Суу жана анын касиеттери. Жаратылышта суунун айланышы

  • 22.08.2024
  • 0
Суу жана анын касиеттери. Жаратылышта суунун айланышы

Мекен таануу, 3-класс

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү .

Колдонулуучу усулдар : байкоо жүргүзүү, изилдөө, баяндоо.

Окууну уюштуруунун формасы: жекече иштөө, жупта иштөө, топто иштөө

Баалоонун техникалары: бири-бирин баалоо, топторду баалоо, калыптандыруучу баалоо, жыйынтыктоочу баалоо.

Сабактын жабдылышы:

Проектор, карта, карточкалар;

ар бир жуп окуучу үчүн — стакандагы суу, тамчылаткыч (пипетка), кашык, чакмак кант;

ар бир топ үчүн бирден ватман, маркерлердин түрү;

ар бир окуучу үчүн — жекече тапшырмалар жазылган карточкалар, дептер, калемсап.

Максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар суунун касиеттерин билишет;

Өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, адамдын жашоосунда экологиялык таза суунун мааниси менен таанышышат;

Өнүктүрүүчүлүк: жаратылыштагы суунун айланышы жөнүндөгү түшүнүктөрү калыптанат;

логикалык ой жүгүртүүнү, элестетүүнү, баамчылыкты өнүктүрүшөт;

Тарбия берүүчүлүк: жаратылыш үчүн суунун баалуулугун көрүшөт; сууга аяр мамиле жасоого тарбияланышат.

Сабактын планы:

  1. Уюштуруу.

Жагымдуу жагдай түзүү.

  1. Үй тапшырмасын текшерүү.

III. Сабакты  актуалдаштыруу.

  1. Жаңы тема менен тааныштыруу, максат коюу.
  2. Темага киришүү.
  3. Практикалык иш.

VII. Физминутка.

VIII. Бышыктоо.

  1. Жыйынтыктоо, рефлексия.

X.Үйгө тапшырма.

  1. Баалоо.

Сабактын жүрүшү:

I.Уюштуруу  (Мугалим окуучулар менен учурашат, окуучулар окуу куралдарын даярдайт)

Жагымдуу жагдай:

Окуучулар музыканын коштоосунда парталарды айланып кыргыз оюулары чагылдырылган сүрөттөрдү колдонуп нейрогимнастика жасашат.

Баалоо критерийлери айтылат: ар бир туура жоопко бирден жылдызча алышат.

  1. Үй тапшырмасын текшерүү:

https://wordwall.net/ru/resource/68255599

Мугалим Wordwall платформа аркылуу үй тапшырмасын текшерип алат (окуучулар суроолорго жооп беришет)

III. Сабакты  актуалдаштыруу.

https://youtu.be/AxFrkiX00R8?feature=shared

Мугалим окуучуларга видеону көрсөтүп, суроо берет: Эмне жөнүндө видео?

Табышмак:  Күнү-түнү тынбаган

Бөлө чапса сынбаган?  (Суу)

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу:

Мугалим:

1) Суу деген эмне?

2) Жаратылышта суу кайда кездешет?

—  Балдар , бүгүн эмне жөнүндө сүйлөшөбүз? Биз суунун касиеттери жөнүндө кантип билсек болот? Биз бүгүн илимпоздор сыяктуу тажрыйба жүргүзүп, суунун касиеттери жөнүндө билебиз.

Окуучулар суроолорго жооп беришет. Бири бирин угуп, толукташат.

  1. Жаңы теманы кулактандыруу, максат коюу.

Окуучулар менен биргеликте максат коюлат.

  1. Темага киришүү:

Окуучулар китептеги сүрөттөр менен иштешет. Суунун жаратылыштагы ар кандай абалын айтышат.  (жамгыр, мөндүр, кар, муз, буу; суунун үч абалын айтышат)

Мугалим суроо берет: Кар деген эмне? Кар бүртүкчөлөрү-бул катуу абалдагы суу экенин кандайча далилдей аласыңар? Кимиңер мөндүрдү байкадыңар эле? Мөңдүрдүн тамчылары кандай көрүнөт?

Жаңы теманы түшүндүрүү.

Мугалим: Эми картаны карагыла. Суу планетабыздын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Жаратылышта океандар, деңиздер, көлдөр, саздар, өзөндөр суудан турат. Жасалма көлмөлөр, адам жасаган көлмөлөр, суу сактагычтар, каналдар бар. Суу Жердин түпкүрүндө, ал түгүл абада да бар. Жердеги жашоо суунун натыйжасында пайда болгон жана анын аркасы менен сакталып турат.

