СЫН АТООЧ
- 17.01.2024
- 0
Динара Пусурова,
Сузак районундагы №18 А Караев атындагы орто мектебинин
башталгыч класс мугалими
Сабактын темасы: Сын атооч
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар сын атооч сөз түркүмү боюнча маалымат алат.
Өнүктүрүүчүлүк: Текст менен иштеп, сын атооч сөздөрдү табууга көнүгөт.
Тарбия берүүчүлүк: Жаныбарларды сүйө билүүгө тарбияланат.
Сабактын темасы: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын ыкмасы: Аңгемелешүү, түшүнүү
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, китеп
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу
- Саламдашуу:
Дайым ачык кабагым,
Дайым даяр сабагым.
Саламаттык каалаймын,
Саламатсыңарбы, балдарым!
Азаматсыңар, балдарым!
Бар болгула ар дайым,
Садагалар, мына эми
Сабагымды баштайын!
- Жагымдуу маанай
Кел досторум, ар убак (кол менен учурашуу)
Ынтымакта бололу (кучакташуу)!
Таарынышып калсак эгер, (тетири бурулуу)
Көздөр көзгө тике карап, (көздөр менен тиктешүү)
Кечиришип коелу (чыпалактары менен)!
Ихи-ихи-ихи-ихи
Суроо жооптор
Балдар, бүгүн сабакка даярдыгыңар кандай?
Бүгүн кайсы күн?
Кандай жыл?
Канчанчы жылда жашап жатабыз?
Кыргыз тили — өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил.
Андыктан, өз тилибизде сүйлөй билели.
Анда эмесе, китеп дептерлерибизди ачабыз.
Үй тапшырма: 7-көнүгүү. Сүйлөм түзүп келүү.
№1, №2 дептерлерин алмаштыруу.
Жаңы тема
Бүгүнкү жаңы темабыз: Сын атооч
Сын атооч деп заттын сын-сыпатын, өңү түсүн, даамын, формасын, көлөмүн билдирип
Кандай? Кайсы? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү сын атооч деп аталат.
“Балыктар” деген текстти окуп чыккыла.
Балыктар
Ысык-Көлдө түрдүү балыктар бар. Анын ичинен 12си көлдүн өзүнүкү, калганы башка
жактан алып келинген. Көлдөгү балыктар көк чаар, түрпү, каңылтыр чабак, форель, карп жана башкалар.
Аквариум балыктары эң кичинекей, кооз балыктар.
Алар алыскы өлкөлөрдөн алынып келет. Аквариумдагы кызыл, сары, алтын түстүү балыктарды карап отуруу – ден соолукка пайдалуу.
1-көнүгүү:
Текстти окуп чыгып, сын атооч сөздөрдү тапкыла. Аларды дептериңерге жазгыла.
Көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, форель, карп, эң кичинекей, кооз, кызыл, сары, алтын.
2-көнүгүү:
Тексттен 1-2-абзацтарын жазып, сын атооч сөздөрдүн астын сызгыла.
Физминутка:
Ээ (сол колду түз кылуу)
Баяндооч (эки колду катар коебуз)
Аныктооч (колду толкун кылуу)
Толуктооч (колду үзүк сызык кылуу)
Бышыктооч (эки колду башка коебуз)
Бышыктоо: 3-көнүгүү Сүрөттөр боюнча сын атоочторду катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Алма витаминге бай жемиш. Алманын составында витаминдер көп болот.
Чоң атам кызыл алманы үзүп берди. Апам алмадан кыям жасады.
Алма абдан таттуу экен.
Жыйынтыктоо:
5-көнүгүү: Балык темасына синквейн түзгүлө.
Кандай сын атоочторду пайдаландыңар ?
- Балык.
- Жылмакай, сыйдам.
- Сүзөт, туйлайт, көбөйөт.
- Балык сууда жашоочу жаныбар.
- Форель.
Үйгө тапшырма:
6-көнүгүү. Табышмакты жандыргыла. Жандырмагы менен сын атоочторду катыштырып , сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Канаты бар учпайт
Куйругу бар конбойт
Буту жок сойлойт
Буттуудай ойнойт (балык)
Азаматсыңар, балдарым, бүгүнкү сабакка аябай активдүү катыштыңар! Дайыма активдүү , акылдуу, зеендүү балдардан болгула!
Баалоо: Суммативдик баалоо.
Комментарийлер