«Улуу көчтү улаган, уюткулуу уңгу журт» аттуу адабий-музыкалык кече
- 09.10.2026
- 0
Өтүлүүчү жер: спорт аянтчасы
Иш-чаранын ачылышы
Ала-Тоого желбиретип тургузган,
Ай-ааламга нур чачырап туубуздан.
Солкулдатып жан дүйнөмдү күнү-түн,
Согуп турат жүрөгүмдө Кыргызстан.
«Кыргыз көчү» күүсү жаңырып турат. Алыстан кыздардын улуу көчүн элестеткен көч келет (аттарга, төөлөргө жүк жүктөлүп).
Алып баруучу: Саламатсыздарбы, урматтуу кеченин катышуучулары жана кадырлуу коноктор!
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолунда белгиленген багыттарды турмушка ашыруу, улуттук аң-сезимди, маданий мурастарды, руханий баалуулуктарды жана илим-билимди даңазалоо максатында «Улуу көчтү улаган, уюткулуу уңгу журт» аттуу адабий-музыкалык кечени уюштуруп отурабыз.
100 жылдан ашык тарыхы бар улуу элибиз кылымдан кылымга өмүр сүрүп, тукумун улап, урпагын жоготпой келе жатат. Башынан эчендеген кыйын кезеңдер өткөнүнө карабастан, жаманга майышпай, душманга кайышпай, өзүнүн биримдиктеги күчүн жана акылмандыгын далилдеп келген. Тарыхта жерибиздин кооздугуна көз артпагандар болгон эмес. Асман тиреген тоолору, жайкалган жашыл жайыттары менен кыргыз жери көз жоосун алган.
Душмандан элибизди, жерибизди коргойбуз деп, согушта кан-жанын аябай кармашкан ата-бабаларыбыз жерибизди бизге мурас кылып калтырган. Эр жигиттер намыска бек, кыраан болушкан. Энелерибиз чыйрак, кыздарыбыз ийкемдүү, улууларыбыз акылман, кичүүлөрүбүз ызааттуу болушкан. Кыргыз элинин салттарын бекем сактап, аны аздектеп, урматтап келишкен.
Кыргыз эли дүйнөдөгү байыркы элдердин бири. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою өз жерин, тилин жана салтын сактап келген. Эл катары биз көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирсек да, тамырыбыз терең болгондуктан, кыргыз эли бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн өзгөчөлүгүн жоготпой жашап келет. Кыргыз элинин түптүүлүгү анын тарыхынан, маданиятынан жана каада-салттарынан көрүнөт. Кыргыздардын тарыхы миңдеген жылдарга созулат. Археологиялык табылгалар, уламыштар жана «Манас» эпосу биздин эл байыркы замандардан бери эле жогорку маданий деңгээлге ээ болгонун айгинелейт.
«Манас» эпосу — кыргыз элинин улуттук сыймыгы. Ал элдин эрдигин, мекенчилдигин жана биримдигин чагылдырат. Манастын образы ар бир кыргыздын жүрөгүндө элдин күчүнүн жана намысынын белгиси катары жашайт. Кыргыз элинин каада-салттары жана үрп-адаттары да өзгөчө орунда турат. Ар бир салттын тарбиялык мааниси бар. Мисалы, конок тосуу, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, жардамга муктаж адамды колдоо — булардын баары кыргыз элинин мүнөзүн көрсөтөт. Элибиз жаратылыш менен тыгыз байланышта жашап келген. Тоо, суу, жайлоо, жыл мезгилдери кыргыздын турмушунда чоң мааниге ээ. Кыргыз элинин тамыры терең, маданияты бай, салттары ыйык. Биз ошол баалуулуктарды сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Өз тарыхын билген, ата-бабасын урматтаган эл гана келечекке ишеним менен бара алат.
Бата берүү
Алып баруучу: Элибиздин жакшы салттарынын бири — ак бата. Бата берүү үчүн сөздү Айтмамат агайга беребиз.
