Улуу Жибек жолу жана Кыргызстан

  • 10.07.2026
  • 0
Улуу Жибек жолу жана Кыргызстан

6-класс, тарых

Сабактын максаты:

Когнитивдик (билим берүүчүлүк):
Окуучулар Улуу Жибек жолунун Кыргызстан аркылуу өткөн негизги үч багытын картадан туура көрсөтө алышат. Жибек жолунун орто кылымдардагы Кыргызстандын экономикасына жана маданиятына тийгизген таасирин мисалдар аркылуу негиздеп түшүндүрө алышат.

Социалдык-коммуникативдик (өнүктүрүүчүлүк):
Топтук жана жекече иштерде кызматташууга, бири-бирин кунт коюп угууга жана өз ойлорун жүйөлүү билдирүүгө үйрөнүшөт. Тарыхый маалыматтарды талдап, өз алдынча жыйынтык чыгарып, аны класстын алдында так жана аргументтүү коргой алышат.

Аффективдик (тарбиялык):
Өз өлкөсүнүн тарыхый-маданий мурастарына сыймыктануу жана аларды сактоо жоопкерчилиги калыптанат. Топ менен иштөөдө убакытты туура пайдаланууга, жоопкерчиликтүү болууга жана башкалардын пикирине урмат-сый менен мамиле кылууга тарбияланышат.

Предметтик компетенттүүлүктөр

Хронологиялык жана картографиялык компетенттүүлүк:
Негизги тарыхый окуяларды белгилүү мезгилдерге туура шайкеш келтирет. Тарыхый картанын негизинде окуяларды талдап, түшүндүрмө бере алат.

Тарыхый-цивилизациялык компетенттүүлүк:
Цивилизацияларды туруктуу тарыхый жана маданий системалар катары түшүнөт. Ар түрдүү доорлордогу маданий жана социалдык системалардын өзгөчөлүктөрүн талдай алат.

Тарыхый-маданий компетенттүүлүк:
Ар кандай тарыхый мезгилдердеги социалдык ченемдердин, ишенимдердин жана баалуулуктардын өзгөрүшүн түшүнөт. Кыргыз маданиятынын Евразия цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымын аныктай алат.

Сабактын тиби. Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы. Изилдөө жана талкуу сабагы.

Сабактын методдору: «Тарыхый баштык» ыкмасы; топтордо иштөө; «INSERT» стратегиясы.

Предмет аралык байланыштар: 

  • География: Кытайдан Римге чейинки өлкөлөр, Улуу Жибек жолунун картасы жана Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн түндүк жана түштүк багыттары.
  • Экономика: Эл аралык соода, товар алмашуу жана алгачкы экономикалык байланыштар.
  • Диндердин тарыхы: Улуу Жибек жолу аркылуу дүйнөлүк диндердин жайылышы.
  • Искусство жана маданият: Улуу Жибек жолу соода жолу гана болбостон, маданияттардын, технологиялардын жана искусствонун алмашуу жолу болгондугу.

Сабакка керектелүүчү ресурстар: Тыт дарагынын жалбырактары, пилла, жасалма жибек курту, жибек кездеме, жибек жиптери, баштыкчалар, чай, туз, кориандр, зер буюмдар (шуру, шакек, сөйкө), фарфор идиш, айнек идиш, жүн, баалуу таштар (лазурит), карапа буюмдары, күрөк, щетка, сүрөттөр, карта, ватман, түстүү маркерлер (же түстүү карандаштар), окуу китеби жана башка көрсөтмө куралдар.

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу жана кызыктыруу (1–5-мүнөт)
    Мугалим окуучулар менен кербен башчынын образындасаламдашат. «Тарыхый баштык» ыкмасын колдонуп, баштыктагы буюмдарды көрсөтүү аркылуу окуучулардын кызыгуусун ойготуп, аларды талкууга тартат. Окуучулар мугалим менен саламдашып, баштыктагы буюмдардын аталышын жана алардын жаңы тема менен байланышын аныктоого аракет кылышат.
  2. Үй тапшырмасын текшерүү (6–8-мүнөт)
    Мугалим мурдагы тема боюнча көрсөтмө материалдарды колдонуп, оозеки суроолорду берет. Окуучулар суроолорго жооп берип, мурунку билимдерин эске түшүрүшөт.
  3. Жаңы теманы өздөштүрүү (9–10-мүнөт)
    Мугалим окуучулардан жаңы тема боюнча эмнелерди билгиси келерин сурап, сабактын максаттарын жарыялайт жана тема боюнча негизги маалыматтарды түшүндүрөт. Окуучулар өздөрүнүн кызыккан суроолорун айтып, жаңы маалымат менен таанышышат.
  4. Топторго бөлүү (11–12-мүнөт)
    Мугалим окуучуларды топторго бөлүп, ар бир топтун милдетин жана аткара турган тапшырмаларын түшүндүрөт. Окуучулар тапшырмалар менен таанышып, ишке даярданышат.
  5. Топтордун иши (13–17-мүнөт)
    Мугалим ар бир топтун ишине багыт берип, аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзөт жана убакытты жөнгө салат. Окуучулар берилген тапшырмаларды биргелешип аткарып, өз ойлорун талкуулашат.
  6. Тапшырмаларды презентациялоо (18–23-мүнөт)
    Мугалим топтордун иштерин угуп, зарыл учурда кошумча суроолорду берет жана жоопторду толуктайт. Ар бир топтун өкүлү аткарылган тапшырманын жыйынтыгын класска сунуштап, түшүндүрмө берет.
  7. «INSERT» стратегиясы аркылуу бышыктоо (24–28-мүнөт)
    Мугалим окуучуларга тексттерди таратып, «INSERT» стратегиясынын аткарылыш тартибин түшүндүрөт. Белгиленген убакыттан кийин окуучулардын иштерин талкуулайт. Окуучулар текстти окуп, тиешелүү белгилерди (✓, +, –, ?) коюп, өз жыйынтыктарын класста талкуулашат.
  8. Жыйынтыктоо жана баалоо (29–33-мүнөт)
    Мугалим сабактын максаттарына кайра кайрылып, негизги ойлорду жыйынтыктайт жана окуучулардын ишмердүүлүгүн калыптандыруучу жана суммативдик баалоо аркылуу баалайт. Окуучулар суроолорго жооп берип, өздөрүнүн жана топторунун ишине баа беришет.
  9. Үй тапшырмасы (34–35-мүнөт)
    Мугалим төмөнкү тапшырмаларды берет:

Улуу Жибек жолунун картасынын макетин даярдоо;

«INSERT» стратегиясынын жүрүшүндө жаралган суроолор боюнча кошумча маалымат издөө;

«Мен кербенчи болсом…» деген темада кыскача чыгармачыл текст жазуу.

Окуучулар үй тапшырмасын күндөлүктөрүнө жазып алып, керек болсо тактоочу суроолорду беришет.

Эркебай кызы Кылымбү

Бөлүшүү

Комментарийлер