ТЕКСТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУНУН ЖОЛДОРУ

  • 21.05.2025
  • 0
ТЕКСТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУНУН ЖОЛДОРУ

Бокубаева Сардал,  Б.Бегиев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими

Ош облусу, Кара-Кулжа району.

Математика сабагы,  4-кл

Сабактын максаты:

А) Текстүү маселелерди чыгарууну билишет

Б) Текстүү маселени моделдештирүү менен чыгарышат.

Г) Бири-бирин угат.

Көрсөткүч:

Текстүү маселелерди түшүнүшсө, моделдештирип чыгарышса.

Колдонулган ресурстар: К.Байгазиев, текстүү маселелер китеби, видео, слайд, банкадагы варенье, ватман ж.б

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын усулу: Интерактивдүү усул

Баалоо критерийи:

Ар бир окуучуда бештен чүкө бар, бардык тапшырма туура аткарылса, чүкө силерде калат, жок туура эмес болсо, чүкө кемийт.

Алтын эреже:

Ар кимдин ою баалуу, тынч отуруп, угабыз.

Ким сабакка даяр болсо, кол белгини көтөрөбүз.

Мен силер менен бүгүн сабак өтүп жатканым үчүн бактылуумун, маанайым  жакшы дегендер бири-бирибизди карап жылмаябыз.

Маселеге көнүл бурабыз:

Дүкөндө 2400 банка карагат варенье (жемиш кайнатмасы) сатышты. Биринчи күнү экинчи күнгө караганда 200 банкага аз, ал эми үчүнчү күнү экинчи күнгө караганда 800 банкага көп карагат варенье сатылган. Күнүнө канча варенье сатылган?

Суроо: Эмне үчүн кышка даярдык көрүп варенье жасайбыз? Варенье кандай жасалат жана вареньенин кандай түрлөрү силердин үйдө бар? (аңгемелешүү)

Маселе чыгарууда төмөнкү эрежени эске алабыз:

1.Кыскача шартын түзөбүз.

2.Суроосуна көңүл бурабыз

3.Чыгаруу

4.Жообу.

Маселенин кыскача шартын түзөбүз:

Берилди:

Сатылды-2400 банка карагат варенье

1-күнү-х-200 банка

2-күнү-х

3-күнү-х+800банка.Табуу керек: Күнүнө канча банка сатылган?

Жупта иштөө.

Чыгаруу:

(х-200)+х+х+800=2400

3х+600=2400

3х=2400-600

3х=1800

Х=1800:3

Х=600

Маселени моделдештирүү менен иштешет (жекече иштөө)

1.Сүрөт модели (банкадагы варенье тартуу)

2.Графикалык схема (кесиндилер аркылуу)

3.Диаграмма түзүү

4.Тик бурчтуу таблица түзүү менен маселени чыгарууну түшүнүшөт.

Топ менен иштөө:

1-топ. Ченөөдөн келип чыккан сан аттуу сан деп аталат. Түшүндүрүп бере аласыңбы?

2-топ. 12 шам күйүп турат,төртөөнү өчүрүп коюшту канча шам калды?

3-топ. 6*6=36 кантип далилдейбиз.

4-топ. (Ак шляпа кийишет. Фактылар жана маалыматтар)

Карагат жөнүндө маалыматтар.

5-топ (Сары шляпа кийишет. Позитивдүү ой жүгүртүү жана мүмкүнчүлүктөр)

1аш кашык (15мл) карагат суусун 1 стакан (200 мл) кайнатылган жылуу сууга аралаштырып ичүү керек. Тамактан кийин ичүү сунушталат. (Компот  жасап даамдап көрүшөт)

Тапшырма: Үйдөгү кышка даярдалган вареньенин түрлөрү боюнча диаграмма  түзүү.

Баалоо: Бири-бирин баалашат.

Бөлүшүү

Комментарийлер