УЛУУДАН БАТА АЛУУДАГЫ ЖАНА АГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮДӨГҮ НАРКТУУЛУК
- 12.06.2026
- 0

9-класс, тарбия саат
“Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” деген макалдын мааниси, андагы оң энергетика бата сөздөрүнүн мааниси, адамдын маанайын көтөрүүгө эмоциясын тазартууга, оң мотивация бекемдөө.берүүгө жана ден соолугуна таасири, улууга жардам берүү, жол берүү, салам айтуу, көңүлүн суроо, акыбалын билүү, ооруса көмөк көрсөтүү, алардын ыраазычылыгын алуу жана ыраазычылык айтуу (“ата-энелер балдарын карап картаят, балдар ата-энелерин карап чоңоёт”) түшүнүктөрүн бекемдөө. Кыргыздын бата берүүсү, алардын түрлөрү, бата берүү нарктары, анын үлгүлөрү менен тааныштыруую Тилек айтуу, ыраазычылык билдирүү жана тост сүйлөөдөн батанын айырмасы, бата алуу, бата берүү, алардын мааниси.
Практикалык иш: Элдик баталарды талдоо, бата алуу, ыраазылык билдирүү боюнча сценкалар, талкуулар, ойлор, пикирлер, презентациялар, дилбаян, эсселер ж.б.
Максаты: Окуучуларга улууну урматтоо, бата алуунун мааниси жана ыраазычылык билдирүүнүн маданияты тууралуу түшүнүк берүү.
Милдеттери:
- Батанын маанисин түшүндүрүү
- Улууларга болгон урмат-сыйды калыптандыруу
- Ыраазычылык билдирүүнүн маанисин жеткирүү
- Улуттук нарктарга болгон сый-урматты арттыруу
Керектелүүчү материалдар:
- Бата сөздөр жазылган карточкалар
- Сүрөттөр (ак сакал ата, үй-бүлө, бата берүү учуру)
- Видео (эгер мүмкүн болсо)
- Доска, маркер
Сабактын жүрүшү:
I. Уюштуруу бөлүгү (2-3 мин):
- Саламдашуу
- Окуучулардын көңүлүн буруу
- Теманы жарыялоо
II. Киришүү сөз (мугалим):
Кыргыз элинде улууну урматтоо – эң чоң нарк. Ошол урматтын бир белгиси – улуудан бата алуу. Бата – бул жакшы тилек, ак ниет, жашоого багыт берген сөз. Ал эми ыраазычылык билдирүү – адамдын маданиятын, тарбиясын көрсөтөт.
III. Негизги бөлүк:
а) Түшүндүрүү:
Бата деген эмне?
Бата – бул улуу адамдардын ак тилеги, дубасы. Ал адамга күч-кубат, ийгилик алып келет деп ишенишет.
Бата алуунун нарктуулуктары:
- Улууларды урматтоо
- Жөнөкөйлүк, кичипейилдик
- Ак батаны кабыл алуу
- Жакшы тилекке ишенүү
Ыраазычылык билдирүү деген эмне?
Бул – жасалган жакшылыкка «рахмат» айтып, аны баалай билүү.
Ыраазычылык билдирүүнүн нарктуулуктары:
- Сылыктык
- Кичипейилдик
- Жакшылыкты баалоо
- Ыймандуулук
Окуучулардын жообу:
- Сылыктык– бул адамдын башкаларга болгон сый-урмат менен, адептүү жана жумшак мамиле кылуусу. Сылык адам ар дайым сөзүн ойлоп сүйлөйт, башкаларды таарынтпоого аракет кылат жана коомдо өзүн маданияттуу алып жүрөт.
Сылыктык төмөнкү сапаттарды камтыйт:
- Саламдашуу жана коштошуу адеби(салам берүү, рахмат айтуу)
- Жумшак сүйлөө, орой сөздөрдү колдонбоо
- Улууларды урматтоо, кичүүлөргө кам көрүү
- Кезек сактоо, башкалардын оюн угуу
- Жардам берүүгө даяр болуу
Кыскача айтканда, сылыктык – бул адамдын ички маданиятынын жана тарбиясынын көрүнүшү.
