Тынч океан
- 13.07.2026
- 0

География, 7-класс
Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү
Колдонулуучу методдор: Жекече, топто, жупта иштөө, баяндоо, изилдөө, көрсөтүү методдору.
Колдонулуучу баалоо методдору: Баяндап баалоо, аныктоочу, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо, топторду баалоо.
Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн картасы, сүрөттөр, таркатмалар, интерактивдүү панель, проектр, ноутбук, баалоо быйтыкчалары ж.б.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу учуру. Саламдашуу. Класс кабинетин сабак өтүүгө даярдоо, сабактагы окуучуларды толуктоо.
Окуучулардын иш аракетин баалоо
«Саякатчылар»
1-топ: Фернан Магеллан
2-топ: Джеймс Кук
Алтын эрежени сактайбыз!
Жагымдуу маанай. «Менин психологиялык абалым»

Үй тапшырмасына кайрылуу. “Ноутбук” ыкмасы аркылуу берилген суроолорго жооп берүү

✅ Сабактын максаты
Билим берүүчүлүк: Тынч океандын географиялык абалы, өзгөчөлүктөрү жана жаратылышы боюнча маалыматка ээ болушат.
Өнүктүрүүчүлүк: Карта менен иштөө көндүмдөрүн жана логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: Океандын экологиялык абалына аяр мамиле жасоого тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү
1. Engage (Кызыктыруу)
Мугалим «Топтук жумуш» ыкмасын уюштурат. Глобустун ичине алдын ала даярдалган суроолор салынат. Окуучулар суроолорго жооп берип, сүрөттөрдү жана картаны талдоо аркылуу бүгүнкү өтүлө турган теманы өздөрү аныкташат.
Окуучулардын иш-аракети:
- суроолорго жооп беришет;
- өз ойлорун эркин билдиришет;
- теманы аныкташат.
Каражаттар: глобус, дүйнө картасы, сүрөттөр.
2. Explore (Изилдөө)
Мугалим маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (МКТ) жардамы менен Тынч океан тууралуу кыскача видеону жана кошумча маалыматтарды сунуштайт.
Окуучулар топтордо иштеп, Тынч океанды изилдеген саякатчылар жөнүндө маалыматтарды чогултушат, картадан океандын жайгашуусун аныкташат жана өз ойлорун талкуулашат.
Каражаттар: карта, сүрөттөр, видео.
3. Explain (Түшүндүрүү)
Мугалим Тынч океандын географиялык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт.
- Тынч океан Жер шарынын 30 пайыздан ашык аянтын ээлеген эң чоң океан.
- Батышынан Азия жана Австралия, чыгышынан Түндүк жана Түштүк Америка, түштүгүнөн Антарктида менен чектешет.
- Жалпы аянты – 178,6 млн км².
- Орточо тереңдиги 4 миң метрге жакын.
- Эң терең жери – Мариан чуңкуру (11 022 м).
- Экватор океанды Түндүк жана Түштүк бөлүккө бөлөт.
- Арктикалык алкактан башка бардык климаттык алкактарды камтыйт.
Мугалим Тынч океан климатты жөнгө салууда, жандуу дүйнөнү сактоодо жана адамзат үчүн маанилүү жаратылыш байлыгы экенин белгилейт.
Окуучулардын иш-аракети:
- суроолорго жооп беришет;
- карта менен иштешет;
- түшүндүрмөлөрдү угуп, өз ойлорун айтышат.
Каражаттар: презентация, карта, видео.
4. Elaborate (Тереңдетүү)
Мугалим окуучуларга «Пластик арал» тууралуу маалымат сунуштайт.
Пластик арал – океан агымдарынын таасири менен бир жерге топтолгон пластик калдыктарынын чоң аймагы.
- Аянты болжол менен 1,6 млн км².
- Бул Франциянын аймагынан үч эсе, Кыргызстандын аймагынан сегиз эсе чоң.
- Анда болжол менен 80 миң тонна пластик топтолгон.
Талкуулана турган суроолор:
- Пластик эмне үчүн жаратылышта чирибейт?
- Микропластик деген эмне?
- Ал жаныбарларга кандай зыян келтирет?
- Бул көйгөй адамзатка кандай таасир этет?
- Бул көйгөйдү азайтуу үчүн эмне кылууга болот?
Окуучулар топтордо талкуу жүргүзүп, көйгөйдү чечүү боюнча сунуштарын беришет.
Каражаттар: видео, сүрөттөр, презентация.
5. Evaluate (Баалоо)
Сабактын соңунда окуучулардын билимин текшерүү үчүн бир нече ыкма колдонулат.
- Карта менен иштөө;
- «Үчүнчүсү ашыкча» оюну;
- Тынч океан боюнча кыскача видео көрүү;
- «Көк бөрү» командалык интеллектуалдык оюну аркылуу суроолорго жооп берүү.
Мугалим топтук жана жекече иштерди баалап, окуучулардын активдүүлүгүн, туура жоопторун жана кызматташуу жөндөмүн эске алуу менен жыйынтыктоочу баалоо жүргүзөт.

Бышыктоо. Мугалим окуучулар менен «Планета Жер» аттуу интерактивдүү тапшырманы аткарат. Google Карта аркылуу Тынч океандын жайгашуусун, жээктерин, аралдарын жана эң терең жерлерин аныкташат. Андан соң окуучулардын көңүлүн сергитүү максатында «Мээге тыныгуу» көнүгүүсү уюштурулат. Кийин «Үчүнчүсү ашыкча» оюну өткөрүлөт. Окуучулар үч түшүнүктүн ичинен темага тиешеси жок бирин аныктап, эмне үчүн ашыкча экенин негиздеп түшүндүрүшөт.
Окуучулар сабак боюнча өз пикирлерин төмөнкү сүйлөмдөрдү улантуу аркылуу билдиришет:
- Бүгүн мен билдим…
- Мен үчүн кызыктуу болгон маалымат…
- Мага дагы изилдегим келген тема…
- Мага сабак түшүнүктүү болду, анткени…
- Мага кыйын болгон бөлүгү…

Мугалим окуучулардын жоопторун угуп, жыйынтык чыгарат жана активдүү катышкан окуучуларды баалайт.
Үй тапшырмасы. «Тынч океандагы пластик аралы» темасында кыскача «Экологиялык долбоор» даярдап келүү.
Нурманбетова Жазира,
Мыскал Өмүрканова атындагы жалпы билим берүү мектебинин география мугалими, Нарын облусу, Жумгал району, Жумгал айылы.
Комментарийлер