ТЕҢ САЛМАКТУУ ТАМАКТАНУУ — ДЕН СООЛУКТУН НЕГИЗИ

  • 20.10.2026

Предмети: Табият таануу
Классы: 5-А класс
Методикасы: 5E модели

Мугалим: Сүйөрбек кызы Мирагүл, Жалал-Абад областынын

Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы

жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими 

Туура тамактануу — ден соолукту сактоонун жана организмдин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү шарттарынын бири. Айрыкча мектеп окуучулары үчүн күнүмдүк тамак-аштын курамына көңүл буруу зарыл. Тең салмактуу тамактануу темасындагы сабак окуучуларга азык заттардын маанисин түшүнүүгө, тамак-аштын курамын талдоого жана ден соолукка пайдалуу меню түзүүгө үйрөтөт.

Сабактын максаттары

Билим берүүчүлүк: окуучулар тең салмактуу тамактануунун маанисин жана белоктордун, майлардын, углеводдордун, витаминдердин адам организми үчүн аткарган кызматтарын билишет.

Өнүктүрүүчүлүк: тамак-аштын курамын талдоо жана ден соолукка пайдалуу меню түзүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: туура тамактануу маданиятын калыптандырып, өз ден соолугуна кам көрүүгө үйрөнүшөт.

ТЕҢ САЛМАКТУУ ТАМАКТАНУУ — ДЕН СООЛУКТУН НЕГИЗИ

Сабактын жүрүшү: 5E модели

  1. Кызыктыруу (Engage)

Сабактын башында окуучуларга жашылча-жемиштер, сүт азыктары, нан, май жана башка азыктар көрсөтүлөт. Алар азыктарды эки себетке бөлүшөт: биринчи себетке жашылча-жемиштерди жана сүт азыктарын, экинчисине фастфудду жана таттууларды жайгаштырышат. Мугалим «Кайсы себеттеги азыктар ден соолукка пайдалуу? Эмне үчүн?» деген суроолорду берип, окуучулар менен талкуу жүргүзөт. Бул тапшырма алардын мурдагы билимдерин эске түшүрүп, жаңы темага кызыгуусун арттырат.

  1. Изилдөө (Explore)

Практикалык иштин биринчи бөлүгүндө окуучулар өздөрү жактырган тамак-аштардын тизмесин түзүшөт. Маалыматтык баракчалардын жардамы менен азыктарды белоктордун, майлардын жана углеводдордун булагы катары ажыратышат. Андан соң медайым Анарбекова Элита даярдаган туура тамактануу боюнча презентацияны көрүп, пайдалуу азыктар жана алардын организм үчүн мааниси жөнүндө маалымат алышат.

  1. Түшүндүрүү (Explain)

Бул этапта окуучулар «Тамак-аш пирамидасы» менен таанышышат. Мугалим негизги азык заттардын кызматын түшүндүрөт.

Белоктор организмдин өсүшүнө жана ткандардын калыбына келишине керектүү курулуш материалы болуп саналат. Углеводдор организмди энергия менен камсыз кылат. Майлар энергиянын булагы болуп, организмдин маанилүү функцияларын аткарууга катышат. Витаминдер организмдеги көптөгөн процесстердин нормалдуу жүрүшүнө жардам берет.

Окуучулар азык заттардын адамдын ден соолугу үчүн маанисин мисалдар аркылуу түшүндүрүшөт.

ТЕҢ САЛМАКТУУ ТАМАКТАНУУ — ДЕН СООЛУКТУН НЕГИЗИ

ТЕҢ САЛМАКТУУ ТАМАКТАНУУ — ДЕН СООЛУКТУН НЕГИЗИ

ТЕҢ САЛМАКТУУ ТАМАКТАНУУ — ДЕН СООЛУКТУН НЕГИЗИ

 

  1. Кеңейтүү жана колдонуу (Elaborate)

Практикалык иштин экинчи бөлүгүндө окуучулар төрт кишилик үй-бүлө үчүн бир күндүк туура тамактануу менюсун түзүшөт. Менюда эртең мененки, түшкү жана кечки тамактар каралат.

Эртең мененки тамак: сүткө бышырылган сулу боткосу, жумуртка жана чай. Бул тамак углеводдорду жана белокту алууга жардам берет.

Түшкү тамак: жашылча шорпосу, тоок эти жана жаңы жашылча салаты. Бул азыктар белокторду, витаминдерди жана минералдарды алууга шарт түзөт.

Кечки тамак: бууга бышырылган балык же жашылчалар кошулган күрүч. Бул тамак организмди керектүү азык заттар менен камсыз кылууга жардам берет.

Окуучулар менюну талкуулоо учурунда жергиликтүү азыктарды да кошууну сунушташат. Мисалы, кымыз, курут жана талкан сыяктуу улуттук азыктардын курамын жана пайдалуулугун карап чыгышат.

Витаминдердин мааниси: Сабакта витаминдердин организм үчүн мааниси жана алардын жетишсиздигинен келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөр талкууланат.

  • А витамини көрүүнүн нормалдуу болушу үчүн маанилүү. Анын жетишсиздиги, өзгөчө, караңгыда көрүүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн.
  • С витамини иммундук системанын нормалдуу иштешине катышат. Анын олуттуу жетишсиздиги цинга оорусуна алып келиши мүмкүн.
  • D витамини кальцийдин сиңишине жана сөөктөрдүн бекем болушуна жардам берет. Анын жетишсиздиги балдарда рахит оорусуна себеп болушу мүмкүн.
  • В тобундагы витаминдер нерв системасынын жана энергия алмашуунун нормалдуу иштешинде маанилүү роль ойнойт.

Бул маалыматтар аркылуу окуучулар ар түрдүү жана тең салмактуу тамактануунун маанисин түшүнүшөт.

  1. Баалоо (Evaluate)

Сабактын акырында окуучулар өзүн-өзү баалоо баракчаларын толтуруп, тесттик тапшырмаларды аткарышат. Алар тең салмактуу тамактануунун маанисин, азык заттардын кызматтарын жана пайдалуу меню түзүүнүн негизги эрежелерин канчалык өздөштүргөнүн көрсөтүшөт. Мугалим окуучулардын жоопторун талдап, теманы түшүнүү деңгээлин аныктайт.

Жыйынтык: Тең салмактуу тамактануу боюнча сабак окуучуларга азык заттардын организм үчүн маанисин түшүнүүгө жана күнүмдүк тамак-ашты туура тандоого багыт берет. Практикалык меню түзүү, азыктарды топторго бөлүү жана витаминдердин ролун талкуулоо аркылуу окуучулар алган билимдерин турмушта колдонууга үйрөнүшөт.

Туура тамактануу маданиятын жаш кезден калыптандыруу — ден соолукту сактоонун маанилүү кадамы.

Бөлүшүү