- Кичипейилдик– бул адамдын өзүн жогору койбой, жөнөкөй, токтоо жана башкаларды сыйлап жашоосу. Кичипейил адам мактанбайт, өзүнүн жетишкендиктерин көтөрө чаппайт жана ар дайым башкаларга жылуу мамиле кылат.
Кичипейилдиктин белгилери:
- Жөнөкөйлүк– ашыкча мактанбоо
- Сый-урмат– ар бир адамды тең көрүү
- Угуу билүү– башкалардын оюн бөлбөй угуу
- Кечиримдүүлүк– кек сактабоо
- Жардамчылдык– мүмкүнчүлүк болсо жардам берүү
Кыскача айтканда, кичипейилдик – бул адамдын жүрөгүнүн тазалыгын жана акылдуулугун көрсөтөт.
- Жакшылыкты баалоо– бул адамга жасалган жакшылыкты
унутпай, аны түшүнүп, ыраазычылык менен кабыл алуу. Башкача айтканда, кимдир бирөө жардам берсе же жакшы мамиле кылса, аны кадимки нерсе катары көрбөй, барктап, «рахмат» айта билүү.
Жакшылыкты баалоонун белгилери:
- Ыраазычылык билдирүү(рахмат айтуу)
- Жакшылыкты унутпоо
- Жооп кайтаруу(мүмкүнчүлүк болгондо жакшылык менен жооп берүү)
- Адамдарды сыйлоо жана барктоо
- Кыскача айтканда, жакшылыкты баалаган адам – өзү да башкаларга жакшылык кылган, жүрөгү таза адам болот.
- Ыймандуулук– бул адамдын жакшылыкка умтулуусу, адеп-ахлакка бекем болушу жана туура, таза жол менен жашоосу. Ыймандуу адам жаман иштерден алыс болуп, ар дайым акыйкаттыкты, чынчылдыкты жана боорукерликти карманат.
Ыймандуулуктун белгилери:
- Чынчылдык– калп айтпоо
- Адилеттүүлүк– туура чечим кабыл алуу
- Боорукерлик– башкаларга кайрымдуу болуу
- Улууну урматтап, кичүүнү сыйлоо
- Жаман адаттардан алыс болуу
Кыскача айтканда, ыймандуулук – бул адамдын ички дүйнөсүнүн тазалыгы жана жакшы сапаттарынын жыйындысы.
б) Талкуу суроолору:
- Сиз акыркы жолу качан бата алдыңыз?
- Батанын адамга кандай таасири бар деп ойлойсуз?
- Ыраазычылык билдирүү эмне үчүн маанилүү?
- «Рахмат» айтуунун мааниси кандай?
г) Практикалык бөлүк:
- Окуучулар бири-бирине жакшы каалоо (бата сыяктуу) айтышат
- «Рахмат айтуунун» туура формаларын көрсөтүшөт
д) Макал-лакаптар:
- «Бата менен эл көгөрөт»
- «Улууну сыйлаган – өзү сый көрөт»
- «Ыраазычылык – адамдын көркү»
е) Кыска сахналык көрүнүш:
Сюжет:
Бир окуучу улуудан бата алып, рахмат айтат.
Экинчи окуучу кайдыгер мамиле кылат.
→ Кайсысы туура? Эмне үчүн?
- Жыйынтык:
- Бата –бул руханий байлык
- Ыраазычылык –адамдын маданияты
- Улууну урматтоо –кыргыз элинин улуу салты
- Баалоо:
- Активдүү окуучуларды мактоо
- Ойлорун угуу
- Үй тапшырма: «Мен алган бата» деген темада чакан эссе жазуу.
Алымбаева Бермет Бекешовна, КББАнын Тарбия жана социалдаштыруу
Лабораториясынын башчысы
Комментарийлер