Суу тынымсыз айлануу абалында болот. Күндүн нурлары биздин планетанын бетин ысытат. Суу бууга айланат жана деңиздердин, өзөндөрдүн, көлдөрдүн бетинен, топурактан абага көтөрүлөт. Суу жылдын каалаган мезгилинде, ал түгүл аяздуу кышта да бууга айланат. Суу буусу — бул газ түспөлдүү абадагы суу. Суу буусу бийиктикте муздак суу тамчыларына айланат. Ушул тамчылардан булут түзүлөт. Кээде шамал аларды абдан алыс аралыкка айдап кетет. Акырындык менен булуттагы суу тамчылары чоңоёт, оорлошот жана жерге жамгыр же кар түрүндө түшөт. Жаратылышта суунун айланышы ушундайча болот.

Суунун жаратылышта айланышы тууралуу видео көрсөтүлөт.

https://youtu.be/rDib47jCzrE?si=1_a6LTag2mkyb0S-

Мугалим: Эми, балдар, биз суунун касиеттерин билүү үчүн тажрыйба жүргүзүп көрөбүз.

  1. Практикалык иш.

Окуучулар жупта иштешет.

1-тажрыйба. Суу куюлган стаканга кашыкты салгыла , кашыкты көрүп жатасыңарбы? Бул суунун кайсы сапаты жөнүндө билдирип турат? (тунук, түссүз)

2-тажрыйба. Суунун тамчысын бир тегиздикке тамызып көргүлө. Анын формасын карагыла. Эмне болду? Суунун бул касиетин эмне деп атаса болот?  (формасыз)

3-тажрыйба. Суунун жыты барбы? Аныктап көргүлө. (Жытсыз)

4-тажрыйба. Стакандагы сууга чакмак кант салгыла. Сууну аралаштыргыла. Эмнени байкадыңар? (Эриткич)

Мугалим айрым окуучулардын катачылыктарын айтып, түшүндүрөт.

Окуучулар мугалимдин жетекчилиги менен өз алдынча тажрыйба жүргүзүшөт. Ар бир тажрыйбадан кийин суроолорго жооп берип, өз таблицаларын толтурушат. Бири бирин баалашат. Кетирген каталарына баа беришет.

2-практикалык иш.

Мугалим окуучуларды 3 топко бөлөт.

Окуучулар алдын ала берилген тапшырма боюнча иштешет.

1-топ: Суу жөнүндө тартып келген сүрөттөрдү жакташат (дарыялар, океандар, деңиздер ж.б.)

2-топ: Жасап келген көлмөлөрдүн макетин презентациялайт (ГЭС, суу сактагычтар)

3-топ: Фетр кездемесинен жасап келишкен буюмдарын жакташат. (көл, дарыя, булак, саз).

Практикалык иш бүткөндөн кийин окуучулар өз ордуларына отурушат.

VII. Физминутка

Физминутканы музыканын коштоосунда жасашат.

Дарыяда сүзүү кандай сонун! (Сууда сүзүү кыймылдары)

Сол жагы — жээк, оң жагы — жээк! (Солго жана оңго бурулат)

Дарыя алдыда лентадай!     (Колдору  алдыга күүлөнөт)

Үстүн кара-көпүрө!              (Колдорун өйдө көтөрүшөт)

Ылдамыраак сүзгүлө-

Колдоруңар иштесин!

Бизди ким кууп жетет?        (Сууда сүзүү кыймылдары)

Дарыядан чыгабыз!             (Ордунда басышат)

Жээкке отуруп эс алабыз!  (Ордуларына отурушат).

VIII. Бышыктоо.

1.“Чачылган сүйлөмдөрдү кураштыр” тапшырмасы.

“Umaigra” интернет-платформа аркылуу оюн жүргүзүлөт.

https://www.umapalata.com/zexpo/game.html?LANG=RU&idGames=108968

  1. Мугалим окуучуларды кайрадан топко бөлүп иштетет.

Топ менен иштөө: 3  топко бөлүнүп, суу жөнүндө макалдар менен иштешет.

1-топ . “Макалдарды дал келтирүү».

Агын суу …

Аккан арыктан …

Билим — элге, …

Бир киши арык казса, …

Жети күндүк жаандан, …

Суу ичкен кудугуңа …

Суу сыйлаган зор болот, …

… желип өткөн суу жакшы

… түкүрбө

… суу кордогон кор болот.

… суу агат

… арам болбойт.

… суу – жерге

… миң киши суу ичет

(Окуучулар маркер менен макалдарды дал келтиришет).

2-топ. “Макалдарды толуктоо”

Суу ичкен кудугуңа …                       (түкүрбө)

Суу бар жерде-  …                             (жашоо бар)

Отун-олжо. …                                    (суу-кордук)

Жер азыгы-                                        (суу).

(окуучулар ватманга маркер менен жазышат)

3-топ. “Чачылган макалдарды куроо”

От менен ойнобо — күйөсүн, суу менен ойнобо — чөгөсүн.

Суу атасы-булак, сөз атасы-кулак.

Акыл -деңизден терең, билим-тоодон бийик.

(Окуучулар сөздөрдү ватманга туура чапташат).

Бул тапшырма аткарылгандан кийин окуучулар өз ордуларына отурушат.

  1. PISA форматында тест аткарышат. (Текст “Жандуу суу”)

Илгерки заманда азыркы Жалал-Абад шаарынын ордуна кыштак түшө электе Аюб аттуу бир адам жашаптыр. Ал бакубат жашап, бирок бей-бечараларга жардамы тийбептир. Сараңдыгынын айынан байлыгынан, үй-жайынан айрылып, оорулуу болуп калат. Аюб кырк жыл ооруйт. Ордунан тура албай калат. Бир күнү ага бейтааныш абышка келип:

  • Мен сени жандуу суу менен айыктырам,- деп аны өрөөндүн ичине ээрчитип барат да, бир жерди көрсөтүп.
  • Ушерди оң бутуң менен катуу теп,- дейт.

Аюб күүлөнүп келип жерди тепсе, ал жерден ысык суу чыгат.

  • Эми сууга жуун,-дейт абышка.

Аюб сууга жуунса, денесине күч-кубаты кайрылып келет.

  • Эми сол бутуң менен теп, — дейт абышка.

Сол буту менен жерди тепсе, муздак суу чыгат. Аюб ал суудан ичет. Денесиндеги жарадан толук айыгып кетет. Ошондон улам Жалал-Абад курортунун бир булагы “Аюб булак” деп аталып калыптыр. Ошондон бери ысык суусуна жуунуп, муздак суусунан ичкендер эч качан оорубайт, бала-бакыраларын да ошого үйрөтөт.

Азыр Жалал-Абад аймагында дүйнөгө белгилүү курорт жайгашкан. Бул жердеги дары булакка ден соолугун чыңдоо үчүн адамдар келишет.

Окучулар тексттин үстүндө иштешет, суроолорго жооп беришет.

  1. Жыйынтыктоо, рефлексия:

Окуучуларга жекече тапшырма:

Ар бир окуучуга тапшырма жазылган карточка таркатылып берилет.

Карточкалардагы таблицаны толтуруп, ар бири өзү толтурган таблицаны окуп чыгышат, суунун касиеттери жөнүндө тыянак чыгарышат.

Суунун абалы_____________________

Суунун түсү_______________________

Суунун тунуктугу___________________

Суунун даамы______________________

Суунун жыты_______________________

-Балдар, силер суу жөнүндө дагы кандай маалыматтарды билесиңер?

(окуучулар өздөрү таап келген маалыматтарды айтышат)

Мугалим:

Рефлексия: ”Күн нурлары”

Сабак кызыктуу болду десеңер, сары түстөн күн желекчесин курайбыз. Сабак кызыксыз болду, жаккан жок десеңер көк түстөгү желекчени чаптайбыз.

( Сары түстөгү карточкалардан күн желекчесин курашат.)

  1. Үйгө тапшырма:

1) Мугалим өзүлөрү жашаган жергенин көлмөлөрү жөнүндө уламыштар боюнча маалымат даярдоого тапшырма берет. (Кара-Суу көлмөсү, Таш-Булак суусу, Кара-Көл көлү)

2) Берилген видеону карап, тажрыйба жасап көрүү. https://youtu.be/KRze2y5uczs?si=Z81xHbJsirw6bEgV

  1. Баалоо:

Мугалим окуучуларды топтогон жылдызчаларын санатып, топтогон санына жараша баалайт.

Акышова Айзада, Кара-Көл шаары, Ч.Түлөбердиев атындагы № 2 жалпы билим берүү инновациялык мектеби

Бөлүшүү

Комментарийлер