга ачык интервенцияны уюштуруу идеясынын демилгечиси? (У. Черчилль)
- Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы кайсы конференцияларда чыгарылган? (Версаль жана Вашингтон)
Нуржан Бокошева, Ысык-Көл району, Нурдөөлөт ата мектебинин тарых мугалими
Комментарийлер