Сүттөн жасалган азыктар

  • 07.04.2026
  • 0
Сүттөн жасалган азыктар

                                 Тостокеева Алтынай, Жумгалбек Аманбаев атындагы жалпы билим берүү

мектебинин башталгыч классынын мугалими, Жети-Өгүз району, Кабак айылы

 Изилдөө долбоору

Долбоордун максаты:

  • Балдарга сүттүн пайдасын түшүндүрүү
  • Сүттөн жасалган азыктар менен тааныштыруу
  • Жөнөкөй сүт азыктарын өздөрү жасап көрүүгө шарт түзүү
  • Изилдөө, салыштыруу, байкоо жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү

Долбоордун милдеттери:

Сүттүн келип чыгышы жана курамы жөнүндө маалымат чогултуу. Сүттөн жасалган негизги азыктарды аныктоо (каймак, айран, йогурт, быштак, сыр, курут, сүзмө, сары май). Ар бир азыктын жасалыш процесси менен таанышуу. Бир-эки азыкты класста жасап көрүү.

Колдонулуучу материалдар:

  • сүт, сүт тарткан машина
  • айран, сүзмө, куруттун түрлөрү, быштак
  • каймак, сыр, чалап, туз, сода
  • мискей, чыны, сүзгүч
  • майда идиштер, плитка
  • сүрөт, видеолор, плакат

Сабактын жүрүшү. Уюштуруу:

Кызыктуу маалыматтар: Кепшеп жаткан уй бир мүнөттүн ичинде жүзгө жакын чайноо кыймылын жасай алат. Орто эсеп менен саан уй өмүр бою эки жүз миң стаканга жакын сүт берет. Уйлар орто эсеп менен жыйырма жыл жашайт, бирок жүз жылга чейин жашагандары да бар.

Мугалимдин сөзү: Бүгүн, балдар, биз абдан кызыктуу жана пайдалуу тема – сүттөн жасалган азыктар жөнүндө изилдеп көрөбүз. Сүт — бул адамдын ден соолугу үчүн эң маанилүү азыктардын бири. Анын курамында кальций, витаминдер, пайдалуу белоктор абдан көп. Ошондуктан сүттөн жасалган азыктар тамак-аштын эң керектүү түрүнө кирет. Алгач, сүт кайдан алынарын эстеп көрөлү? Ооба, сүттү уйдан, бээден, эчкиден, төөдөн алышат. Ал эми бүгүн биз уйдун сүтүнөн кандай азыктар жасаларын билип гана койбой, айрымдарын өзүбүз жасап көрөбүз. Биз изилдөө долбоорубузда төмөнкү суроолорго жооп издөөбүз керек:

  • Сүт эмнеден турат?
  • Каймакты сүттөн кантип бөлүп алабыз?
  • Сүттөн кандай азыктар жасалат?
  • Айран кандай уютулат?
  • Быштак кандайча пайда болот?
  • Сыр кандайча жасалат?

Сүттүн курамы татаал келип, анда организмге керектүү 100дөн ашык азык зат: май кислоталары, аминокислоталар, витаминдер, кант, түрдүү минерал туздар жана башкалар бар. Уй сүтүндө 87,3% суу, 3,8% май, 3,3% белок, 4,7% көмүр суулар, 0,7% минерал заттар болот.

Бүгүн топтор боюнча иш алып барып, үч түрдүү азыкты жасап көрөбүз: каймакты өзүм жасап көрсөтүп берем.

  Каймак алуу

  •            Сүттү 35–45°C чейин жылуулукта ысытуу
  •            Өтө муздак же ысык сүт майды жакшы бөлбөйт
  •            Сепараторду туура чогултуу
  •            Сепараторду айлантуу (ручканы буроо)
  •            Жылуу сүттү акырындап сепараторго куюу
  •            Каймак чыгып баштайт

Сүттөн жасалган азыктар

Сүттөн жасалган азыктар 

Мугалим: Эсиңерде болсун, биз бүгүн жөн гана тамак жасабайбыз — биз илимий изилдөө жүргүзөбүз. Байкайбыз, салыштырабыз, жыйынтык чыгарабыз. Ар бириңердин ой-пикириңер, байкооңор абдан маанилүү.

Сүттөн жасалган азыктар жөнүндө кеңири түшүнүк алуу жана аларды өз колубуз менен жасап көрүү. Силерге ишенем, азыр мыкты изилдөөчүлөр болуп чыгасыңар!

Топтук тапшырмалар:

  • 1-топ — айран уютуу
  • 2-топ — быштак чыгаруу
  • 3-топ — сыр бышыруу

 Практикалык бөлүк — балдар жасап көрө турган жеңил тажрыйбалар

   1-топ: Айран уютуу

Сүттөн жасалган азыктар

Уйдун сүтүн жылытабыз, 1 кашык айранды аябай чалып, сүт кошуп кайра чалып, сүткө куюп, жылуу жерге 6–8 саат коюлат. Натыйжа: Балдар айрандын уюганын  6-8 сааттан кийин көрүшөт.

Презентация: Айран — абдан пайдалуу сүт азыгы, организмге керектүү бир топ витаминдерге жана минералдарга бай. Ашказанды жеңилдетет, сиңирүүнү жакшыртат, иммунитетти бекемдейт, арыктоого жардам берет, кан басымды нормалдаштырат.

 2-топ: Сыр жасоо

1л чийки сүттү отко коюп, кайнаганы калганда 1кг быштакты кошуп аралаштырабыз. Сары суусу бөлүнүп калганда сүзүп алып, кайра казанга салып, сода, туз, жумуртка кошуп, аралаштырабыз, чоюлчаак болуп бир массага келгенде калыпка салып, ныктап, муздаткычка салып койсок сыр пайда болот.

Презентация: Сыр — организмге абдан керектүү азыктардын бири. Ал белокко, кальцийге, витаминдерге жана пайдалуу майларга өтө бай. Туруктуу жана туура өлчөмдө колдонулса, ден соолукка көп пайда алып келет.

Сыр кальцийге жана фосфорго өтө бай. Балдар, кош бойлуулар жана улгайгандар үчүн маанилүү, тиш эмалын чыңдайт, кариес коркунучун азайтат, курамындагы В витаминдер тобу (B2, B6, B12) нерв системасын колдойт, кальций жана магний жүрөктүн ишин жакшыртат, серотонин өндүрүшүн көбөйтүп, маанайды көтөрүүгө жардам берет.

3-топ: Быштак алуу (өтө оңой)

Чийки сүт жылуу жерде турганда ирийт. Ириген сүттү отко коюп кайнагыча ысытабыз.

  • Уюп калгандан кийин марля менен сүзөбүз.
  • Натыйжа: Быштак пайда болот.

Презентация:  Быштак (творог) — өтө пайдалуу, жеңил сиңген сүт азыгы. Анын курамында организмге керек болгон белок, витаминдер жана минералдар көп болгондуктан, ар кимдин тамак рационунда болушу зарыл. Жогорку сапаттуу белок булагы. Сөөктөрдү жана тиштерди бекемдейт, ашказан-ичеги системасын жакшыртат, кан басымга жана жүрөккө жакшы, метаболизмди ылдамдатат, тери, чач жана тырмак үчүн пайдалуу, гемоглобинди көтөрүүгө жардам берет.

Ар бир топ өз азыгынын жасалышын түшүндүрүп берүү менен жасашат.

Сүттөн жасалган азыктар

Бышыктоо

Изилдөө суроолору

  • Сүт кайдан алынат?
  • Сүт эмнеден турат?
  • Сүттү эмне үчүн кайнатып коюшат?
  • Сүттөн кандай азыктар жасалат?
  • Айран менен йогурттун айырмасы эмнеде?
  • Быштак кандайча пайда болот?
  • Каймак кантип алынат?
  • Сырды кантип кайнатабыз?

Жыйынтыктоо

Сабактын аягында баарыбыз чогулуп, алынган натыйжаларды талдайбыз. Кайсы азык тез даяр болду? Эмнеси жакты? Эмнеси кыйын болду? Алдыбызга коюлган максаттарыбызга жеттикпи? Ушул азыктардын кайсынысы бизге кандай пайда алып келээрин билдик?

Рефлекция: манжа менен көрсөтүү

Баалоо: Азаматсыңар балдар! Сабакка активдүү катышып бергениңерге чоң ырахмат!

Бөлүшүү

Комментарийлер