Айтмамат агайдын батасы:
Жолдорубуз ак болсун,
Тапканыбыз бак болсун.
Жегенибиз таттуу болсун,
Ар күнүбүз шаттуу болсун.
Баштыгыбызда акча болсун,
Айланабызда бакча болсун.
Акылга толо ой болсун,
Үй-бүлөбүздө той болсун.
Уул-кызыбыз көп болсун,
Айткан сөзүбүз төп болсун.
Жумушубуз өйдөлөй берсин,
Берекебиз төрлөй берсин.
Ниетибиз кардай болсун,
Пейилибиз тоодой болсун.
Элде тынчтык, заман болсун,
Бар мусулман аман болсун!
Конушубуз жайлуу болсун!
Куттуктоо сөздөрү
Иш-чарабызды улантуу менен куттуктоо сөзүн берүү үчүн мектеп директору А. А. Оморовго сөз беребиз. (Келген конокторго сөз берилет.)
Түндүк көтөрүү
Алып баруучу: Кыргыз эли байыртадан көчмөн жашоо образын кечирип, боз үйдү өзүнүн негизги турак жайы катары колдонуп келген. Боз үйдүн ар бир бөлүгү — кыргыздын руханий дүйнөсүнүн, ишениминин жана жашоо философиясынын белгиси. Алардын ичинен түндүк өзгөчө ыйык орунду ээлейт.
Түндүк көтөрүү — көчмөн кыргыз элинин ыйык ырым-жырымдарынын бири. Үйдүн түндүгүн көтөрүү жаңы жашоонун, жаңы үй-бүлөнүн, жаңы башталыштын белгиси катары эсептелет. Түндүктүн тегерек формасы күндүн жана тынчтыктын символу. Ал үйгө жарык жана жылуулук берет. Ошондуктан кыргыздар «Түндүгүң көтөрүлсүн!» деп бата беришет. Бул сөз адамдын жашоосу узун, үй-бүлөсү бекем, турмушу берекелүү болсун деген жакшы каалоону билдирет.
Жаңы боз үй тигилгенде түндүктү көтөрүү ишин көбүнчө улуу, кадырлуу адам аткарган. Ал бата берип, «Үйүңүз берекелүү болсун, түндүгүңүз бийик болсун!» деген жакшы тилегин билдирген. Бул учурда эл чогулуп, ак батасын айтып, ырыскы тилейт.
Түндүк кыргыз элинин улуттук символуна да айланган. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинде чагылдырылган. Түндүк ата-бабаларыбыздын руханий дүйнөсүн жана көчмөн элдин маданиятын айгинелейт.
Түндүк көтөрүү — жөн гана боз үй тигүү эмес, ата-бабалардан калган ыйык каада. Ал кыргыз элинин көчмөн турмушун, ынтымагын жана жашоого болгон урмат-сыйын көрсөтөт. Ошондуктан биз бул салтты урматтап, кийинки муундарга мурас катары өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.
(Конушка бата берилет. Нурдөөлөт жана Зуура.)
Бата: Айланайындар, бүгүн ак өргөбүздүн түндүгүн көтөрүп жатабыз.
Түндүгүң бийик болсун,
Керегең кенен жайылсын.
Өрүшүң жайык болсун.
Ак өргөөң ак жолтой болсун, айланайындар!
Эшигиңдин алдынан эл кетпесин,
Мамыдан ат кетпесин.
Ушул боз үйдүн ичинде
Келин алып, кыз бер!
Улуттук оюндар
Алып баруучу: Түндүк көтөрүлүп, ак бата берилди. Эми ата-бабаларыбыздан калган улуттук оюндарга кезек берели.
Улуттук оюндар — элибиздин тарыхын, дүйнө таанымын, тапкычтыгын, шамдагайлыгын жана биримдигин чагылдырган баалуу мурас. Бүгүнкү иш-чарада төмөнкү улуттук оюндар менен таанышабыз:
- Тогуз коргоол оюну — Абдыкерим агай.
