Орто маанилердин түрлөрү
- 26.08.2024
- 0
6-класс, математика
Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабак аралык байланы: табият таануу
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдуу. Өз алдынча иштөө, жупташып иштөө. Мээге чабуул ж.б.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, сүрөттөр, компьютер, проектор, интерактивдүү доска ж.б.
Сабактын максаты
Билим берүү: маселелерди чыгарууда орто маанилердин түрлөрүн колдонот.
Өнүктүрүү: мисалдарды чыгаруу аркылуу ой жүгүртүүсүн өстүрөт.
Тарбия берүү: берилген тапшырманы жоопкерчилик менен аткарууга тарбиялоо.
Сабактын жүрүшү:
- Окуучулар менен саламдашуу
- Сабакты уюуштуруу
- Топторго бөлүү
Окуучуларды доскага чыгарып фигураларды тандатабыз (үч бурчтук, тик бурчтук, квадрат). Тандаган фигуралары боюнча топторго бөлүнүшөт. Окуучулардан бүгүнкү сабактагы маанайын сурайбыз.
Алтын эрежени кайталап алабыз. Үй тапшырманы текшеребиз. Окуучулардын туура же туура эмес чыгарганын текшерип, баалайбыз. Ар бир топту өзүнүн фигуралары менен баалайбыз.
№ 379. Эмки жылда айдап-себүүгө карата фермердик чарба эки сорттогу буудайдын үрөөнүн бирин тандап алууну чечти. Мурда буудайдын А сорту 10 эгин талаасына айдалып, ар бир гектардан төмөнкүдөй түшүм берген: 31; 29; 30; 33; 29; 30; 29; 31; 29; 33. Ал эми будайдын берген В сорту 12 эгин талаасына айдалып, ар бир гектардан төмөнкүдөй түшүм берген: 33; 32; 31; 31; 32; 31; 29; 32; 32; 32; 13; 32. Ар бир сорт үчүн түшүмдүн ортоломосун аныктап, сорттун бирөөсүн тандап алгыла.
Чыгаруу:
А-сортунун түшүмү: 31; 29; 30; 33; 29; 30; 29; 31; 29; 33
В-сортунун түшүмү: 33; 32; 31; 31; 32; 31; 29; 32; 32; 32; 13; 32
А-сорту: = =30,4
В-сорту: = =30
Жообу: А сортунун түшүмүн тандап алабыз.
Эреже кайталоо.
- Ортоломо деп эмнени айтабыз?
- Ортоломону кантип табабыз?
Ортоломо (кайталоо)
Аныктама:
Эгерде
ал сандардын суммасын жалпы саны N ге бөлгөндө
келип чыккан сан ал сандардын ортоломосу деп аталат
Ортоломо «мю» грек тамгасы менен белгиленет
Мисалы: 4; 8; 12; 16; 20; 24 сандардын ортоломосун эсептейли
Чыгаруу: = 14
Жообу: 14
Жаңы тема:
Китеп менен иштөө:
№ 380. Эки дүкөндүн ар биринин криешесинин ортоломосун, модун жана медианын эсептеп, алардын көрсөткүчтөрүн салыштыргыла. «Альфа» дүкөнүнүн акыркы жумадагы кирешеси: 55; 54; 51; 55; 53; 53; 54; 52. Ал эми «Бетаныкы»: 54; 53; 70; 54; 53; 50; 50; 52; 50.
55; 54; 51; 55; 53; 53; 54; 52
55; 54; 51; 55; 53; 53; 54; 52
Үч топко ватман берилет. Топторго тапшырмалар бөлүнөт. Убакыт берилет.
Бүткөн топ кол чабуу менен белги беришет. Топ башчысы жазылган ватман менен доскага чыгып түшундүрүп берет. Окуучулар каталарын текшеришет. Түура болсо дептерлерине көчуруп жазышат.
Тест менен сабакты бышыктайбыз. Окуучулардын ар бирине тест баракчасы берилип , убакытты чектейбиз. Тести бүткөндөн кийин зипгрейд программасы менен текшеребиз.
Zipgrade тес
- Эгерде бир нече сандар берилсе , ал сандардын суммасын алардын жалпы саны N ге бөлгөндө келип чыккан сан ал сандардын …. деп аталат
а) ортоломосу в) жарымы
б) жанымасы г) бүтүнү
2) 5;7;9;11 сандардын ортоломосун эсептегиле?
а)7 б)8 в) 4 г) 3
3) Сандардын тобун алардын өсүү же кемүү тартиби боюунча иреттесек, анда алардын так ортосунда турган сан анын…. болот
а) ортоломосу в) медианы
б) радиусу г) бүтүнү
4) (5;3;8;10;15) сандардын медианын тапкыла?
а)3 б)10 в) 4 г) 8
5) Сандардын тобунун ичинде эң көп жолу жолуккан санды топтун….деп айтабыз?
а) моду в) медианы
б) ортоломосу г) бүтүнү
6) ( 7;9;12;15;12;8; ) сандарынын модун тапкыла?
а)9 б)12 в) 7 г) 8
7) Үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы канчага барабар?
а)360 б)120 в) 180 г) 50
8) Квадраттын ички бурчтарынын суммасы канчага барабар?
а)90 б)120 в) 180 г) 360
9) Тик бурч канча градуска барабар?
а)90 б)13 в) 180 г) 4
10) Жайылган бурч канча градуска барабар?
а)360 б)180 в) 150 г) 90
Мээге чабуул жасайбыз. Окуучуларга оюндун шартын түшүндүрүп беребиз.
Оюн ойнойлу.
- Бир орундуу сан ойлон
- Ага андан кийинки санды кош
- Келип чыккан санга 9 ду кош
- Келип чыккан санды 2 ге бөл
- Келип чыккан сандан биринчи ойлогон санды кемит.
Жообу: 5
Сабактын аягында окуучулардын чогулткан упайлары менен баалайбыз.
Сабакты кандай түшүнгөндүгү боюнча суроо берилет, окуучулар быйтыкча менен баалашат.
Уйгө тапшырма: №381
Кенешова Нарынкүл, Талас, Бакай-Ата р., Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын мугалими
Комментарийлер