Тогуз коргоол – ата-бабалардын акыл мурасы
- 20.06.2025
- 0

Чынара Тиленбаева, Балыкчы шаарындагы балдар борборунун мугалими
«Уңгужол – муундар байланышы». 3-4-класстар
Сабактын түрү: Айкалышкан (улуттук маданият + тарых + логикалык оюн).
Сабактын максаты: Окуучуларды тогуз коргоол оюну менен терең тааныштыруу;
Оюн аркылуу ата-бабалардын акылмандыгын, билимге болгон
урматын таанытуу;
Стратегиялык ой жүгүртүү, сабырдуулук, логика жана
чыдамкайлык сыяктуу сапаттарды өнүктүрүү;
Улуу муундан үйрөнүү, мурас катары урматтоо түшүнүгүн
калыптандыруу.
Күткөн жыйынтыктар:
Сабактын аягында окуучу: Тогуз коргоолдун эрежелерин билет жана ойной алат;
Оюн аркылуу улуттук баалуулуктарды тааныйт
(акылдуулук, сабыр, урмат);
Муундар ортосундагы маданий көпүрөнү сезет;
Кыргыз элинин тарыхый ой жүгүртүү маданиятын баалайт.
Керектүү материалдар:
Тогуз коргоол такталары (же А4 кагаздагы такта сүрөтү);
Коргоолдор (кооз таштар, үрөндөр же топчулар);
Видео материал же презентация ( тогуз коргоол тууралуу);
Кыргыз улуттук баалуулуктарынан үзүндү ( макал-лакаптар, уламыштар, манас айтуу).
Сабакта колдонулуучу улуттук баалуулуктар:
Урмат (чоңдорго, салтка);
Сабырдуулук (оюнда шашылбоо);
Акылмандык (жүрүштөрдү алдын ала пландоо);
Маданий мурас (улуттук оюнду сактоо);
Yй-бүлөдө жана коомдо байланыш түзүү (муундар ортосунда).
Жүрүшү
— Саламатсыңарбы, балдар, ата-энелер жана коноктор!
— Балдар, бүгүн биз ата-бабалар ойногон өзгөчө акыл оюнун үйрөнөбүз. Бул жөнөкөй оюн
эмес – бул элибиздин тарыхы, акылмандыгы, чыдамкайлыгы жашырылган маданий
мурас. Анын аты – тогуз коргоол.
Суроолор аркылуу ой жүгүртүү:
— Силер бул оюн жөнүндө уккансыңарбы?
— Yй- бүлөңөрдө ким ойногон?
— Ким тогуз коргоолду ойноп көргөн ?
— Бул оюн качан, ким тарабынан ойлонуп табылган деп ойлойсунар ?
— Эмнеге бул оюн «акыл оюну» деп аталат ?
— Эмне үчүн мындай оюндар мурда маанилүү болгон деп ойлойсуңар?
Окуучулардын жооптору (күткөн жооп):
— Бул оюн байыркы кыргыз элинин оюну.
— Аны чоң ата-апалар ойношкон.
— Себеби, бул оюнда эсептөө, ой жүгүртүү керек.
Мугалим түшүндүрөт:
— Оюндун тарыхы: Тогуз коргоол – бул эки адам ойногон акыл оюну. Ар бир оюнчуда
тогуздан уя болот жана ар бир уяда тогуздан коргоол болот. Бирден казына, оюнчу өз
кезегинде бир уядан коргоол чачып, каршы тараптан коргоол алат.
— Максат – атаандашыңдан көбурөөк коргоол чогултуу.
— Арбир жүрүштү эсептеп, ойлонуп аткаруу керек.
— Оюнчунун ар бир уясын жана жүрүшүн « логика менен» ойноосу маанилүү.
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРYYЧY СУРООЛОР ( ТЕОРИЯ ЖАНА ТАРЫХ):
Мугалимдин суроосу:
Тогуз коргоол деген эмне?
Окуучунун жообу: Элдик акыл оюну.
Бул оюн кайсы элге таандык?
Жооп: Кыргыз элине, бирок казак , озбек, турк элдерине да бар.
Оюндун максаты кандай?
Жооп: Көп коргоол топтоо, атаандашты жеңүү.
Тогуз коргоол эмне учун «акыл оюну» деп аталат?
Жооп: Анда эсептөө, стратегия, сабыр талап кылынат.
Оюн кандай шаймандар менен ойнолот?
Жооп: Такта, коргоол , эки оюнчу.
Коргоол деген эмне?
Жооп: Таштандын түрү – оюндагы негизги элемент.
