“Түлкү менен кумурска” жомогу
- 24.09.2024
- 0
Ленин районуна караштуу №40 жалпы билим берүү орто мектебинин
башталгыч класс мугалими Мыктыбек кызы Жаңыл Мырза
2-класс, Адабий окуу
Максаттар:
- Билим берүүчүлүк: окуучулар “Түлкү менен кумурска” жомогу тууралуу маалыматты билишет, мазмунун түшүнүшөт.
- Өнүктүрүүчүлүк: “Адабий ийримдер” стратегиясын колдонуп, оӊ жана терс каармандардын ролдоштуруп окуп, өзгөчөлүктөрүн чыгармачылык менен айырмалашат.
- Тарбия берүүчүлүк: жомоктогу каармандардын оң жана терс кѳрүнүштѳрүн талдап, баалашат.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын формасы: билимдер дүйнөсүнө саякат, активдүү, интерактивдүү, пассивдүү формалары, жалпы класс менен, жана ѳз алдынча, жуп менен, кичи топтордо иштөө;
Сабакта колдонулган интерактивдүү окутуунун методдору: “Адабий ийримдер” стратегиясы, «Акыл-эске чабуул», “Эмоциялык окуу”, кѳрсѳтмѳлүүлүк, креативдүү чыгармачылык — Виртуалдык-сыйкырдуу көз айнек, сүйлөө, аңгемелешүү түшүндүрүү, көрсөтмөлүү;
Калыптандыруучу баалоонун техникалары: “Сүйлѳмдү толукта”, “Светафор — Жол чырак”, “Ѳзүн-ѳзү баалоо”, “Ким менен бөлүшөсүӊ”, “Кичи тест”
Сабактын жабдылышы, каражаттар (ИКТ): компьютер, окуу китеби, баалоочу каражаттар, А4 кагазы, калем саптар, интерактивдүү доска, убакытка байкоо жүргүзгөн саат, жардамчы робот ватман, маркерлер, карточкалар: “Адабий ийримдер” стратегиясынын схемасын түзүүнүн тапшырмасы 3 топко 1 ден, тапшырма жазылган — карточкалар топтому, түстүү стикерлер, маркер-фломастер; скотч-чаптагыч, 22 слайд көрсөтмөлөр ж.б.
Сабакта мотивация-шыктандыруучу окутуу чѳйрѳсүн түзүүдѳгү кѳнүгүүлѳр: Ыр сабы
Сабактын жүрүшү:
1.Топко бөлүү
Сырттан киришет.
Билет аркылуу топко бөлүнүшөт.
1-топ
2-топ
3-топ
2.Саламдашуу
Кыймыл аракет менен саламдашабыз.
Салам айтып баштайлы сабак башын,
Кантип бузам бабалардан калган салтын.
Баш ийип таазим кылып биз сиздерге,
Бүгүнкү сабакка даярбыз биз баштайлы.
3.Шыктандыруу
Адабий окуу сабагында ,билимдер дүйнөсүнө саякатка чыгууну чечишет. Учак менен билим дүйнөсүнө учаарын билишет.
Мугалим: Борт кызматкери.
Окуучулар: Жүргүнчүлөр болуп дайындалат.
Сырттан жардамчы робот кирип келет. Чогу айтабыз.
Маанайыбыз эң жакшы,
Андан кийин беш жакшы.
Кайгы капа билбейбиз,
Жалкоолукту тилдейбиз.
Активдүү катышкан топтор саякаттын аягында жардамчы робот алып келген белекке ээ болушаарын билишет.
Ар бир туура жооптору үчүн борт кызматкеринен чай (кофе) алышаары белгилүү болот.
4.Үй тапшырмасын суроо
«Азаматсың, жылкычы» ырын ар бир топ эмоционалдык абалда окуп беришет.
1-топ: кубанып
2 -топ: таң калып
3-топ: кайгырып
5.Билимдерин актуалдаштыруу
Виртуалдык көз айнек менен божомолдоп сүрөттөп берүү.
-Болжолдуу сүрөттөп айтышат.
Сыйкырдуу көз айнектин жардамы менен окуучулар жаңы теманы ачышат.
- Жаңы теманы түшүндүрүү
Мугалим жомокту окуйт.
Текст окулгандан кийин кайрадан суроолорду берүү менен талкуу улантылат.
Чыгарманын ортосун, окуяны жардамчы робот бизге улап окуп берет.
Текст окулгандан кийин кайрадан суроолорду берүү менен талкуу улантылат.
Жомоктун аягы экрандан көрсөтүлөт.
6.Интерактивдүү тапшырмалар
Адабий ийримдер” стратегиясы менен иштөө.
-Сөздүн чебери
-Иллюстратор чебери
-Изилдөөчү чебери
-Ар бир топ өзүнө бөлүнгөн ролдорду аткарышат.
1-топ
Ар кандай формадагы тексттерди шар улап окушат.
Ролдоштуруп окуп беришет. Класстер түзүшөт.
2-топ
Иллюстратор чеберлери кесилген фигуралардан каармандарды курайт. Туздан каармандар жашаган жерди чагылдырып тартып беришет.
3-топ
Изилдөөчүлөр чеберлери текстте канча тамга? Канча сүйлөм? Канча абзац бар? Китеп боюнча изилдешет жана турмушка салыштырып, байланыштырып беришет.
7.Эс алуу мүнөтү
Кыймылдуу көнүгүү.
Борт башкаруучуларынын бийин бийлеп, кыймыл жасашат.
8.Бышыктоо
UMAIGR платформасы менен интерактивдүү суроо-жоопторго толук сүйлөмдөрдү иштөө.
UMAIGR платформасы менен интерактивдүү суроо-жоопторго толук сүйлөмдөр менен жооп беришет.
Түлкү менен кумурска шерик болуп эмне айдашты?
- Буудай
- Жүгөрү
- Кулпунай
Түлкү кууланып жайлоого эмне шылтоо менен кетет?
- Эс алам деп
- Эмгектенип, аш табам деп
- Башым ооруйт, кымыз ичем деп
Буудайды кумурска кантип бакты?
- Убара болуп
- Сугарып
- Жайлоодо жүрүп
Түлкү ичинен кымыңдап, кумурсканы эмне деп алдамак болду?
- Буудайды өзүң оруп ал
- Жарышалы, алдыга озгонубуз алалы
- Тең бөлүп алалы
Түлкү кандай экен?
- Ак көңүл, боорукер
- Аңкоо, ишенчээк
- Митайым, жалкоо
Кумурсканын сапаттар?
- Ишенчээк
- Эмгекчил
- Жалкоо
9.Жыйынтыктоо
Кайтарым байланыш жасоо.
Экрандагы макалдардын кайсынысы бүгүнкү жомоктун мазмунуна дал келээрин табышат.
Макалдардын маанисин чечмелешет. Теманын макалын таап жыйынтыкташат.
10.Баалоо
Жардамчы робот алып келген белектерди тапшырылат.
Эгер жаккан болсо бул чемодандарга саякатта чогулткан билимдерибиз менен бөлүшө кетели!
11.Үй тапшырма
Ар тараптуу изденүүгө шарт түзүлүп, тапшырма берилет.
1-топ
Мен түлкүнүн ордунда болсом____________ деген сүйлөмдү улантып жазып келүү.
2-топ
Жомок боюнча элестетип сүрөт тартып келүү
3-топ
Шар, көркөм, ролдоштуруп окуп келүү
Комментарийлер