Сый-урмат – үй-бүлөдөн башталат

  • 14.04.2026
  • 0
Сый-урмат – үй-бүлөдөн башталат

Адабий окуу, 3-класс

Сабактын максаты: Окуучулар 8-март майрамынын маанисин түшүнүшөт. Энелерди, эже-сиңдилерди сыйлоого, алардын эмгегин баалоого үйрөнүшөт. Чыгарманын мазмунун талдоо аркылуу сөз байлыгын өстүрүп, өз сезимдерин көркөм айтып берүүгө машыгышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимдүү өздөштүрүү

Сабактын ыкмасы: Аңгемелешүү, түшүндүрүү, суроо-жооп

Жабдылышы: Сүрөттөр, китеп, ватман, клей, окуу куралдары, эл.доска.

1. Шыктандыруу

Иш-аракет: Мугалим окуучулар менен саламдашат, сабакка даярдыгына көз жүгүртөт.

Суроо: — Силер кандай балдарсыңар?

— Силер баарыңар кандай балдарсыңар?

Алтын эреже менен тааныштырат.

Сый-урмат – үй-бүлөдөн башталат

1-топ: Акылдуубуз, акылдуу

2-топ: Мээримдүүбүз, көрктүүбүз.

3-топ: Сүйкүмдүүбүз, ажарлуу.

Биз акылдуу балдарбыз,

Жаман нерсе укпайбыз.

Жаман нерсе айтпайбыз,

Жакшы окуп биз бүгүн.

Биз сабакты баштайбыз!

Ураан, баалоо карточкалары менен тааныштырат.  

Ураан: «Дайыма окуйбуз, такай өсөбүз!»

2.Изилдөө

Үй тапшырма: Суроолор:

  1. Кундүн мүнөзүн кандай мүнөздөөгө болот?
  2. Сур булут канча убакыттан бери жер шаарын кыдырып жүргөн?
  3. Күн эмне үчүн ыйлап жиберди?
  4. Сур булут Күндүн өтүнүчүн аткардыбы?
  5. Жер жүзүндөгү жан-жаныбарлар күнсүз жашоосу мүмкүнбү?
  6. Эгер сен Сур булуттун ордунда болсоң кандай чечим кабыл алмаксың?
  7. Шамал эмне үчүн Күн менен Сур булуттун жанына келди?
  8. Булутту ким, кантип сүрүп чыгарды?
  9. Күн эмнеге шашты?

Үй тапшырмасынын негизинде жаңы тема ачылат. Максат менен тааныштырылат.

3.Түшүндүрүү

Иш-аракет: Мугалим майрамдын тарыхы жөнүндө кыскача (жөнөкөй тилде) айтып берет. Энени сыйлоо — бул бир гана белек берүү эмес, бул күнүмдүк жардам жана сый-урмат экенин түшүндүрөт.

Талкуу: Топтордо иштеген иштерин жакташат.

4.Кеңейтүү

Иш-аракет: 3 топко кроссворд берилет. Мугалим физминутка көрсөтөт.

Чыгармачылык иш: чачылган сүрөттөр берилет, андан окуучулар топтордо иштеп жомок, аңгеме, окуя жаратышат.

5.Жыйынтыктоо, бышыктоо

Иш-аракет: Мугалим жүрөкчөнү көрсөтүп “Биз апаларрдын жүрөгүн же көңүлүн канип оорутуп алышыбыз мүмкүн?” деген суроо берилет.

Кайтарым байланыш:

  1. 8-март майрамын Клара Цеткин ачкан. (туура А)
  2. Копенгаген шаарында конференция болуп өткөн. (туура А)
  3. Бул майрам 2 жылда бир жолу белгиленет. (жок Б)
  4. Бул майрамды энелер гана майрамдашат. (жок Б)
  5. Кыргызстанда гана майрамдалат. ( Жок Б)

Окуучулар бааланат.

Үйгө тапшырма:  “Апама рахмат, анткени……” сөздү улантып апаларга ыраазычылык жазуу.

Сый-урмат – үй-бүлөдөн башталат

Атанбекова Асел,

Ош шаарындагы №11 В. В. Терешкова атындагы жатак-мектебинин башталгыч класс мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер