ТАБЫШМАКТАР — ЛОГИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН МААНИЛҮҮ КАРАЖАТЫ

  • 18.03.2022
  • 0
ТАБЫШМАКТАР — ЛОГИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН МААНИЛҮҮ КАРАЖАТЫ

Окуучуларга билим берүүдө алардын логикалык ой жүгүртүүсүн арттыруу негизги ишмердүүлүктүн бири болуп эсептелет.

ТАБЫШМАКТАР - ЛОГИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН МААНИЛҮҮ КАРАЖАТЫ

Бул бир гана математика сабагында эле эмес бардык эле предметтерде ишке ашырылышы керек деп ойлойм. Ошондуктан мен кыргыз тили сабагы боюнча айрым эрежелерди табышмактарды колдонуу аркылуу бышыктап жүрөм. Сабакта табышмактарды окуучуларга таптырып, ой жүгүртүүсүнө, эсте сактап калуусуна өбөлгө түзүп келем. Төмөндө алардын айрымдарын сунуштайм:

Анара менен Чынара,
Сыймыктанар жакшы ат да.
Эрежеге таянсак,
Ашыкча экен …(«а» тамга).

Кош сөз деген,
Бизде белен,
Канча сөздөн турса дагы,
Жазылат го …(тире менен).

Толкун сызык, үзүк сызык,
Үзүк чекит- баары кызык.
Бул сызыктар кайда болот,
Айтсаңарчы дароо билип (айкындооч мүчөлөрдө)

Мен болбосом сүйлөм бүтпөйт,
Тексттер да менсиз түтпөйт.
Көп жерлерде керек болом,
Айткылачы, мезгил күтпөйт (чекит).

Атап турам бардык затты,
Демек киммин дароо тапчы.
Даражам жок бирок менин,
Билбейт экем мамилени, ыңгай, чакты (зат атооч).

ЖАЙЛООБЕК кызы Назгүл,
Аксы району, Т. Үмөталиев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер