Селекция организмдердин маданий формаларынын өзгөрүү жолу

  • 08.10.2026

Биология, 9-класс

Сабактын тиби: Жаңы билим берүүчү сабак.

Селекция организмдердин маданий формаларынын өзгөрүү жолу

Сабактын максаттары

Билим берүүчүлүк: Окуучулар селекция илиминин маанисин түшүнүп, маданий өсүмдүктөр менен үй жаныбарларынын жапайы ата-тегинен айырмачылыктарын жана бул өзгөрүүлөрдүн себептерин (жасалма тандоону) аныктай алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Жапайы жана маданий формаларды салыштыруу аркылуу адамдын кийлигишүүсү организмдердин генетикалык өзгөчөлүктөрүнө жана сырткы көрүнүшүнө кандай таасир этерин логикалык жактан талдап, моделдештиришет.

Тарбиялык: Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда селекциянын ролун баалап, келечектеги биотехнологиялык жетишкендиктерге карата жоопкерчиликтүү көз карашты калыптандырышат.

Керектелүүчү материалдар: Ноутбук, проектор, плакаттар, түстүү сүрөттөр.

Контекст: Жеке, жергиликтүү, глобалдык.

Көндүмдөр: Байкоо, сүрөттөө, изилдөө, салыштыруу, баарлашуу, жыйынтык чыгаруу, анализдөө.

Сабактын планы.

  1. Engage – Кызыктыруу (5 мүнөт)

Максаты:

Окуучулардын көңүлүн буруу жана «жапайы» менен «маданий» формалардын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтүү.

«Тааныш бейтааныштар» викторинасы

Мугалим экрандан үч сүрөттү көрсөтөт:

  1. Ичке, куураган чөпкө окшош өсүмдүк — теосинте.
  2. Кичинекей, даамы ачуу жапайы дарбыз.
  3. Азуулары чоң жырткыч — карышкыр.

Суроо: «Бул сүрөттөрдө көрсөтүлгөн организмдерди бүгүнкү күндө күнүмдүк жашоодо кандай формада билебиз?»

Жооптор:

  1. Теосинте → жүгөрү
  2. Жапайы дарбыз → дарбыз
  3. Карышкыр → ит

Проблемалык суроо: «Жаратылышта жүгөрү өзүнөн-өзү азыркыдай чоң жана таттуу болуп өзгөрүшү мүмкүн беле? Эгер мүмкүн эмес болсо, аны ким жана кандай жол менен өзгөрткөн?»

Санариптик ресурс: STEM санарип кампасы — «Селекция — организмдердин маданий формаларын өзгөртүү жолу»

2. Explore – Изилдөө  (10–12 мүнөт)

Максаты: Селекциянын механизмин — тандоону — практикалык оюн аркылуу түшүнүү.

Топтук оюн: «Фермердин тандоосу». Класс чакан топторго бөлүнөт. Ар бир топ — «Селекционерлер тобу».

Ресурс: Ар бир топко «Жапайы алманын» 20 сүрөтү же карточкасы берилет. Карточкаларда алмалардын мүнөздөмөлөрү жазылган. Мисалы: «кичинекей, бирок таттуу», «чоң, бирок кычкыл», «курт түшкөн», «кызыл, бирок даамсыз».

Тапшырма: Силердин максатыңар — «Чоң жана таттуу» алманын жаңы сортун алуу.

  1. Колуңардагы 20 алманын ичинен кийинки жылы көбөйтүү үчүн эң мыкты 2 алманы тандагыла.
  2. Эмне үчүн дал ушул эки алманы тандаганыңарды түшүндүргүлө.
  3. Тандалган эки алманын «балдары» кандай белгилерге ээ болушу мүмкүн? Божомолдогула.
  4. Эгер силер бир нече муун бою эң чоң жана эң таттуу алмаларды гана тандасаңар, натыйжада кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?

Жыйынтыктоочу суроо: «Силердин тандооңор алманын кийинки муундарына кандай таасир этиши мүмкүн?»

Бул процессти 10 жыл кайталаса эмне болот?

Жыйынтык: Окуучулар керектүү белгилери барларын гана калтырып, калганын четтетүү (жасалма тандоо) аркылуу жаңы сорт пайда болорун түшүнүшөт.

Селекция организмдердин маданий формаларынын өзгөрүү жолу

  1. Explain – Түшүндүрүү (10–12 мүнөт)

Максаты: Илимий терминдерди киргизүү жана селекциянын негиздерин түшүндүрүү.

Мини-лекция жана схема. Мугалим Н. И. Вавиловдун маданий өсүмдүктөрдүн келип чыгуу борборлору жана селекциянын негизги ыкмалары жөнүндө түшүндүрмө берет.

Селекция — (лат. selectio — тандоо) жаныбарлардын жаңы породаларын, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана микроорганизмдердин жаңы штаммдарын алуу жана чыгаруу ыкмаларын иштеп чыгуучу илим.

