Улут наркы — улуу тил
- 11.07.2026
- 0

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган сабак
9-класс (12 жылдык билим берүү)
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү жана баалуулуктарды калыптандыруу сабагы.
Колдонулуучу усулдар: Изилдөөчүлүк усул, кейс-стади, мээге чабуул, топтордо иштөө (STEM элементтери менен).
Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска (же слайддар), ватмандар, маркерлер, тил жөнүндө улуу инсандардын учкул сөздөрү жазылган карточкалар, видеоролик.
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк: Окуучулар эне тилди сактоо, анын кадыр-баркын көтөрүү, өнүктүрүү жана эне тилге болгон сүйүүнү арттыруу тууралуу кеңири маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Макал-лакаптарды, накыл сөздөрдү жана сөз берметтерин колдонуу аркылуу окуучулардын адептүү сүйлөө, сөзмөрлүк жана чечендик өнөрү өнүгөт.
Тарбиялык: Окуучулар эне тилин сүйүүгө, аны таза сактоого, улуттук каада-салтты, тарыхты урматтоого жана мекенчилдикке тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү. Мугалимдин иш-аракети:
Сабак жагымдуу психологиялык маанай түзүүдөн башталат. Интерактивдүү доскадан (же слайд аркылуу) Чыңгыз Айтматовдун төмөнкү сөзү көрсөтүлөт: «Улуттун улуттугу анын тилинде. Тил — улуттун кубанычы да, кайгысы да, тарыхый жолу да…»
Мугалим окуучуларга бул сөздүн маанисин чечмелөөнү сунуштайт. Окуучулар өз ойлорун айтып, цитатанын мазмунун талкуулашат. Андан соң «Мээге чабуул» усулу колдонулат.
Талкуу үчүн суроо:
«Эмне үчүн дүйнөдө кайсы бир тил жоголсо, ошол тилде сүйлөгөн улут да акырындап жок болот деп айтылат?»
Окуучулар өз ойлорун жүйөлүү айтып, мисалдар менен негиздөөгө аракет кылышат. Андан кийин мугалим окуучуларды үч топко бөлүп, ар бир топко ватман, маркерлер жана изилдөө тапшырмаларын таратып берет. Тапшырмалардын аткарылыш тартибин түшүндүрүп, топтордун ишине багыт берет.
Топтук тапшырмалар
1-топ: «Тарых жана тил»
Кыргыз тилинин тарыхый өнүгүү жолун жана «Манас» эпосунун тилди сактап калуудагы ролун изилдешет.
2-топ: «Нарк жана тил»
Каада-салттарды, макал-лакаптарды жана тил аркылуу берилүүчү улуттук тарбиянын үлгүлөрүн (саламдашуу, бата берүү, улууну урматтоо ж.б.) талдашат.
3-топ: «Заманбап дүйнө жана тил»
Бүгүнкү санариптик доордогу кыргыз тилинин абалын, интернеттеги кыргыз тилиндеги контентти жана негизги көйгөйлөрдү аныкташат.
Окуучулардын иш-аракети. Берилген багыттар боюнча топ ичинде талкуу жүргүзүп, постер (кластер) даярдашат. Ар бир топтон бирден спикер чыгып, өздөрү изилдеген багыт боюнча постерлерин коргошот (ар бир топко 2–3 мүнөттөн).
Мугалимдин иш-аракети. Окуучулардын ойлорун жыйынтыктап, теманы төмөнкүдөй түшүндүрөт:
«Улут наркы» – бул элибиздин миңдеген жылдар бою калыптанган маданияты, каада-салты, үрп-адаты жана руханий дүйнөсү. Ал эми ушул баалуулуктарды кийинки муунга жеткирген эң башкы каражат – эне тил. Ошондуктан тилибизди таза сактоо, сүйлөгөндө башка тилдин сөздөрүн орунсуз аралаштырбоо, кыргыз тилинин байлыгын туура пайдалануу – ар бир жарандын милдети.
Андан соң төмөнкү ыр саптарын көркөм окуйт:
Бирге жүрөм, эне тилимди кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ырдайм.
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Эне тилимден эч качан жаңылбайм.
Андан кийин окуучуларга суроо берет:
– Айткылачы, балдарым, кыргыз тили кимге керек?
– Улут тилин билели деп айтылган сөздүн мааниси эмнеде?
Окуучулардын иш-аракети
Окуучулар хор менен же кезектешип төмөнкү ыр саптарын айтышат:
Кыргыз тили жашап турса,
Биз чыныгы улутпуз.
«Ата», «Апа» деген сөздөр
Бар үчүн биз улукпуз.
Дүйнөдөгү бардык элдин
Ыйык көргөн тили бар.
Ошол тилди урматтаган
Кең пейили, дили бар.
Кыргыз тили – бизге керек,
Биз кыргыздын уул-кызыбыз.
Эне тилин сактай билген
Жаңы доордун муунубуз!
Мугалимдин иш-аракети
Санариптик доордун талаптарына ылайык STEM элементтери камтылган кейс-стади тапшырмасын сунуштайт.
Кырдаал (кейс):
Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр TikTok, Instagram, YouTube сыяктуу социалдык тармактарда көп убакыт өткөрүшөт. Бирок ал платформаларда сапаттуу, кызыктуу жана пайдалуу кыргыз тилиндеги контент жетишсиз.
Тапшырма:
Ар бир топ өз багыты боюнча заманбап долбоордун идеясын иштеп чыгат.
- 1-топ: Кыргыз тилин үйрөтүүчү мобилдик тиркеменин же жасалма интеллектке (AI) негизделген чат-боттун концепциясын иштеп чыгат.
- 2-топ: Социалдык тармактарда улуттук наркты, макал-лакаптарды жана кыргыз тилинин көркөм сөз байлыгын жайылтууга багытталган кыска видеонун (Reels/TikTok) сценарийин түзөт.
- 3-топ: Мектепте кыргыз тилин жайылтууга арналган «Санариптик тил жумалыгы» аттуу иш-чаранын планын иштеп чыгат.
Окуучулардын иш-аракети
Топтор өз идеяларын талкуулап, креативдүү сунуштарын постер, схема же кыскача презентация түрүндө сунушташат жана негиздеп беришет.
Мугалимдин иш-аракети
Сабакты жыйынтыктоо үчүн «3–2–1» рефлексия усулун колдонот.
Окуучулар төмөнкү суроолор боюнча ой жүгүртүшөт:
- 3 — Бүгүнкү сабактан алган эң маанилүү үч маалымат.
- 2 — Кыргыз тилин таза сактоо үчүн күнүмдүк жашоомдо жасай турган эки иш.
- 1 — Сабакта мага эң чоң таасир калтырган бир ой.
Баалоо. Мугалим окуучулардын сабактагы активдүүлүгүн, топто иштөө жөндөмүн, изилдөөчүлүк жана чыгармачылык жөндөмдөрүн калыптандыруучу баалоо аркылуу баалайт.
Жыйынтык. Сабак төмөнкү ыр саптары менен жыйынтыкталат:
Кылымдардан жашап келген кылымга,
Айтып бүткүс сырлары бар мунун да.
Эне тилим — сыймыгымсың, даңктаган,
Бардык тилден ыйык көрөм сени мен.https://wonderslide.com/s/ocd4qfgf/ ушул ссылкада сабактын презентациясы бар.
Султанбекова Айзада, Алтынай мектеби
Комментарийлер