Тамырдын түр өзгөртүшү
- 15.04.2025
- 0

Абдылдаева А., Абылай Сатылганов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими
Биология, 6-класс
Максаты: Тамырдын түрлөрү кандайча өзгөрөрүн түшүнөт, түр өзгөртүүнүн өсүмдүккө тийгизген таасирин аныктайт.
Контекст: жеке, жергиликтүү, глобалдык
Көндүмдөр: байкоо, салыштыруу, баарлашуу, жыйынтык чыгаруу, изилдөө, талдоо, гипотеза, баалоо.
Керектүү материалдар:
— Тамырлардын сүрөттөрү жана видеолор.
— Тамырлардын үлгүлөрү.
— Ватман, маркерлер, карандаштар.
— Биология боюнча китептер.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу (1 м.)
Саламатсыңарбы окуучулар, сабагыбызды баштайлы. Класс 3 топко бөлүнгөн.
Баалоо: лидердин баалоосу, мугалимдин баалоосу (ар бир тапшырма сайын билими бааланат)
1.Топурак деген эмне?
2.Кошумча азыктандырууну кандай түшүнөсүңөр?
3.Топурактын курамы кандай?
4.Топуракка кандай жер семирткичтерди чачышат?
1Е-Кызыктыруу (2 м.)
Кана балдар, биз силер менен жаңы теманы баштоодон мурда табышмак таап көргүлөчү.
1.Денесин жерге жашырган,
Сабагын жерден ашырган (сабиз)
2. Жер астында жаткан эт (кызылча)
2Е-Изилдөө (10 м.)
Азаматсыңар балдар, силер табышмакты туура таптыңар. Демек, биз тамыр тууралуу билимдерибизди улайбыз, бүгүнкү сабагыбыздын темасы “Тамырдын түр өзгөртүшү”. Түр өзгөртүүнүн сүрөттөрү жана видеолору көрсөтүлөт (4минута).
Кана балдар, жогорудагы видеороликке таянып, силер тамырлардын ар кандай түрлөрүн изилдеп, салыштырып, топтордо иштейсиңер, 6 м. убакыт берилет. Окуучулар 3 топко бөлүнгөн.
1-топ — мөмө тамырлар, түймөк тамырлар, 2-топ — бактериялуу түймөк тамыр, тирөөч тамырлар, 3-топ — аба тамырлар, тактай сымал тамырлар боюнча изилдөө жүргүзөсүңөр.
3Е-Түшүндүрүү (15 м.)
Ар бир топ презентация жасашат.
4Е-Түзүү (10 м.). Фундаменталдуу суроолорду берүү
- Мөмө тамыр же азык тамыр деген эмне жана аларга кандай өсүмдүктөр кирет?
- Тамыр түймөгү менен мөмө тамыр кантип пайда болот?
- Тамыр түймөгү менен мөмө тамырдын айырмачылыгы?
- Бактериялуу түймөкчөлөр деген эмне?
- Эмне себептен мээр чөптү “жашоо тамыры» деп атап коюшкан?
- Тирөөч тамырдын мааниси эмнеде?
Тамырдын өсүмдүк тиричилигиндеги маанисин, аткарган кызматын, ошону менен бирге жаратылыштагы маанисин билдик. Маданий өсүмдүктөрдүн тамырларыны жакшы өсүүсүн камсыз кылса, алар жакшы азыктанып, адамдар да түшүмдү мол алышат.
Баалоо (3 м.). Үй тапшырма (1 м.)
Мугалимдин баалоосу, лидердин баалоосу, топтук баалоо, жекече баалоо, жеңүүчү топту аныктоо. «Тамырдын түр өзгөртүүсү жана анын өсүмдүккө тийгизген таасири» деген темага кластер түзүп жана интернет булактарынан маалымат жазып келесиңер.
Комментарийлер