Теңдеме жана анын тамырлары

  • 07.04.2025
  • 0
Теңдеме жана анын тамырлары

Ашыралиева Саадат, № 117 Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ЛИЦЕЙИНИН МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ

Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн PISA тест камтылган алгебра  сабагынын планы 

Алгебра, 7-класс

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Колдонуучу методдор жана ыкмалар:  көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрүү, айтып берүү, өз алдынча.

Сабактын жабдылышы: компьютер, проектор, өсүмдүктөр, тесттик тапшырма, окуучунун окуу китеби,иш дептери, калем сап, өсүмдүктөрдүн  тамырлары, идишке отургузулган  гүлдөрдүн ар кандай түстөгү көчөттөрү, ватман, маркер ж.б.

Окуу-методикалык колдонмо:

1) алгебра 7 класс  окуу китеби / Н.Ю.Макарычев, ж.б.

2) Microsoft Office Power Point 2010  тиркемесинде даярдалган презентация.

3) Microsoft Office Word редакторунда  даярдалган тест.

4) https://padlet.com/saadat178av/padlet-3vlke3qntttqo1n3  платформасында сурамжылоо жүргүзүү.

Негизги компетенттүүлүктөр:

  • Маалыматтык компетенттүүлүк.
  • Социалдык- коммуникативдик компетенттүүлүк.
  • Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүк.

Предметтик компоненттүүлүк:

ПК-1.Математикалык  жаңы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компоненттүүлүгү.

ПК-2. Математикалык  түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компоненттүүлүгү.

ПК-3. Математикалык  көндүмдөрдү талдоо компоненттүүлүгү.

ПК-4. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу  компоненттүүлүгү.

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Теңдеме жана анын тамыры  жөнүндө түшүнүк берүү жана аны маселе чыгарууда колдоно билүүгө үйрөтүү.

2. Өнүктүрүүчүлүк: Ой жүгүртүүсүн, оозеки  эсептөөсүн, математикалык   потенциалын, өз алдынча мисал, маселе иштей алуусун, турмушта колдоно билүүсүн  өнүктүрүү.

3. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар биримдүүлүккө, тактыкка, тыкандыкка, адептүүлүккө, ынтымактуулукка, бири-бирине жардам берүүсүнө  тарбиялоо. Жаратылышты сүйүүгө жана ага аяр мамиле кылууга тарбиялоо.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу(1-слайд) 

Классты жана окуу жабдыктарын  даярдоо. Окуучулардын сабакка даярдыгына көңүл буруу жана уюштуруу. Сабакты кабыл алууга жагымдуу маанай түзүү. Окуучулар менен “Алтын эреже” түзүп, анын сакталышы эскертилет.

Үй тапшырманы текшерүү. Өтүлгөн теманы кайталоо (2,3-слайд).

Саламатсыңарбы! Кутмандуу күнүңөр менен, бүгүнкү сабагыбызды баштайлы. Өткөн сабактагы “өз алдынча иштин” жыйынтыгын айтат. Үйдөн пиязды, гүлдү сууга салып тамырын өстүрүп келүү берилген. Ар бир окуучу өздөрү өстүргөн өсүмдүктөрдүн тамырын көрсөтүп, канча күндө тамыр байлагандыгы тууралуу айтып беришет.

“Урматтуу окуучулар эмне себептен биз сабакты  өсүмдүктөрдүн тамырын өстүрүп, көргөзүү менен баштадык” – деп ойлойсуңар? Деген суроо менен сабактын темасын ачууга аракет жасайт. Сабактын темасын аныктоо үчүн ребусту чечүүнү сунуштайт.

Теңдеме жана анын тамырлары

Жаңы теманы түшүндүрүү (4-7-слайд).

Төмөнкү маселени карайбыз: “Төмөнкү текчеде жогорку текчеге караганда 4 эсе көп китеп коюлган. Эгерде төмөнкү текчеден жогорку текчеге 15 китепти алып койсок, анда текчелердеги китептердин саны бирдей болуп калат. Жогорку текчеде канча китеп бар?”

 болгонболуп калат
Жогорку текчехх+15
Төмөнкү текче4х — 15

Демек,  4х — 15 = х + 15

Китептердин белгисиз санын билүү үчүн биз бир өзгөрмөсү бар барабардыкты түздүк. Мындай барабардыктарды бир өзгөрмөлүү теңдемелер же бир белгисизи бар теңдемелер деп айтабыз. Бизге 4х — 15 = х + 15 теңдемесиндеги х ордуна койгондо туура барабардык келип чыга турган санды табуу керек. Мындай санды теңдеменин чыгарылышы же теңдеменин тамыры деп айтабыз.