- Ордо оюну — Манаң агай.
- Топ таш оюну — Зуура.
(Улуттук оюндардын ойнолуу эрежелери түшүндүрүлүп, көрсөтүлөт.)
Комуз күүсү — «Боз жорго»
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз.
Опоңой көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.
Анда эмесе, Кыргызбаева Мээримай «Боз жорго» аттуу күүсүн тартуулайт.
Манас айтуу
Айкөл Манас — айтса бүтпөс мурасым,
Карт тарыхым, кан дүргүтүп турасың.
Ала-Тоону ыйык туткан кыргызым,
Айкөл шердин уюп жаткан уясың.
(9-класстын окуучусу Маматиминов Бекибай Манас айтат.)
«Улуу көч» бийи
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер бий менен.
Кызыкты бул таппайсың,
Кыдырсаң да дүйнөдөн.
(Кыздардын аткаруусунда «Улуу көч» бийи.)
Көркөм окуу
Ак мөңгүсү ааламдан тынчтык тиреп,
Ак чокулар даңкайып асман тиреп.
Ала-Тоодой апапак ак калпакты,
Ак тилектүү, ак пейил кыргыз кийет.
(Маматиминов Б., Каныбекова Б., Шакирова Ж. көркөм окуу аткарышат.)
«Кыргыз жери» ыры
Кыргыз улут — кичи пейил улуттардан,
Өз каадасын, өз тарыхын унутпаган.
Манас бабам чыгып кыргыз калкымдан,
Чыңгызымдай каймактары калкыган.
(Аманкулова Акылайдын аткаруусунда «Кыргыз жери» ыры.)
Акыйнек айтышуу
Мен кыргызмын, кыргыз болуп төрөлгөм,
Элим кыргыз, жерим кыргыз — мен өскөн.
Каным кыргыз, жаным кыргыз болгон соң,
Жашап өтөм кыргыз бойдон дүйнөдөн.
Акыйнек ырын ырдашуу —
Абайлап кыргыз салты экен.
Акыйнек ырын улантуу —
Атабыз кыргыз наркы экен.
(5–6-класстын кыздарынын акыйнек айтышуусуна кезек берели.)
Жыйынтыктоо
Салтыбызды, наркыбызды бузбаган, төбөсү бийик ак калпактарыбызды, ак элечектерибизди күнгө жаркылдата кийип, Ала-Тообуздун көркүн чыгара, ак боз үйлөрүбүздө тынч, бейпил күндөрдү ыр-бий менен көңүлдүү өткөргөн күндөрүбүз көп болсун! Тынчтыкта өлкөбүз өсүп, кубаттуу Кыргызстаныбыздын кызыл туусу көккө желбиреп, өнүккөн, тарыхы бай өлкөлөрдүн катарын толуктап, өсүп-өнө берели!
Ушуну менен бүгүнкү «Улуу көчтү улаган, уюткулуу уңгу журт» аттуу адабий-музыкалык кечебиз соңуна келип жетти.
Кайрадан жарык жүз, жаркын маанайда көрүшкөнчө, сак-саламатта болуңуздар! Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолундагы багыттарды ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн «Улуу көчтү улаган, уюткулуу уңгу журт» аттуу адабий-музыкалык кеченин жүрүү тартиби:
- «Кыргыз көчү» күүсү жаңырып, улуу көчтү элестеткен көчтүн келиши.
- Бата берүү.
- Мектеп директоруна сөз берүү.
- Келген конокторго сөз берүү.
- Түндүк көтөрүү.
- Улуттук оюндар: тогуз коргоол, ордо, топ таш.
- «Боз жорго» аттуу күү.
- Манас айтуу.
- «Улуу көч» бийи.
- «Кыргыз жери» жеке номери.
- 5–6-класстын кыздарынын акыйнек айтышуусу.
- Жыйынтыктоо.