УЛУТТУК ТАМАК-АШТАР — ЭЛИБИЗДИН БЕРЕКЕСИ ЖАНА МУРАСЫ

  • 07.10.2026

Б.Т. Бейшенбаева,

 Кыргыз билим берүү академиясы,

                                                                       тарбия жана социалдаштыруу

                                                                лабораториясынын ага илимий

                            кызматкери

 

Класстык саат, 7-класс

Убактысы: 45 мүнөт

1.Окуучулар кыргыз элинин улуттук тамак-аштары, алардын жасалышы жана колдонулушу жөнүндө маалымат алышат.

  1. Өз оюн эркин айтууга, топто иштөөгө, салыштырууга жана чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө үйрөнүшөт.

3.Улуттук баалуулуктарды, ата-бабадан калган салтты, дасторкон маданиятын, улууларды сыйлоону жана меймандостукту баалоого тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Окуучулар:

— улуттук тамактардын түрлөрүн аташат;

— айрым тамактардын жасалышын түшүндүрүшөт;

— кайсы учурда колдонуларын билишет;

— дасторкондогу адеп-ахлак эрежелерин түшүнүшөт;

— улуттук тамак-аштарды сактоонун маанисин баалашат.

Сабактын жүрүшү

  1. Уюштуруу — 3 мүнөт

Мугалим:

— Арыбагыла, балдар! Бүгүнкү тарбиялык саатыбыз кыргыз элинин эң баалуу мурастарынын бири болгон улуттук тамак-аштарга арналмакчы.

— «Дасторкон» деген сөздү укканда эмнелерди элестетебиз?

Окуучулар жооп беришет:

нан, боорсок, бешбармак, кымыз, курут, чучук, каймак, сүзмө…

УЛУТТУК ТАМАК-АШТАР — ЭЛИБИЗДИН БЕРЕКЕСИ ЖАНА МУРАСЫ

Демек балдар,

«Дасторкон — үйдүн куту, тамак — элдин салты экенин мындан ары да тереңдеп билип жүрөлү.

  1. «Улуттук тамактарды тааны!» оюну — 5 мүнөт

Тактага тамактардын аттары жазылат же слайд аркылуу көрсөтсө да болот

Бешбармак, боорсок, куурдак, чучук, кымыз, курут, жарма, айран, каймак, сүзмө…

Окуучулар 4 топко бөлүнүшөт.

Ар бир топ бир тамакты тандап, төмөнкү үч суроого жооп беришет:

Кандай жасалат?

Кайсы учурда колдонулат?

Анын кандай өзгөчөлүгү бар?

Мисалы:

Боорсок — камыр жуурулуп, майга бышырылат. Күнүмдүк дасторкондо да, той-топурда да коюлат. Меймандын алдына чай менен берилет. УЛУТТУК ТАМАК-АШТАР — ЭЛИБИЗДИН БЕРЕКЕСИ ЖАНА МУРАСЫ

  1. «Тамактын жасалышын билебизби?» — 10 мүнөт

Ар бир топко бирден улуттук тамак берилет.

1-топ — Бешбармак

Курамы:

эт, камыр, пияз, сорпо, туз.

Жасалышы:

Эт бышырылып, камыр жука жайылып кесилет. Камыр бышкандан кийин табакка салынып, үстүнө тууралган эт жана пияз коюлат.

Колдонулушу:

Бешбармак көбүнчө тойлордо, аштарда, конок тосууда, үй-бүлөлүк чоң дасторкондо жасалат.

2-топ — Боорсок

Курамы:

ун, суу же сүт, ачыткы, туз, май.

Жасалышы:

Камыр жуурулуп, тыныктырылат. Андан соң жайылып, бөлүктөргө кесилип, ысык майга бышырылат.

Колдонулушу:

Боорсок күнүмдүк тамактанууда, майрамдарда, тойлордо, конок тосууда колдонулат.

3-топ — Курут

Жасалышы:

Айран уютулуп, сүзүлүп, коюуланат. Андан кийин туз кошулуп, тоголоктолуп, кургатылат.

Колдонулушу:

Курут узак убакыт сакталат. Жолдо алып жүрүүгө ыңгайлуу азык болуп саналат. УЛУТТУК ТАМАК-АШТАР — ЭЛИБИЗДИН БЕРЕКЕСИ ЖАНА МУРАСЫ

4-топ — Кымыз

Жасалышы:

Бээнин сүтү атайын идишке куюлуп, ачыткы кошулуп, белгилүү убакыт ачытып даярдалат.

Колдонулушу:

Кымыз өзгөчө жай мезгилинде даярдалып, конокторго сунушталат.

  1. «Кайсы учурда берилет?

Мугалим кырдаалдарды айтат.

  1. Үйгө кадырлуу конок келди.

— Кандай тамак даярдайбыз?

  1. Той болуп жатат.

— Дасторконго кандай улуттук тамактар коюлушу мүмкүн?

  1. Нооруз майрамы.

— Кандай улуттук тамактарды жасайбыз?

  1. Күнүмдүк үй-бүлөлүк дасторкон.

— Кандай тамактарды колдонобуз?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

  1. «Тамактын артында тарых бар» — 5 мүнөт

Мугалим:

Кыргыз тамактын артында салт, эмгек, меймандостук жана тарых жатат.

Бешбармак — сыйлуу конокко арналган тамактардын бири.

Боорсок — дасторкондун көркү, берекенин белгиси.

Кымыз — кыргыз элинин байыркы суусундуктарынын бири.

Курут — көчмөн турмушта узак сактоого ыңгайлуу болгон азык.

Чучук — өзгөчө сыйлуу дасторкондордо тартылган тамак.

  1. «Дасторкон маданияты» — 5 мүнөт

Окуучуларга суроо:

Дасторкондо кандай эрежелерди сактоо керек?

Жооптор:

— колду таза жууш;

— нанды сыйлоо;

— тамакты ысырап кылбоо;

— улууларды сыйлоо;

— тамакты тандап, чачпай жегендик,

— дасторкондо адептүү сүйлөшүү;

— келген конокко тамак сунуштоо;

— тамак берген адамга ыраазычылык билдирүү. Колуңузга береке, тамагыңыз даамуу болуптур.

Мугалим:

«Нан — ырыскы. Дасторкон — береке. Келген коноктун өз ырыскысы бар.

Кабагыбыз ачык болуп, келген конокту жайдары жүз менен көңүлдүү маанайда тосуп алып, сыпайы жол менен узатабыз.

Жыйынтык — 3 мүнөт

Мугалим:

— Балдар, бүгүн биз улуттук тамак-аштардын жасалышын гана эмес, алардын элдин тарыхы жана маданияты менен байланышканын да билдик.

«Улуттук тамакты сактоо — улуттук салтты сактоо.

Салтты сактоо — элибиздин тарыхын урматтоо».

Рефлексия

Окуучулар сүйлөмдү улантышат:

«Бүгүн мен билдим…»

«Мага кызыктуу болгону…»

«Мен үйдө…»

«Кыргыздын улуттук тамактары мен…»

Үй тапшырмасы:

«Менин үй-бүлөмдүн улуттук тамагы» деген темада бир тамактын курамын, жасалышын жана кайсы учурда даярдала турганын жазып келүү.

Кошумча: каалаган окуучу ошол тамактын сүрөтүн тартып же сүрөтүн алып келип, кийинки сабакта тааныштырат.

Бөлүшүү