Ууру үкү

  • 13.07.2026
  • 0
Ууру үкү

Сабактын тиби: Жаңы  билимдерди ѳздѳштүрүү  сабагы.

Сабактын жабдылышы: сүрѳттѳр , китеп,  таблицалар, аудио, видео

Сабактын  усулу: жупта  иштѳѳ, топтордо,  комментарийлеп  окуу, эвристикалык  метод

Сабактын  формасы:  аралаш  сабак

Билим  берүүчүлүк: Жомоктун мазмуну  менен  таанышышат. Окуганын айтып бере алат. Жомоктун негизги оюн жана темасын аныкташат.

Ѳнүктүрүүчүлүк максатыШар туура окууга кѳнүгүшѳт. Топтордо иштѳѳ кѳндүмдѳрү ѳсѳт. Ѳз оюн эркин  айтууга машыгышат. Жеке пикирин билдирүүгѳ кѳнүгүшѳт. Чыгармачыл жѳндѳмү калыптанат жана талдоо жүргүзүүгѳ кѳнүгүшѳт.

Тарбиялык максаты: Кыргыз тилин туура сүйлѳѳгѳ тарбиялоо

Кѳрсѳткүчтѳр:

  •  Жомокту кѳркѳм окууменен  мазмунун түшүнүп,чыгарманы иреттүү тизмектеп  ѳз оюн эркин  айтып  бере алса Жомокту турмуш менен байланыштыра  алса. Жомоктогу негизги ойду кѳрсѳтѳ алса.
  • Кабыл алуусун эске сактоосун  ѳнүктүрѳ алса. Жомоктун маанисин түшүндүрүп бере алса. Жомоктон 2-3 турмуштук окшоштуктарды жана айырмачылыктарды айта алса.
  • Туура  сүйлѳѳгѳ эне тилин сүйүүгѳ окуянын негизинде ѳзүн алып жүрүүгѳ тарбияланышса.

Сабактын жүрүшү

1 .Саламдашам. Жагымдуу маанай  түзѳм.

Эрте  туруп үйүмдѳн, сабагымдан кечикпейм.

Тартип бузуп себепсиз, чуркап кирбейм эшиктен.

Суроо берсе  эжейим  кол көтөрүп  жооп берем.

Түз отуруп  класста, түз коемун колумду. Ар нерсеге алаксып, бурмалабайм оюмду.

Окуучуларды  топторго бѳлѳрдүн  алдында  эки баканын  окуясын  айтып  беремин.

Эки баканын  окуясын  айтып  берүү  менен  окуучулардын  бүгүнкү  максаттарын  сураймын. Канаттуулардын  сүрѳттѳрүн  кѳрсѳтѳмүн.

2.Сабактын максаттары менен окуучуларды тааныштырамын. Жагымдуу  маанай түзүшѳт. Сабактын  максаттары  менен таанышышат. Сабакта  эмне жѳнүндѳ сѳз болорун  билишет. Ошол  себептен  топторго  бѳлүнүшѳт. Ѳзүлѳрүнүн максаттарын  айтып  топторго  бѳлүнүшѳт.

1-топ — «Биз  аракетчилбиз»

2-топ — «Биз  окуганды  түшүнѳбүз»

3-топ — «Биз изденебиз»

4-топ — «Биз түшүнѳбүз»

5-топ — «Биз күчтүүбүз»

Билимдерин  актуалдаштыруу: Ѳтүлгѳн темаларды кайталоо: Суроолорду берүү менен  үй тапшырмасын жыйынтыктайбыз. Тартышкан  сүрѳттѳрү  жана  жазган аңгемелери боюнча сүйлѳп беришет.

Жаңы теманы тушүндүрүү:

Мугалим: Ачкыч  сѳздѳрдү  доскага жазып  беремин. Андан  сырткары  топторго  да  таратып  беремин. Алардын  маанисин  түшүндүрѳм. Ушул сѳздѳрдү катыштырып  жомок   түзүп  кѳргүлѳчү. Ѳзүлѳрү түзгѳн  окуя  менен  чыгармадагы  окуяны  салыштырышат. Окшош  жактары  бар  бекен  салыштырышат.

Китеп  менен  иштѳѳ. Жомокту  ар  бир  топ  абзац  боюнча  бѳлүп окушат. Түшүнүгүн  айтат. «Ооба»  жана «Жок»  деген  оюн  ойнойбуз. Мисалы: Үкү жакшы  каарман. Коён  жаман  каарман. Күн  жаман  каарман. Бѳжѳк  жаман  каарман. Каармандардын  мүнѳздѳрү  боюнча  класстер  түзүшѳт.

Окуучулар: Чыгармачыл  тапшырмаларды  аткарышат. Сүрѳт  тартып,  жомок  жазышат. Аудиодон жомокту  угушат. Окшош  жактарын  салыштырышат. Калганын  ѳзүлѳрү окушат. Ѳздѳрү  түзгѳн окуяга  окшошторун  айтышат. Китеп  менен  иштешет, берилген  суроолорго  жооп  беришет. Оюн  ойнойбуз. Оюндун  негизинде  класстер  түзүп  аны  жакташат.

Тыныгуу: Нейрогимнастика «Коёнек». Кѳнүгүүлѳрдү жасашат.

Сабакты бышыктоо: Ар  бир  топ  ѳздѳрүнѳ  бѳлүнгѳн  ролдоруна  ылайык далилдерди  тексттен  таап  «Сахналашуу  кѳрүнүшүнѳ»  катышат.

Жыйынтыктоо: Чыгармадагы  окуялардан  алган   таасирлерин  айтып  беришет.

Үй тапшырма берүү. Баалоо Критерийлер аркылуу  баалаймын. Упайлардын  жыйынтыгы  менен  баа  коюшат.

Мазмундук  тилкелер.

  1. Кеп  жана  баарлашуу.
  2. Тил  системасынын  элементтери.
  3. Баштапкы  адабий  билим  берүү.

Ууру үкүДүйшөбаева Гүлжан, Бишкек шаарынын №21 ЖОББ мектебинин

башталгыч класынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер