СЫН АТООЧ
- 21.05.2025
- 0

Гүлүмкан Анарбекова,
Т.Жайылов атындагы №106 ЖББОМ кыргыз тили жана адабияты мугалими, Биринчи май району
Негизги компетенттүүлүк:
- Маалыматтык (НК1): Өз ишин пландаштырат, маалыматты пайдаланат, маалыматты максатка багыттап изденет, салыштырат, чечимдерди кабыл алат.
- Социалдык- коммуникациялык (НК2): Окуучулар бири-бири менен мамиле түзүүнү билет, өз ара сүйлөшө билет, маектешүү адебин өздөштүрөт, бири-бирин баалайт, сөз байлыктары өсөт, өз ойлорун так, даана, түшүнүктүү айта алат.
- Өз ишин уюштуруу көйгөйлөрдү чечүү (НК3): Өз алдынча иштейт, көнүгөт, машыгат, өз ишин талдап, баа берет.
Предметтик компетенттүүлүк:
- Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК1)
- Так, туура окуй алуу компетенттүүлүгү (ПК2)
- Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК3)
- Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК4)
- Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК5)
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: — окуучулар сын атоочтун лексикалык мааниси, морфологиялык белгиси, синтаксистик кызматы жөнүндө окуп-үйрөнөт. Сөздөрдү, сөздөрдөн сөз айкашын табат, сүйлөм түзө алат.
өнүктүрүүчүлүк: — кеп маданиятын өнүктүрөт, сын атоочторду башка сөз түркүмдөрүнөн ажыратып билет. Алган билимин күнүмдүк турмушта колдонууга көнүгүшөт. Ойлонуусун, аң сезимин калыптандырат.
Тарбия берүүчүлүк: — алган билимдерин практикада колдонуу менен окууга аң-сезимдүү мамиле жасаганга тарбияланат. Топтор менен иштейт жана иштөөдө бири-бирин угат, сыйлоо адебин калыптандырат.
Сабактын тиби: жаңы билимди түшүндүрүү сабагы.
Сабактын методу: интерактивдүү (топто иштөө, логикалык метод).
Сабактын формасы: аралаш сабак
Жабдылыш каражаттар: дидактикалык материалдар, видео, окуу китеби, акылдуу такта
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруучулук:
- Саламдашуу.
Сүйүктүү окуучулар, эшикте аба ырайы кандай гана жагымдуу, жылуу болуп жатат. Баарыңар бажырайып, кулпуруп турасыңар. Силерди көрүп менин да маанайым көтөрүлүп жатат. Анда силер менен чогуу жагымдуу маанай түзүп алалы.
— Балдарды электрондук журналда тактоо.
— Жагымдуу маанай. Түстүү гимнастика.
— Балдар, азыр сабагыбызды баштоодон мурда мээбиздин иштөөсүн нейрогимнастиканын жардамы менен активдештирип алалы. Бул көнүгүүлөр мээнин сол жана оң жарым шарларынын биргелешип иштешин жакшыртат. Азыр кимдин нейрондору өз нугунда бат иштейт экенин байкайбыз.
— Сонун анда. Ушундай жагымдуу маанайда сабагыбызды баштайбыз.
— Мен силерди топ аралык ушул силер жасап келген уяга баалайм. Кайсы топ күчтүү, билимдүү, аракетчил экендигин сабактын аягында аныктайбыз.
— Кайсы топтун уясына көбүрөөк чымчык консо ошол топ жеңүүчү болот. Ал эми активдүү окуучулар кооз чымчыктар менен бааланат.
Жигердүү катышкан окуучулар өз алдынча упай топтой алышат.
3 чымчык алса – “5”
2 чымчык алса – “4”
1 чымчык алса – “3” деген баа коюлат. Андыктан баарыңарга ийгилик!
Үй тапшырмасын текшерүү: Үйгө тапшырма эмне берилди эле, балдар?
— “Жаз мезгили” боюнча чыгармачылык менен иштеп келүү.
— Келгиле, балдар, өтүлгөн теманы кайталоо үчүн “Ким миллионер болгусу келет?” оюнун ойнойлу. Балдар, ар бир суроого аз гана убакыт берилген, андыктан ыкчам, бат жооп берүүгө шашылабыз.
— Кимдин жообу даяр болсо кол көтөрүп жооп беребиз.
«Ким миллионер болгусу келет?» оюну
Суроолор:
- Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсылар?
- «Апамдыкы» сөзүндө кандай мүчө уланган?
- Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
- — кана мүчөсү кандай мүчө?
- Туунду зат атоочту тап?
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу:
- Сабактын темасы жана максаты менен таанышат.
Бүгүнкү сабакта жаңы маалымат алат;
— сөз байлыктарын өстүрөт;
— ой жүгүртүүлөрүн калыптандырат;
— бири-бири менен топ аралык иштөөгө тарбияланат;
— Балдар жана кыздар, мен силерди топко бөлүп отургузуп койдум, көрдүңөрбү?
— Эмне үчүн?
— Бүгүн биз топ аралык сабак өтөбүз.
Жаңы теманы табышмак, сүрөт, видеолордун жардамы менен ачып алалы.
Табышмак
Сулуу куйрук жалы бар,
Сүтү абдан дары мал.
Эр жигиттин канаты,
Эмне деген жаныбар?
— Демек, балдар, бүгүнкү сабагыбыздын темасы?
Эми сабагыбыздын максатына жетүү үчүн түзүлгөн алтын эреже менен таанышып алгыла.
САБАКТЫН АЛТЫН ЭРЕЖЕСИ:
С – САБАККА АКТИВДҮҮ КАТЫШУУ
Ы – ЫНТЫМАКТУУ ИШТӨӨ
Н – НАМЫСКА ТИК ТУРУУ
А – АР ДАЙЫМ КОЛ КӨТӨРҮП ЖООП БЕРҮҮ
Т – ТАПШЫРМАЛАРДЫ ТАК АТКАРУУ
О – ОКУУЧУЛАРДЫН ПИКИРИН УГУУ
О – ОЮН ТОПТОП ЖООП БЕРҮҮ
Ч – ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН КАТЫШУУ
Жаңы теманы түшүндүрүү: — Анда көңүлүңөрдү акылдуу тактадагы видеого бурсаңар.
— Бул видеодон силер эмнелерди көрдүңөр?
— Туура баамдадыңар.
— Азаматсыңар
— Демек, биздин бүгүнкү темабыз эмне экен балдар, “Сын атооч”
Сын атооч заттын эмнелерин үйрөтөт экен?
Заттын сын-сыпатын, өңү-түсүн, формасын, мүнөзүн, келбетин окутуп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берет.
— Кана, балдар, келгиле эми китепти карайбыз.
420-көнүгүүнү дептерибизге иштейбиз.
Таблицада берилген сөздөргө сөз айкашын түзүп, суроо бергиле.
— Анда ким даяр?
Бышыктоо: «Жыл мезгилдери» оюну
Жыл мезгилдеринин айларынан мышканы басуу менен ар бир топ өздөрүнүн суроолорун кезек менен тандашат.
Суроолор:
- Кайсы мезгилде күн кыска, түн узун болот?
- 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү болгондуктан, мен бүгүнкү сабакка катышкан окуучуларга белек тартуулайм!
- Сүрөттөрдөн сын атоочко таандык сөздөрдү жазгыла?
- Кышы бою уктап чыккан жаныбар?
- Ребус 100+үм
- Жылдын биринчи айы кайсы ай?
- Жыл ичиндеги эң кыска ай?
- Кайсы мезгилде «Нооруз» майрамы майрамдалат?
- “Чай” деген сөздүн бир тамгасын алмаштырсак, бир мезгилди табабыз?
- Күзүндө айлана-чөйрө кандай түскө өзгөрөт?
- Музыкалык салам.
- Баш катырма
- Wordwall программасы менен иштейт https://wordwall.net/play/90359/833/532
Жыйынтыктоо:
Интерактивдүү тактанын жардамы менен табышмакка көңүлүңөрдү бурсаңар.
— Бир дарак, анын он эки бутагы бар, бутактарында төрттөн уя бар, ал төрт уяда үчтөн жумуртка бар.
— Кана, жакшылап ойлонуп таап көргүлөчү?
— Азаматсыңар, балдар, жообун туура таптыңар.
Беш манжа оюнун ойноо менен балдар сабакта алган билимин жыйынтыктайт.
— Демек, биздин бүгүнкү өткөн сабагыбыз өз максатына жетти десек болот. Сабак силерге жактыбы, балдар?
— Азаматсыңар.
Үй тапшырмасы: 426-көнүгүү
Баалоо: Топ аралык баалоо.
Диагностикалык баалоо.
Ар бир окуучуну жеке баалоо.
Суммативдик баалоо
Комментарийлер