Салыштыруу

Табигый тандалууЖасалма тандалуу (селекция)
МаксатыОрганизмдердин айлана-чөйрөгө ыңгайлашып, жашап кетишин камсыз кылууАдамга керектүү белгилерге ээ болгон организмдерди алуу
Кыймылдаткыч күчүТабигый чөйрөнүн шарттарыАдамдын максаттуу тандоосу
НатыйжасыАйлана-чөйрөгө жакшы ыңгайлашкан организмдердин белгилери муундан муунга сакталып, кеңири тарайтАдам үчүн пайдалуу белгилери бар жаңы сорттор, породалар жана штаммдар алынат

Жыйынтыктоочу суроо: «Табигый тандалуу менен жасалма тандалуунун негизги айырмасы эмнеде?»

  1. Elaborate – Тереңдетүү (10 мүнөт)

Максаты: Алынган билимдерди чыгармачылык менен колдонуу жана келечектеги организмдерди моделдөө.

Креативдүү долбоор: «Келечектин организми»

Легенда: Жер шарында климат кескин өзгөрүп, суу ресурстары өтө тартыш болуп калды. Силердин милдетиңер — адамзатты ачарчылыктан сактап калууга жардам бере турган өсүмдүктүн же жаныбардын жаңы формасын моделдөө.

Тапшырма: Баштапкы материал: кадимки буудай же уй.

Максат: суусу аз, кургак чөл шартында жашай алган жаңы сортту же породаны моделдөө.

Долбоор:

  1. Жаңы организмдин сүрөтүн тарткыла.
  2. Ага ат койгула.
  3. Анын негизги өзгөчөлүктөрүн жана пайдалуу белгилерин жазгыла.
  4. Бул белгилер эмне үчүн кургакчылык шартында жашоого жардам берерин түшүндүргүлө.

Мисалдар:

  • «Төө-Уй» — төө сыяктуу суусуз шартка узак убакыт чыдайт, бирок сүт берет.
  • «Кактус-Буудай» — тикенектери бар, сууну топтой алат жана дан берет.

Талкуу: «Бул организмди алуу үчүн селекционер кайсы белгилерге көңүл бурушу керек?», «Кайсы белгилерди тандоо аркылуу организмдин кургакчылыкка туруктуулугун жогорулатууга болот?»

  1. Evaluate – Баалоо (5–7 мүнөт)

Максаты: Сабакты жыйынтыктоо жана окуучулардан кайтарым байланыш алуу.

«Венн диаграммасы» — логикалык талдоо. Окуучулар дептерлерине бири-бири менен кесилишкен эки тегерек чийишет.

1-тегерек: Табигый тандалуу.
2-тегерек: Селекция (жасалма тандалуу).

Кесилишкен бөлүгү — окшоштугу:

  • экөө тең тукум куучулукка жана өзгөргүчтүккө негизделет;
  • экөөнүн тең натыйжасында белгилүү бир белгилер муундан муунга берилиши мүмкүн;
  • экөө тең организмдердин белгилеринин өзгөрүшүнө алып келет.

Тегеректердин өзүнчө бөлүктөрү — айырмачылыгы:

  • Табигый тандалуу — жаратылыш шарттарынын таасири астында жүрөт жана организмдердин айлана-чөйрөгө ыңгайлашуусуна алып келет;
  • Жасалма тандалуу (селекция) — адамдын максаттуу тандоосунун негизинде жүргүзүлүп, адамга пайдалуу белгилерди алуу үчүн колдонулат;
  • селекцияда белгилүү белгилерди тандоо жана бекемдөө багытталган түрдө жүргүзүлгөндүктөн, натыйжага салыштырмалуу кыска убакытта жетишүүгө болот.

Рефлексия: «Бир сөз». Окуучулар бүгүнкү сабактан алган таасирин же негизги түшүнүгүн бир сөз менен билдиришет.

Мисалдар: «Тандоо», «Келечек», «Жүгөрү», «Жоопкерчилик», «Селекция», «Өзгөрүү».

Тапшырмалардын өзгөчөлүгү

«Тааныш бейтааныштар». Окуучуларды таң калтырган визуалдык материалдар аркылуу сабакка кызыктырат. Көпчүлүк окуучулар жүгөрү же дарбыз сыяктуу маданий өсүмдүктөрдүн жапайы ата-тектерин көрө элек болушу мүмкүн. Бул ыкма алардын кызыгуусун жаратып, жаңы теманы изилдөөгө түрткү берет.

«Фермердин тандоосу». Селекциянын негизги механизмдеринин бири болгон тандоону оюн түрүндө түшүндүрөт. Окуучулар жөнөкөй тандоонун артында максаттуу жана узак мөөнөттүү эмгек турганын түшүнүшөт.

«Келечектин организми». Окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү менен бирге, селекциядагы пайдалуу белгилерди тандоо жана бекемдөө принцибин колдонууга шарт түзөт. Ошондуктан бул тапшырма жөн гана сүрөт тартуу эмес, илимий негизде организмди моделдөө болуп саналат.

Селекция организмдердин маданий формаларынын өзгөрүү жолу

Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Кичи-Жаргылчак айылы,

Чоң-Жаргылчак жалпы билим берүү мектебинин

биология мугалими Жолдошбек кызы Мээрим.

Бөлүшүү