Аныктама: Теңдеме туура барабардыкка айлана турган өзгөрмөнүн мааниси теңдеменин тамыры деп аталат.

4х — 15 = х + 15 теңдемеси бир гана тамырга ээ болот, ал 10 саны.

Алсак, (х-4)(х-5)(х-6)=0 теңдемесинин үч тамыры  бар: 4,5,6. Чындыгында, бул сандардын ар бири (х-4)(х-5)(х-6)=0 көбөйтүндүсүнүн көбөйтүүчүлөрүнүн бирөөнү нөлгө айландырат.

х+2=х теңдеменин тамыры жок.

Теңдемени чыгаруу — демек, анын бардык тамырларын табуу же тамырлары жок экендигин далилдөө. Математикалык жат жазууга өтөбүз. Слайдда көрсөтүү.

1) 35 саны 7 санынан х эсе аз.

2) х жана 7 сандарынын айырмасынын үч эселенген көбөйтүндүсү 12ге барабар.

3) х жана 3 сандарынын 8ге көбөйтүлүшү 19дан чоң.

4) х жана 6 сандарынын жарым суммасы алардын көбөйтүндүсүнө барабар.

5) 46 саны хден 21ге чоңураак.

6) х санынын үчтөн бир бөлүгү 8 санынан 16га аз.

Эс алуу мүнөтү. Мугалим көзгө көнүгүү жасоону айтат. Интерактивдүү презентацияда көрсөтөт.

Практикалык иш (8-11 слайд). Китеп менен иштөө: №122,123,124.

№122. 3 саны төмөнкү теңдемелердин тамыры боло алабы:

А) 5(2х-1)=8х+1

Б) (х-4)(х+4)=7

PISA тест берет. Оң жактагы текстти окугула.

Тапшырма. Багбан 14 түрдүү гүл сатып алган. Эгер чарчы формадагы брусчатканын жактары 60 см, ал эми жер тилкесинин өлчөмү 3,6 м жана 2,4 м болсо, багбан өзүнүн эсептөөсүндө жаңылган жокпу? Түшүндүрүү менен жооп жазгыла:

Гүлдүү аянтча. Багбан тик бурчтук формадагы гүл аянтчаны шахмат тактасы түрүндө жасалгалоону чечти. Ал ак чарчыларды брусчатка плиталары менен жаап, ал эми кара чарчыларга бир да кайталанбаган ар түрдүү гүлдөрдүн түрүн отургузду.

Окуучулардын жообу:

А) 5(2х-1)=8х+1, 3 саны теңдеменин тамыры боло алат.

Б) (х-4)(х+4)=7, 3 саны теңдеменин тамыры боло албайт.

PISA тести практикада колдонуп көрсөтүшөт.

Партанын үстүндөгү гүлдөрдү колдонууга аракет кылышат, плиткаларды доскада(ватманда) чийишет. PISA тести чыгарып, жообун жазышат.

ЖООБУ:

Жаңылган.

3,6:0,6 = 6 плитка

2,4:0,6 = 4 плитка

Бардык плитканын саны 6×4=24

24:2=12 гүлдүн түрү талап кылынат 12<14

Сабакты жыйынтыктоо (12 -16 слайд): Тест берет. Аткарууга көрсөтмө берет.

1) Теңдеменин тамырын тапкыла: 5х = -2

а) 0,4        б) – 0,4        в) -2,5        г) 2,5

2) Теңдемени чыгаргыла:  3х-6= 5х

а) 1/3    б) – 1/3        в) 3        г) -3

3) Теңдемени чыгаргыла: 4а + 4 = -6а – 5

а) 4,5        б) 0,9        в) -4,5        г) — 0,9

4) Теңдеменин тамырын тапкыла: 3(х + 3) = 5- 2х

а) 0,8        б) 0,9        в) -4,5        г) — 0,8

Окуучулардын билимин баалоо (17-слайд). Баалоо баракчасындагы жалпы жыйынтык бааны чыгарышат.

Рефлекция (18-слайд). Мен бүгүн сабакта…

— билдим….

-түшүндүм…

-үйрөндүм….

-колдоном…

-билгим келет…

https://padlet.com/saadat178av/padlet-3vlke3qntttqo1n3платформасында сурамжылоо жүргүзүшөт.

Мугалим: “Көпчүлүк турмуштук маселелер алгебралык теңдемелердин жардамы менен эң жөнөкөй түргө келтирилип чыгарылат”.

Үйгө тапшырма берүү (19-слайд). Математикалык жат жазуудагы теңдемелерди чыгарып келүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер