Радиоактивдүү нурлар. α, β, γ нурларынын табияты жана ядродогу ички айлануулар

  • 07.09.2026

 9-класс, физика

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү (Интеграцияланган STEM-сабак)

Сабактын формасы: Топтук изилдөө, лабораториялык-санариптик талдоо жана жекече, жуптарда иштөө.

Сабактын ыкмасы: Интерактидүү ыкмасы, 5Е модели, санариптик технологиялар аркылуу окутууну оюн түрүндө уюштуруу.

Техникалык каражаттар: МКТ, ноутбук, уюлдук телефондор.

Санариптик ресурстар: JeopardyLabs, Vascak виртуалдык лабораторияc, Plickers AR видео-эксперименти.

Дидактикалык материалдар: Plickers QR-карточкалары, топтор үчүн деңгээлдик тапшырмалар, баалоо жана мотивациялоочу карточкалары.

STEM-объекттер: Табигый изотоп булактары (банан, картошка), Менделеевдин мезгилдик таблицасы. 

Сабак аралык байланыш (Интеграция): Математика (изотоптордун үлүшүн эсептөө жана графиктерди талдоо), биология (радиоактивдүүлүктүн тирүү организмдерге жана ДНКга тийгизген таасири), химия (ядролук айлануулар жана химиялык элементтердин касиеттери).

Баалоо ыкмалары: Аныктоочу, калыптандыруучу, жайынтыктоочу баалоо.

Сабактын максаттары: (Эмнеге үйрөтөбүз?)

Билим берүүчүлүк: Окуучулар радиоактивдүү нурлар. α, β, γ нурларынын физикалык табиятын түшүнүп, ядродогу ички айлануулардын натыйжасын,  жылышуу эрежесин үйрүшөт;

Өнүктүрүүчүлүк (STEM): Окуучулар математикалык эсептөөлөр, химиялык реакциялар, санариптик симуляциялар  (Vascak) аркылуу теорияны практика менен байланыштырып, сынчыл ой жүгүртүү өнүгөт;

Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларда радиациялык коопсуздук маданияты калыптанат, илимдин жетишкендиктерин адамзаттын кызыкчылыгына медицина, энергетика, илим изилдөөгө колдонуу керек экендигине тарбияланат.

Көрсөткүчтөр: (Индикаторлор) Эгерде окуучу нурлардын түрлөрүн бири-биринен айырмаласа, радиоактивдүүлүктү жылышуу эрежесинин негизинде эсептеп,  аныктай алса; Эгерде окуучулар табигый изотоптордун активдүүлүгүн эсептептөөдө формулаларды колдонсо, топтук, жуптук иштерде өз пикирлерин далилдүү аргументтер менен коргосо; Эгерде окуучу радиациядан коргонуунун жолдорун (аралык, убакыт, экран) атап берип, сабак учурунда “Табият менен таттуу мамиледе болуу”  осуятынын маңызын аңдап, топтордо бирин-бири сыйлап, жоопкерчилик менен иштесе.

Күтүлүүчү натыйжа: (Окуучу эмнеге жетет?) Нурлардын табиятын мүнөздөп, айырмалай алышат; ядродогу ички айланыштардын жылышуу эрежесинин негизинде радиактивдүүлүктү эсептеп, аныкташат; Маселе чыгарууда формулаларды так колдонот; STEM долбоорунун негизинде логикалык корутунду чыгарат; Коопсуздук эрежелерин күнүмдүк турмушта колдонуу жолдорун билет; Илимий этиканы жана жоопкерчиликти сезе билет.

Сабактын жүрүшү: 5E этаптары. 1. Кызыктыруу (5 мин.) 

Мугалимдин иш-аракети: «Нуклон оюнунун» жардамында жагымдуу атмосфера түзүп, эрежелерди эске салып, окуучулардын максаттарын угат. Чернобыль  тууралуу 1 мүнөттүк видео-слайд жана мутацияланган жаныбарлардын сүрөттөрүн көргөзөт.

Сабактын жүрүшү: «Бул окуялардын себеби эмнеде?» — деген суроо салат.

Окуучунун иш-аракети: Окуяларды талдоо менен сабактын темасын аныкташат. Jeopardy платформасында суроолорго жооп берип, түшүктөрүн калыптандырышат. https://jeopardylabs.com/edit/2026-04-10-121

Керектелүүчү каражаттар: слайд, видео-ролик,  Jeopardy платформасы

2. Изилдөө (10 мин.). Топторго концептуалдык суроолорду, пазл түрүндөгү сүрөттөрдү жана маалыматтарды таратат. Изилдөөгө багыт берет.

α тобуна: “Адамзатка эмне үчүн атом энергиясын колдонуу зарылдыгы келип чыккан?”

β тобуна: “Адамзат Чернобыль кырсыгынан кандай сабак алды?”

γ тобуна:“Радиациянын биологиялык, экологиялык таасирин талдагыла.”

Окуучунун иш-аракети: окуучулар суроолорду талкуулашып, талдоо жүргүзүшүп, өз ойлорун негиздеп, жыйынтыктарын топтордо жакташат.

3. Түшүндүрүү (12 мин). Презентациянын негизинде радиоактивдүү нурлардын табиятын, касиеттерин, пайдалуу жана зыяндуу жактарын түшүндүрүп, ядродогу ички айланыштардын-радиоактивдүү-лүктүн жылышуу эрежесин виртуалдык лабораториялардын жардамында көрсөтөт.

STEM:

Радиоактивдүү нурлар. α, β, γ  нурларынын табияты жана ядродогу ички айлануулар

AR тарабынан жасалган «Сүйлөөчү нурларды» көрсөтөт. https://alpha-beta-gamma-radioactivity.netlify.app/

Нурлардын касиеттерин теориялык жактан бышыктайт.

Радиоактивдүү нурлар. α, β, γ  нурларынын табияты жана ядродогу ички айлануулар

Окуучунун иш-аракети:  1. AR чыныгы дүйнөгө виртуалдык дүйнөнү кошуу методикасынын негизинде алган маалыматтарына таянып, альфа, бета жана гамма нурларынын бири-биринен айырмасын  жуптарда иштеп мүнөздөшөт.

2. Соддинин жылышуу эрежесин колдонуп, ядролук реакциялардын теңдемелерин жазышат.

4. Тереңдетүү (8 мин.). Vascak https://www.vascak.cz/data/android/physicsatschool/template.php?s=jadro_rady&l=en симуляторунун жардамында жылышуу эрежесин эсептеп көргөзүп, окуучуларга мисал берет.

Радиоактивдүү нурлар. α, β, γ  нурларынын табияты жана ядродогу ички айлануулар

Окуучунун иш-аракети:  Ар бир окуучу өз алдынча химиялык реакцияларды жазып, радиоактивдүү элементтер ядролук ички айлануунун натыйжасында болоорун далилдешет.

5. Баалоо (5 мин.). Пликерс аркылуу окуучулардын теманы түшүнүү деңгээлин аныктап, баалап, сабакты жыйынтыктайт. Тапшырма берип, сабактын жыйынтыгын чыгарат: Кыргызстандагы уран калдыктары жана радиациялык коопсуздук» деген темада доклад даярдоо.

Радиоактивдүү нурлар. α, β, γ  нурларынын табияты жана ядродогу ички айланууларЫсмайыл кызы Канымайым, Бишкек шаарынын Ленин районундагы

№79 жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими

Бөлүшүү