ПИЛДИН БАЛАСЫ (4-класс, класстан тышкаркы окуу сабагы)
- 24.10.2023
- 0

СУПАТАЕВА Нурзат, Түп районундагы №14 Өмүр баатыр атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстар мугалими
ПИЛДИН БАЛАСЫ (4-класс, класстан тышкаркы окуу сабагы)
Сабактын максаты:
Көрсөткүчтөр:
Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде окуучу:
1.Билим берүүчүлүк:
Окуучулар “Пилдин баласы” деген жомок тууралуу түшүнүк алышат.
— жомоктун маанисин түшүнүп, мазмунун айтып
бере алса;
2.Өнүктүрүүчүлүк :
Окуучулар жомоктун тарбиялык маанисине ынанып, жомокко баа берүү менен сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрү өнүгөт.
-жомоктогу окуяларды талдап, берилген суроолорго так, туура жооп берсе;
3.Тарбия берүүчүлүк:
Өзүнүн пикирин далилдеп, жаныбарларга аяр мамиле жасай билүүгө багыт алышат.
-өзүнүн көз карашын коргоп, пикирин далилдесе;
Окуучуларда калыптануучу компетенттүүлүктөр: НК-1 , НК-2, НК-3
ПК-1, ПК-2,ПК-3, ПК-4, ПК-5
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Окуу ресурстары: Таблицалар, сүрөттөр, ырлар, видео материалдар, слайд, карточкалар.
Окутуу усулу: окуу жана түшүнүү усулу
Предмет аралык байланыш: Мекен таануу, кыргыз тили, адеп, адабий окуу
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
Уюштуруу учуру: (3 мүнөт )
*Окуучулар менен саламдашып, толуктап класстын тазалыгын көзөмөлдөп, сабакка даярдоо, окуучуларды кичи топторго бөлүү.
Сабакка жагымдуу маанай түзүп, алтын эрежени эске алуу.
Үй тапшырмасын текшерүү: (5 мүнөт )
Арстан менен кандек жомогун оозеки айтып, аны менен бирге түзүп келген, синквейн, Венндин диаграммасын окуп беришет.
Өтүлгөн темаларга кайталоо жүргүзүү: (3 мүнөт )
-Бурана эмне максат менен курулган экен?
-Аны кийин кандай максатта колдонуп калышыптыр?
-Бул ыйык мунарага кастык кылгандар эмне болушту?
-Жомокко арстан эмне үчүн кандекти жеп салган жок?
-Эмне үчүн экинчи кандекти өлтүрүп салды ?
Шыктандыруу: (2 мүнөт)
Балдар, партада 3 өңдөгү конверт турат, анын ичинде кесме тамгалар жана мозаика бар, ошол барактарды топ башчылар келип алабыз. Анан аларды биз курайбыз, бир топто сүрөт, ал эми эки топто бирден сөз бар, аларды кураштырабыз.
Видео материал көрсөтүү: (2 мүнөт )
Пил боюнча жаныбарлар дүйнөсүнөн кошумача кызыктуу маалыматтар берилет .
Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү: (11 мүнөт )
“ Пилдин баласы ” жомогу тууралуу жомокту иллюстрациялык сүрөттүү жомокту угузуу.
Мугалим: Келгиле балдар, азыр “Дилазык” китебинин 101-бетин ачып, Африка элинин жазуучусу Редьярд Киплингдин “Пилдин баласы” деген иллюстрациялык сүрөттүү жомок менен таанышып алалы.
Өткөн заманда пилдин тумшугу болгон эмес. Чоңдугу өтүктөй болгон гана кара түстөгү жоон муруну бар экен да, ал ары- бери термелип турчу. Пил аны менен эч нерсе көтөрө алчу эмес. Бирок, жарык дүйнөдө бир жаш пил, пилдин баласы пайда болду. Ал бир орунда тынч тура албай, ар кандай суроолорду бере берип жадатчу. Ал Африкада жашап, бүткүл Африкага өзүнүн сөз аңдыгычтыгы менен белгилүү болгон.
-Крокодил түштө эмне менен тамактанат?
-Шшшш
-Коло- коло сен билесиңби? Менин “түгөнбөгөн суроолорум үчүн” бүт баары сабашты. Мен крокодил түштө эмне жээрин билгим келет .
-Безгек дарагы өсүп турган суусу бозомтук, жашыл ылайлуу Лимпопо дарыясынын жээгине баргын да, өзүң көр!
