УЗУНДУК БИРДИКТЕРИ
- 05.04.2025
- 0

5Е методикасы
(Математика, 5-класс)
Сабактын максаты:
а) Кол манжаларын пайдаланып, узундук өлчөмдөрүн эске сактоону билишет;
Кыргыздар колдонуп жүргөн узундук бирдиктеринин аталышы боюнча маалымат алышат.
б) Окуучулар жекече жана топ менен иштөөдө өз оюн жактоону үйрөнүшөт жана далилдеп, тыянак чыгарышат.
в) Узундукту өлчөөнүн ар кыл бирдиктерин пайдаланып, практикалык ченөөгө, математикалык каражаттар менен реалдуу турмуштагы процесстерди салыштырып, айкалыштырып, анализ жүргүзүп иштей алышат.
Көрсөткүчтөрү:
а) Кыргыздар колдонуп жүргөн узундук бирдиктерин пайдаланып, берилген мисалдарды чыгара алышса, колдун манжаларынын жардамында узундук бирдиктерин майдалоого жана ирилетүүнү эске сакташса.
б) Кол манжаларын пайдаланып, берилген мисалдарды чыгара билсе, чыгаруу жолдорун сунушташса.
в) Топ менен иштей алышса, өз ойлорун эркин айтышса, кемчиликтердин үстүндө иштөөгө үйрөнүшсө.
Сабактын жабдылышы:
Ноутбук, проектор, панель доска, баалоо баракчалары, түстүү барактар, сызгыч, метр лентасы, секундомер, окуу китеби.
Сабактын усулу: 5Е модели, баалоо дөңгөлөгү, “чынжырча үзүлбөсүн” усулу.
Сабактын тиби:
Жаңы билимдерди өздөштүрүү.
Баалоо критерийлери: Тарбия дөңгөлөгү усулу боюнча баалоо.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу:
а) Классты топко бөлүп алуу: (түстүү баракчалар менен)
б) — Саламдашуу.
Мугалим: Арыбагыла, менин сүйүктүү окуучуларым!
Окуучулар: Бар болуңуз, эжеке!
— Жагымдуу маанай түзүү.
— Алтын эрежени кабыл алуу.
- Кеңешип кескен бармак оорубайт. 2. Беш манжа бөлөк, билек бир. 3. Билбегенин сураган, билимдүүнүн иши.
Окуучулар макалдарды чечмелешет.
Кызыктыруу:
Окуучулар ак баракка оң колунун манжаларын тартышып, сызгыч менен бармактын узунан чыпалактын учуна чейинки аралык канча сантиметр экендигин жана кыргызча манжалардын аталышын жазышат.
Изилдөө: г) 125 м 22 см=_____см
а) 1 дм= ___ мм д) 10 км 15 м=_____м
б) 5 дм 2 см 9 мм=____мм  е) 2 км 192 м=______м
в) 13 м 5 дм=____см
Кол манжаларын пайдаланып, тиешелүү санды жазуу тапшырмасын берет.
Түшүндүрүү:
Окуучуларга кыргыздар колдонуп жүргөн узундук чен бирдиктеринин аталышы боюнча түшүнүк берилет (слайддын QR коду көрсөтүлгөн).
Өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү:
Мугалим 4 топко бирден маселе берип, топтогу окуучулар берилген ватманга топ менен биргеликте иштешет. Ар бир топтон бирден секундомер, топ башчы шайлап алуу сунушун айтат.
1-топко 3-топко
2 сөөм=___ см 1 чакырым =___м
Чыканак=___ мм 3 кадам=____см
1 карыш=___ дм 2 кулач=____м
2-топ 4-топ
1 кулач= ___ см 4 эли=_____см
2 кадам=___ мм сөөм=_____мм
4 эли=___ дм 2 чакырым=____км
Топтогу окуучулар ватманга тапшырмаларды жазып, топ менен иштешет. Ар бир топ спикер, катчы, секундомер шайлап алышат. Окуучулар слайдда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча мисалдарды чыгарышат.
Өзү-өзү баалоо: “Тарбия дөнгөлөгү” баалоо критерийинин негизинде баалоо баракчасына шкала коюшат, ийиндештери менен биргеликте бүгүнкү сабакта алган бааларын билишет.
Сабакты жыйынтыктоо: «Чынжырча үзүлбөсүн” усулу менен окуучулар бири-биринин алакандарын кармап, узундук чен бирдиктери боюнча бирден мисал айтуу тапшырмасын аткаруу менен сабак жыйынтыкталат.
Үй тапшырма берүү: №359
Колдонулган булактар жана шилтемелер:
Айнагүл ТАБАЛДЫЕВА, М.Ботобеков атындагы орто мектебинин информатика жаа математика мугалими
Комментарийлер