САБАКТА ОКУУЧУЛАРГА ҮЙ ТАПШЫРМАСЫН БЕРҮҮ
- 17.07.2023
- 0
Кайыргүл Насипова,
Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы
№71 мектеп-интернатынын физика мугалими
“Катардагы мугалим — айтып берет, Жакшы мугалим — түшүндүрөт
Алдынкы мугалим — көрсөтүп да берет, Улуу мугалим — шыктандырат”
Максаты: Үй тапшырмасын берүүдөгү кемчиликтер жана аларды түзөтүүнүн жолдору
Мен педагогикалык тажрыйбамда төмөнкүнү байкадым. Айрым өз ишинин устаты чыгаан мугалимдер сабакты жакшы өтүп эле калбастан, үй тапшырмасын учурунда туура, рационалдуу берип, окуучулардын мыкты билим алуусуна жетише алат.
Бирок өкүнүчтүүсү көпчүлүк, айрыкча жаш мугалимдер үй тапшырмасын туура эмес учурда рационалдуу эмес берип, окуучулардын башын айландырат. Берген билимин окуучулар алып, бышыктап өстүрүүсүнө толук жетише албайт.
Көпчүлүк учурда мугалимдердин сабактарында, үй тапшырма берүүдө төмөнкү кемчиликтерди байкаса болот.
1.Үйдө сабакка даярданганда, план жазууда үй тапшырмасы рационалдуу тандалып, пайдаланылбайт. Көбүнчө планда тапшырма, мисалдын номери эле берилип коюлат. Ойлонуштурулбайт, тапшырма диференциалдуу тандалбайт.
2.Сабак өтүп жатып, звонок болгондон кийин же болоор алдында окуучулар алагды болуп, тапшырманы түшүнбөй, үйдө аткара албай, даяр эмес келет.
3.Үй тапшарма комментарийсиз, түшүндүрүүсүз же үстүртөн эле түшүндүрүлүп берилет.
4.Үй тапшырмасын бергенде үлгү, айрыкча татаал тапшырмалардын үлгүсү көрсөтүлбөйт. Кээде оңой маселе-мисалдар класста иштелип татаалы үйгө берилип калат.
5.Маани-мазмунсуз жөнөкөй китептеги сүрөттү, схеманы чийүү, жазып келүү көп берилет.
6.Чыгармачылыкты, ойлонууну талап кылган иштер аз берилет.
7.Үй тапшырма аткаруунун методдору жол жобосу үйрөтүлбөйт.
- Кээде ашыкча көп тапшырма берилет.
9.Окуучулар чарчап чаалыккан учурда берилет.
10.Окуучунун ою, пикири бир жерге бир жерге топтолуп, кызыктырылып берилбейт ж.б.
Мугалидердин сабагында байкалган ушул жана башка кемчиликтерди эске алап, бул кемчиликтерди түзөтүү үчүн төмөнкүлөрдү пайдалансак болот:
- Үй тапшырмасын берүү жөнүндө сабакка даярдануу процессинде ойлонуп, тапшырманы аныктоо.
- Тапшырманы дифференциалдуу 3-4 деңгээлде даярдоо.
- Сабактын 1-этабында б.а. үй тапшырмасын текшерүү этабында, эгер окуучулар өткөн орчундуу, келеркиге керек боло турган жерлерин түшүндүрүп, кайра тапшырма берүү (өткөн тема боюнча).
- Жаңы теманы түшүндүрүү процессинде айрым чакан тапшырмаларды берип кетүү.
- Жаңы теманы түшүндүрүп бүткөндө тапшырма берүү.
- Бышыктоо процессинде б.а. маселе, көнүгүү иштөө же суроо-жооп учурунда үй тапшырмасын кошо берүү.
- Эч качан үй тапшырмасын сабактын акырында жыйынтыктап бүтүп баалап бербөө керек .Себеби балдар 45 мин ичинде чарчап, звонокту күтүп алагды болот. Эң башкысы көнүлдү топтоо, көңүл буруу, кабылдоо жөндөмү төмөндөп кетет.
Үй тапшырманын мүнөзү чыгармачыл, көп түрдүү, эң башкысы рационалдуу болуусу шарт б.а. көп да эмес, аз да эмес зарыл деңгээлде.
Үй тапшырма бергенде албетте окуучулардын көңүлүн бир жерге топтоп, доскага жазып, күндөлүккөө жаздырып, аткаруунун жолун түшүндүрүү зарыл.
Тапшырма менен окуучулар көрүп, таанышып чыксын. Бул эң маанилүү көпчүлүк учурда окуучулар тапшырманан номерин жазып, өзүн көрбөй үйгө кетет. Үйдө көрүп түшүнбөй, суроо берүүгө мугалимди таппайт. Ошон үчүн таанышып окуучулар суроо беришип талап кылуу керек.
Эч качан тапшырма боюнча берилген суроо үчүн окуучуну кагып, кайруу мүмкүн эмес.
Көбүнчө ата-энелер балдары мектепке тапшырманы түшүнбөй келип, тапшырмаларды аткарып бериңизчи деп ыйлап отурганын айтышат 4-5 ке окуган окуучулардын арасында да бар мындайлар. Натыйжада окуучу үй тапшырмасын аткара албайт, кыжаалат болот, мектепке баргысы келбейт, ошол сабакка кирбейт.
Үй тапшырмасынын эң башкы милдети мугалим үйрөткөн, берген билим, көндүм тапшырманы бышыктап, үйдө бекемдөө. Ошолордун негизинде окуучулар өз алдынча даярдануусу керек.
Мугалимден алган билим, көндүм, ыкманы өз алдынча чыгармачылык менен пайдалануусу керек.
Үй тапшырма берилгенде окуучунун кызыгуусу, жөндөмүн да эске алап, бир эле мазмундагы тапшырманы бир нече ыкмада, формада жасоого берсе болот. Мисалы:
- Окуп, түшүнүп, сүйлөөгө даярдануу (традициялуу).
- Ошол эле темага схема чийүү.
- Эссе жазуу.
- Таблица, диаграмма чийүү, сүрөт тартуу.
- Окшош маселе, мисал өзү түзүсүү.
- Макет, конструкций түзүп келүү.
- Ролдоштуруп атакаруу, конспект түзүү.
- Энциклопедия, справочниктерден пайдаланып, кошумча маалымат, билдирүү жасап келүү.
- Колго калем алап, китеп, текстердин ичичнен негизгилерди сызып, белгилеп келүү.
- Тема акырындагы суроолорго жооп таап, же өз алдынча теманы түйүндүү маселелер боюнча суроо, тапшырмаларды түзүп келүү.
- Теле радио, гезит-журналдардан айлана-чөйрө, турмуштан ошого далил мисалдарды, окуя кубулуштарды таап жазып келүү.
- Темадагы айрым учурларды, каармандарды сындоо, жактоо, баалоо.
Комментарийлер