— Кошкула мен Безгек дарагы өскөн, суусу бозомук жашыл ылайлуу Лимпопо дарыясынын жээгине барып, крокодил түштө эмне жээрин билиш үчүн кетип жатам.
— Кечиресиз, Жылан, сиз бул аймактан крокодилди көргөн жоксузбу ?
-Крокодилди көрдүңбү дейсиңби? Бул эмне деген суроо?
— Таң калычтуу! Бүт баары мени сабашты
— Кечиресиз сиз бул аймактан крокодилди жолуктурган жоксузбу?
-Бери кел, кичинекей. Эмнеге минтип сурап жатасың?
-Кечиресиз, мени баары сабашты. Жок дегенде, Сиз урбасаңыз экен.
Мен сени урбайм. Бери кел, кичинекей. Мен – крокодилмин .
-Мен сизди издеп жүргөнүмө көп күн болду .
Айтып коюңузчу, сиз түштө эмне тамак жейсиз?
-Бери кел, кичинекей, мен сенин кулагыңа шыбырайм. Кыязы, бүгүн түштө пилдин баласын жеймин.
-Коюңуз! Коё бериңиз !
Кичинекей досум, сен азыр болгон күчүң менен тартсаң, окуя абдан кайгылуу бүтөт .
-Эмне кылып жатасың?
-Байкуш менин мурдум! Мен анын мурдагыдай кичинекей болушун каалайм!
-Сага көпкө күткөнгө туура келет. Сенин жаңы мурдуң аябай сонун , аны сен түшүнбөй жатасың !
Көрдүңбү, тумшугуң менен чымынды оңой эле кармай аласың. Жакшы бекен ?! Баштагы мурдуң менен минте алмак эмессиң. Буерде күн аябай ысык бекен ?
-Туура.
-Мен ылайдан өзүмө топу жасап алам!
— Баштагы мурдуң менен минте алмак эмессиң.
Көрөсүң го, тумшугуңдун пайдасы дагы тиет!
-Ыраазымын, сизге . Эми мен келген жагыма барам да, ал жактан жаңы мурдумду сынап көрөм!
-Сен кайда болдуң? Бери кел, түшүнбөгөн суроолоруң үчүн биз сени урабыз .
-Ура албайсыңар! Менин кантип мушташарымды көрүп алгыла!
-Ой-ой-ой сен бул өнөрдү кайдан үйрөндүң? Сенин мурдуң эмне болуп калган?
-Лимпопо дарыясынын жээгиндеги крокодилден жаңы мурун алдым.
-Жакшы эмес.
-Ырас элеби, Павиан байке ? Анткен менен аябай ыңгайлуу.
Бардык тууган- туушкандары жээгиде безгек дарагы өскөн, бозомук-жашыл суусу киргил чоң Лимпопо дарыясынын жээгине биринин артынан бири ашыгышты. Аерде крокодилден өздөрүнө жаңы мурундарды алышмак. Алар кайтып келишкенден кийин эч кимиси мушташкан жок. Ошондон бери силер көрүп жүргөн, атүгүл силер көрбөй турган пилдердин да пилдин тынч албаган баласыныкындай тумшуктары бар.
Тапшырмалар менен иштөө: (10 мүнөт)
1-топ Венндин диаграммасын түзүшөт.
Жомоктогу жылан менен крокодилдин айырмачылыктарын тапкыла.
2-топ “Сандык катар” стратегиясы менен жомоктогу окуяларга жараша сүрөттөрдү ирети менен коюп чыгуу.
3-топ Кичинекей пил өзүнүн оюндагысын билемин деп, кандай абалга туш болду?
Азыркы күндө пилдин кичинекей баласына окшоп, бир орунга тура албай шоктонгон балдар тууралуу өз оюңарды билдирип, 2 мүнөттүк эссе жазгыла.
Берилген тапшырмаларды окуучулар кичи топтордо биргелешип аткарышат. Калыптандыруучу баалоо
Үйгө тапшырма берүү: (2 мүнөт)
“Пилдин баласы” жомогун окуп келүү .
Окуучулардын билимдерин баалоо : (2 мүнөт )
Окуучулардын билимин баалоонун талаптары :
-сабакка активдүү катышуусу;
-өз оюн эркин билдирүүсү;
-көркөм окуусу;
-суроолорго так, туура жооп берүүсү;
Сабакка активдүү катышкан окуучулардын жалпы билимин эске алуу менен баалап, күндөлүктөрүнө баа коюп берүү.
Комментарийлер