Оюндун эрежелери боюнча суроолор:
— Ар бир оюнчуда канча уя болот?
— Тогуз уя
— Ар бир уяда канча коргоол болот?
— Башында тогуздан .
— Жалпысынан канча коргоол болот?
— 162.
— Туз деген эмне?
— Атаандаштын бир уясын ээлеп алган учур.
— Туз качан алынат?
— Эгер акыркы коргоол түшкөн уяда үч коргоол болуп калса.
— Ар бир оюнчу канча жолу туз ала алат?
— Бир жолу.
— Эки оюнчу тен тузду бирдей уядан ала алабы?
— Жок, бир уя бир жолу эле түз боло алат.
— Эгер бир оюнчунун бардык уялары бош болсо, эмне болот?
— Анын жүрүшү жок, ошондуктан атаандашы жооп катары жүрүш жасайт, андан кийин
оюн бүтөт.
— Эгер эки оюнчу бирдей санда коргоол топтосо эмне болот?
— Оюн тең чыгат.
Логикалык жана практикалык суроолор:
— Эгер сенин акыркы коргоолуң атаандаштын уясына түшүп, ал жерде эки коргоол болуп
калса – эмне болот?
— Ал эки коргоол меники болуп калат.
— Кайсы учурда жүрүш тактикасы маанилүү ?
— Башында жана туз алуу алдында.
— Сенин оюн тактаңда бир уяңда 18 коргоол бар – эмне кылат элең?
— Аны менен бир нече уяны кыдырып, коп коргоол чогултам.
— Сенин атаандашында бир эле уя калды – сен эмне кылат элен ?
— Ошол уяны көзөмөлдөп, анын жүрүшүн чектейм.
Жыйынтык жана рефлексия.
Ой жүгүртүү жана баалоо суроолору:
— Бул оюндан сен эмнени үйрөндүң?
— Сабырдуулук, стратегиялык ой жүгүртүү, эсептөө.
— Тогуз коргоол кандай мүнөздү тарбиялайт?
— Сабырдуулук, чыдамкайлык, логикалык ой жүгүртүү.
— Бул оюнду кайсы учурларда ойносо болот?
— Мектепте, үйдө, эс алуу учурунда.
— Тогуз коргоолду келечекте кантип өнүктүрсөк болот?
— Мектептерде сабак кылып киргизүү, мелдештерди уюштуруу.
— Бул оюнду досуң менен ойногондо кандай сезимдер пайда болот?
— Кубаныч, кызыгуу, атаандашуу сезими.
Практикалык бөлүк – оюн ойноо.
Мугалим:
— Эми биз бөлүнүп алып, жуп-жуп болуп ойноп көрөбүз. Ар бир жупка тогуз коргоол
тактасы жана коргоолдор берилет.
— Жүрүш жасап жатып, бири –бириңерге түшүндүрүп бергиле.
— Жеңүүчүлөр акырына чейин байкап, бир жеңүүчү команда чыгарабыз.
Жыйынтыктоо жана кайталоо.
Мугалим:
— Бүгүнкү оюндан эмнелерди үйрөндүңөр?
— Эң кызыктуу учур кайсы болду?
— Бул оюнду дагы кайсы жерде, ким менен ойносоңор болот?
Окуучулардын жооптору :
— Эсептөөнү үйрөндүк.
— Достор менен ойноп,утуп баратып бай үй алдырып же туз алдырып жиберген жерлер
кызыктуу болду.
— Yйдөн ата-энелерибиз менен ойнойбуз.
Мугалимдин жыйынтыктоочу сөзү:
«Тогуз коргоол — жөн эле оюн эмес. Бул оюн ар бир жүрүшү менен бизге сабырдуулукту,
эсепти, алдын көрө билүүнү, жана эң башкысы, улуттук маданиятты үйрөтөт. Бул оюн
аркылуу ата-бабабыз бизге акыл калтырып кеткен».
Yй тапшырма:
— Үйдө ата-энеңе тогуз коргоол эрежелерин кенен тааныштырып, алар менен ойноо.
— Кийинки сабакта анын таасири тууралуу айтып бересиңер.
Чараларын оюшуп,
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз,
Yй чыгарып коюшуп,
Ою менен олтуруп,
Ташын салып толтуруп,
Тогуз коргоол ойгону,
Ордо, тогуз коргоол деп,
Жаш Манас кылып койгону…
Тогуздан коргоол салганы,
Бу Манастан калганы…
( Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча «Манас» эпосунан үзүндү).
Комментарийлер