ШКУ: ЧОЛПОН-АТАДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЛАГЕРИ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ

  • 06.07.2026
  • 0

6-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн уюштурулган Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин (SCO Young Scientists Camp 2026) расмий ачылыш аземи өттү.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган эл аралык иш-чарага Кытай, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген жаш окумуштуулар, окуучулар, профессорлор, илимий жетекчилер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Жээнбаев катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев өз сөзүндө мындай эл аралык аянтчалар жаш окумуштуулардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, биргелешкен илимий долбоорлордун жаралышына жана элдердин достугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.ШКУ: ЧОЛПОН-АТАДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЛАГЕРИ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ«Бүгүн мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жаратылыш ресурстары менен эмес, адам капиталынын сапаты, билим деңгээли, инновациялык мүмкүнчүлүгү жана илимий потенциалы менен аныкталат», — деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов бул лагердин Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатышынын тарыхый маанисине токтолуп, анын жаш окумуштуулардын кызматташтыгын кеңейтүүгө жана жаңы илимий демилгелерди колдоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.ШКУ: ЧОЛПОН-АТАДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЛАГЕРИ РАСМИЙ АЧЫЛДЫЭл аралык лагердин алкагында катышуучулар экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Биргелешкен иштердин жыйынтыгында 14 илимий макала даярдалып, алар ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын илимий кызматташтыгынын жыйынтыгы катары жарыяланмакчы.

Белгилей кетсек, SCO Young Scientists Camp 2026 жаш окумуштуулардын билим жана тажрыйба алмашуусуна, эл аралык илимий байланыштарды чыңдоого жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер