Сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлар

  • 26.01.2025
  • 0
Сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлар

Орункулов Бактыяр, Жалал-Абад областы, Аксы району, Ш. Тойматов атындагы №7 “Иринжит” жалпы орто билим берүү мектебинин география мугалими

8-класс, 5е моделиндеги география предметинен сабактын иштелмеси

  1. Сабактын максаты: окуучуларга Кызыл китеп, анын мааниси жана анда катталган өсүмдүктөр менен жаныбарлар тууралуу түшүнүк берүү.
  2. Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучулардын критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү жана табигатты коргоо маанисине көңүл буруу.
  3. Тарбиялык максаты: окуучуларда жаратылышка болгон аяр мамиле кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жоопкерчилик сезимин калыптандыруу.

Керектелүүчү материалдар: компьютер, проектор, видео, Кыргызстандын физикалык жана саясий картасы, атлас, контур карта, окуу китеби, түстүү карандаш, маркер.

Кызыктыруу: сабакка саякаттоо аркылуу сабактын максаты түшүндүрүлөт.

Сүрөт аркылуу окуучулардын көңүлүн бурабыз.

  • Суроо: «Кызыл китеп деген эмне жана эмне үчүн ал маанилүү?»

Кыскача видеоматериал көрсөтүү же мисал келтирүү (мисалы, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген айрым өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу).

Кызыл китеп — өзгөчө коргоо тартибин киргизип, андан ары башын көбөйтүү максатында белгиленген мыйзам тартиби аркылуу бекитилүүчү жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар тууралуу маалыматтардын жыйындысы. Кызыл китеп 1981 жылы 13-апрелде бекитилген.

Окуучулар топторго бөлүнүшөт. 1-топ Кыргызстандагы Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр менен жаныбарларды атап беришет.

2-топ Кыргызстандагы кызыл китепке кирген канаттууларды жана балыктарды атап беришет.

2 этап. Изилдөө

Эксперимент жүргүзүү: 1-топ

Сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлар

2-топ

Сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлар

Маалымат чогултуу: 1-топ

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см. Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см. Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян, Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350- 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Негизинен ак илбирс дүйнөнүн 12 өлкөсүн гана байырлайт. Кыргызстанда илбирстер Тескей Ала-Тоодо, Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас Ала-Тоосунда, Чаткал, Какшаал-Тоо, Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. Илбирстер Беш-Арал коругунда, Ысык-Көл коругунда, Нарын коругунда, Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигет. Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет. Өлкөдө ак илбирстерге аңчылык кылгандарга 1 млн 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Кыргызстанда бир илбирстин баасы 10 миң доллар, ал эми сыртка чыкканда 40 миң долларга чейин жетери эл ичинде айтылып келет.  23-октябрда, ак илбирстин эл аралык күнү белгиленүүдө. Кыргызстан бул сейрек кездешүүчү жаныбарды сактоого активдүү катышууда.

2-топ: Айгүл гүлү  Баткендин эң кооз гүлү.  Гүлдүн илимий аталышы Рябчик-Эдуардо. Анын бир артыкчылыгы, тоонун капталында өскөнүндө болуп саналат. Айгүл гүлүнүн бийиктиги 1 метрге жеткен бүт сабагы жашыл жалбырактуу өсүмдүк. Анын гүлү кызгылт саары коңгүроого окшош. Бул гүл 7 жылда уругунан өсүп, 5-6 жылда гүлдөйт. Жылына бирден гүл кошот. Ошого байланыштуу, гүлдү көрүп туруп, канчага чыкканын аныктаса болот…

3-этап: кеңейтүү

Видео аркылуу маалымат берилет жана аны талкуулашат.

Видео көрүү менен сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо көйгөйлөрдү чечүү жолдорун изилдешет. https://youtu.be/-EfMD-thKZM

https://youtu.be/MbGlm9KZ3us

Төмөндө жаныбарлар жана өсүмдүктөр боюнча викторина суроолорун сунуштайм:

Жаныбарлар боюнча суроолор:

  1. Деңиздин эң чоң жаныбары кайсы?
    • а) Акула
    • б) Кит акула
    • в) Көк кит
    • г) Дельфин
      (Жооп: в) Көк кит)
  2. Кайсы жаныбар артка баса алат?
    • а) Канаттуу пил
    • б) Чаян
    • в) Кенгуру
    • г) Төө
      (Жооп: б) Чаян)
  3. Адамга эң жакын генетикалык жактан окшош жаныбар кайсы?
    • а) Горилла
    • б) Шимпанзе
    • в) Орангутан
    • г) Лемур
      (Жооп: б) Шимпанзе)
  4. Эң ылдам чуркаган жаныбар кайсы?
    • а) Леопард
    • б) Барс
    • в) Гепард
    • г) Каплан
      (Жооп: в) Гепард)
  5. Түн ичинде эң жакшы көрө алган жаныбар кайсы?
    • а) Жапалак
    • б) Жолборс
    • в) Түлкү
    • г) Жарганат
      (Жооп: а) Жапалак)

Өсүмдүктөр боюнча суроолор:

  1. Жер жүзүндө эң бийик өскөн дарак кайсы?
    • а) Баобаб
    • б) Эвкалипт
    • в) Секвойя
    • г) Карагай
      (Жооп: в) Секвойя)
  2. Кайсы өсүмдүктүн жалбырагы эң чоң болот?
    • а) Кокос пальмасы
    • б) Баобаб
    • в) Рафлезия
    • г) Банан
      (Жооп: г) Банан)
  3. Кайсы өсүмдүк «жашоо дарагы» деп аталат?
    • а) Эмбо
    • б) Баобаб
    • в) Кедр
    • г) Эмен
      (Жооп: б) Баобаб)
  4. Дарактын жашын кантип билсе болот?
    • а) Жалбырактарынан
    • б) Түбүнүн калыңдыгынан
    • в) Жыл бою пайда болгон шакектерден
    • г) Жемиштеринен
      (Жооп: в) Жыл бою пайда болгон шакектерден)
  5. Дүйнөдөгү эң уулуу өсүмдүк кайсы?
    • а) Кастор өсүмдүгү
    • б) Ит мурун
    • в) Таттуу бадыраң
    • г) Ландыш
      (Жооп: а) Кастор өсүмдүгү)

Тапшырма: Кыргызстандын аймактарындагы Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу маалымат чогултуп, реферат даярдоо.

4-этап: баалоо

Мугалим сабактын жүрүшүндө баалоо жүргүзүү. Өзүн-өзү баалоо. Окуучулар өз ишмердүүлүгүн жана жетишкендиктерин баалашат.

Бөлүшүү

Комментарийлер