Окуу куралдары

  • 18.08.2026

1-класс, орус классында кыргыз тили сабагы

Сабактын максаты

Окуучулар:

  • окуу куралдарынын аталыштарын билишет;
  • окуу куралдарын сүрөттөн таанып, кыргызча атайт;
  • ар бир окуу куралы эмне үчүн керек экенин түшүндүрө алышат;
  • жаңы сөздөрдү сүйлөм ичинде колдонууга машыгышат.

Күтүлүүчү натыйжа

Сабактын аягында окуучулар дептер, китеп, калем сап, калем, сызгыч, өчүргүч, учтагыч, китеп кап, кагаз сыяктуу окуу куралдарын кыргызча атап, алардын колдонулушун түшүндүрө алышат.

Сабактын жүрүшү

1. Уюштуруу. Жагымдуу маанай

Мугалим окуучулар менен саламдашып, сабакка жагымдуу маанай түзөт.

— Балдар, бүгүн биз окуу куралдары менен таанышабыз. Окуу куралдары эмне үчүн керек?

Окуучулар бири-бирине жылмайып, саламдашып, сабакка даярданышат.

2. «Кел, эстейличи»

Мугалим:

— Балдар, силер кандай окуу куралдарын билесиңер? Кол көтөрүп айтып көргүлөчү.

Окуучулар өздөрү билген сөздөрдү аташат:

Лира: китеп кап, китеп, дептер.
Ороз: калем сап, калем.
Ариет: сызгыч, өчүргүч.

Мугалим окуучулардын жоопторун колдоп, туура айтылган сөздөрдү кайталап бекемдейт.

3. «Кел, ойлонолучу»

Окуучулар жуптарда сүйлөшүп, окуу куралдары тууралуу эмнени билгиси келерин айтышат.

Ажар: Окуу куралдарынын аттарын билгим келет.
Эдил: Окуу куралдары эмне үчүн керек экенин билгим келет.

Мугалим окуучулардын жоопторуна таянып, сабактын максатын аныктайт.

4. «Кел, окуп үйрөнөбүз»

Интерактивдүү доскадан окуу куралдарынын сүрөттөрү көрсөтүлөт.

Мугалим:

— Бул эмне?

Окуучулар сүрөттөрдү атап жооп беришет:

  • Бул дептер.
  • Бул китеп.
  • Бул калем сап.
  • Бул калем.
  • Бул китеп кап.

Ошондой эле орусча сөздөрдүн кыргызча баламалары такталат:

ручка — калем сап
карандаш — калем
сумка — китеп кап

Окуучулар мугалим менен бирге сөздөрдү кайталап айтышат.

5. Сүрөт менен иштөө

Окуучулар китептин 12-бетиндеги сүрөттөр менен иштешет.

Мугалим суроолорду берет:

— Китеп кап эмне үчүн керек?
— Калем эмне үчүн керек?
— Калем сап эмне үчүн керек?
— Китеп эмне үчүн керек?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Султан: Китеп капка окуу куралдарын салабыз.
Айэрке: Калем менен сүрөт тартабыз, чиймелерди чийебиз.
Мурат: Калем сап менен дептерге жазабыз.
Гуля: Китеп бизге окуу үчүн керек.

6. Сүрөт боюнча сүйлөм түзүү

Мугалим окуучуларга сүрөттөрдү көрсөтүп, суроолорду берет:

  1. Бала эмне кылып жатат?
  2. Эжеси менен бала эмне кылып жатышат?
  3. Столдун үстүндө эмнелер бар?

Окуучулар сүрөттөргө карап жооп беришет.

Бурул: Бала китеп капка китеп салып жатат.
Окуучу: Эжеси балага китеп окуп берип жатат.
Окуучулар: Калем, калем сап, дептер, боёктор, сызгыч бар.

7. Окуу куралдарынын кызматын аныктоо

Интерактивдүү доскадан сызгыч, өчүргүч, кагаз, учтагыч сыяктуу окуу куралдары көрсөтүлөт.

Мугалим:

— Бул эмне?
— Бул куралдар менен эмне кылабыз?

Айбек: Сызгыч менен түз сызыктарды сызабыз. Туура эмес сызганда өчүргүч менен өчүрөбүз.

Акылай: Бул кагаз, бул учтагыч.

Мугалим туура жоопторду толуктап, окуучулардын сөз байлыгын бекемдейт.

8. «Кел, машыгабыз»

1-тапшырма. Сүрөттөр боюнча сүйлөмдөрдү толуктап айтуу.

2-тапшырма. Китептеги сүрөттөр менен иштөө:

— Бул эмне?
— Эмне үчүн керек?

Окуучулар:

— Бул китеп.
— Бул дептер.
— Бул калем.
— Бул калем сап.
— Бул учтагыч.

Окуучу: Калемдин учу сынып калса, учтагыч менен учтайбыз.

9. Эс алуу мүнөтү

Окуучулар мугалимдин кыймылдарын кайталап, сөздөрдү айтып эс алышат:

Биз окуйбуз, жазабыз,
Сүрөт тартып, көздөйбүз.
Шашпайбыз, эстейбиз,
Окуп, билим алабыз!

1, 2, 3 — 1, 2, 3!

10. Сабакты жыйынтыктоо

Мугалим:

— Бүгүнкү сабактан эмнени билдиңер?
— Кандай окуу куралдары менен тааныштыңар?
— Алар эмне үчүн керек?

Асан: Окуу куралдарынын аталыштарын билдим. Ар бир окуу куралы эмне үчүн керек экенин да үйрөндүм.

Мугалим окуучулардын активдүү катышуусун белгилеп, сабакты жыйынтыктайт.

11. Үй тапшырмасы

📘 Иш дептердин 15-бетиндеги тапшырманы аткаруу жана сүрөттөрдү боёп келүү.

12. Өзүн-өзү баалоо

Окуучулар «Светофор» ыкмасы аркылуу өз билимдерин баалашат:

🟢 Жашыл — сабакты жакшы түшүндүм.
🟡 Сары — жарым-жартылай түшүндүм.
🔴 Кызыл — мага жардам керек.

Жыйынтык

Сабакта окуучулар окуу куралдарынын аталыштарын кыргызча үйрөнүп гана тим болбостон, алардын эмне үчүн колдонуларын сүрөт, суроо-жооп, жуптук иш жана интерактивдүү тапшырмалар аркылуу өздөштүрүштү.

Усенова Нуруйла, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары,

№9 жалпы билим берүү мектебинин ардагер мугалими 

Бөлүшүү