«Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол» (А. Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасы)

  • 12.06.2026
  • 0
«Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол» (А. Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасы)

Кыргыз адабияты, 6-класс

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк: Окуучулар поэманын мазмунун, идеясын жана Толубайдын образын терең түшүнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Көркөм окуу көндүмдөрүн, талдоо жөндөмүн жана образдуу ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт.

Тарбиялык: Адилеттүүлүккө, чынчылдыкка жана өнөрдү баалай билүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, видеослайд, панелдик доска, филворд, макал-лакаптар жана башка көрсөтмө куралдар.

Сабактын жүрүшү. Уюштуруу

Гимн ырдоо;

«Алтын эрежелерди» эске салуу;

Топторго бөлүү.

1-топ: «Чоң күрөң»

2-топ: «Жерде кашка»

3-топ: «Жибек көкүл»

(Мугалим баалоодо аттын сүрөттөрүн колдонот.)

Мотивация

Мугалим:

Мен турмушта сараң, ач көз эмесмин,

Өктөө кылып, аз бердиң деп дебесмин.

Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,

Мага берсе, эки сабак ыр берсин…

Үй тапшырмасын суроо

  • А. Осмоновдун өмүр баяны (кыскача).
  • Акындын алгачкы чыгармасы.
  • Акындын ыр жыйнактарын атап берүү.
  • Кыргыз валютасындагы А. Осмонов.

Максаты: Окуучулардын кызыгуусун ойготуу жана жаңы темага багыт берүү.

(Улуттук ат оюндары боюнча слайд көрсөтүлөт.)

  • Кыз куумай
  • Эр эңиш
  • Көк бөрү

Мугалимдин иш-аракети: Класска «Сынчы» жана «Күлүк» деген сөздөрдү сунуштап, «Чыныгы сулуулук жана күч эмнеде?» деген суроо менен талкуу уюштурат.

Интерактивдүү тапшырма: Окуучуларга арык жана семиз аттардын сүрөттөрү көрсөтүлүп: «Кайсынысы күлүк деп ойлойсуңар?» — деген суроо берилет.

Натыйжа: Окуучулар сырткы көрүнүш менен ички мүмкүнчүлүктүн айырмасы тууралуу ой жүгүртө башташат.

  1. Изилдөө

Мугалим «Толубай сынчы» поэмасы тууралуу кыскача маалымат берет.

Максаты:

Поэманын тексти менен түздөн-түз иштөө.

Тапшырмалар:

1-топ («Чоң күрөң»):
Толубайдын атты кантип тандаганын сүрөттөгөн үзүндүлөрдү табат.

2-топ («Жерде кашка»):
Хандын образын жана анын Толубайга болгон мамилесин изилдейт.

3-топ («Жибек көкүл»):
Поэмадагы табият сүрөттөлүштөрүн жана көркөм каражаттарды (эпитет, метафора) аныктайт.

  1. Түшүндүрүү

Максаты: Алынган маалыматтарды системалаштыруу жана негизги түшүнүктөрдү бекемдөө.

Ар бир топ өз тапшырмасын жактайт.

Мугалим Толубайдын эмне себептен көзүнөн ажыраганын жана анын трагедиясын түшүндүрөт.

«Өнөрлүү өлбөйт» деген идеянын мааниси ачылат.

Поэма, сюжет, композиция жана лирикалык чегинүү тууралуу маалымат берилет.

  1. Тереңдетүү

Максаты: Алынган билимди турмуш менен байланыштыруу жана анализди тереңдетүү.

Толубай менен хандын образдарын Венн диаграммасы аркылуу салыштыруу.

«Эгерде мен Толубайдын ордунда болсом…» же «Ханга кат» темасында кыскача эссе жазуу.

А. Осмонов эмне үчүн бул элдик уламышка кайрылганын талдоо.

«Эл баатыры — өнөр адамы» идеясын талкуулоо.

Филворд оюну

Табылган сөздөр:

  • Сынчы
  • Кемпир
  • Азиз
  • Алыкул
  • Кармыш
  • Кул
  • Жерде
  • Падыша

Макалдарды толуктоо

  • Ат адамдын …
  • Ат аяган арыбайт …
  • Ат мингендики …
  1. Бышыктоо

Максаты: Окуучулардын жетишкендиктерин текшерүү.

Кайтарым байланыш. «Чыгуу билети» (Exit Ticket):
Окуучулар бүгүнкү сабактан алган эң маанилүү үч маалыматты жана өздөрүнө түшүнүксүз болгон бир суроону жазышат.

Критериалдык баалоо. Топтор бири-бирин активдүүлүгү жана жоопторунун тактыгы боюнча баалашат.

Суроолор

  1. Толубай сынчы кандай адам?
  • Көрөгөч, акылман;
  • Өнөрдү баалайт;
  • Чындыкты сүйлөйт;
  • Руханий байлыкка ээ.
  1. Хан кандай адам?
  • Текебер, мансапкор;
  • Адилетсиз, катаал;
  • Сырткы көрүнүшкө гана маани берет.

Баалоо. Окуучулардын сабактагы активдүүлүгүнө жараша бааланат.

Жыйынтык. Ар бир топ топтогон аттын сүрөттөрү эсептелип, жеңүүчү топ аныкталат.

Үй тапшырмасы. Поэмадан жаккан үзүндүнү көркөм айтууга даярдануу.

«Чыныгы өнөр жана бийлик» темасында ой толгоо жазуу.

«Билем – Билгим келет – Үйрөндүм» (ББҮ) таблицасын толтуруу.

Бекенова Динара, №43 Абдыразак Батыркулов атындагы мектеби

Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер