Нерселердин электрлениши. Электр заряды
- 02.04.2026
- 0

Сабактын максаты:
Билим берүүчү: Окуучулар электрленүү кубулушун, заряддын түрлөрүн жана алардын өз ара аракеттенүүсүн түшүнүшөт.
Өнүктүрүүчү: Тажрыйба жүргүзүү, байкоо жүргүзүү жана жыйынтык чыгаруу көндүмдөрүн өстүрүшөт.
Тарбиялык: Күнүмдүк турмуштагы физикалык кубулуштарга илимий көз караш менен кароого үйрөнүшөт.
Engage (Кызыгууну ойготуу) — 5 мүнөт
Мугалимдин иш-аракети:
Демонстрация: Кадимки пластмасса таракты же шарды алып, жүн кездемеге сүрткөндө майда кагаз кесимдерин жакындатат. Кагаздар «бийлеп», таракка жабыша баштайт.
Проблемалык суроо: «Балдар, эмне үчүн кагаздар таракка жабышып жатат? Бул жерде кандайдыр бир желим барбы?»
Оюн: «Сыйкырдуу шар». Бир окуучунун чачына шарды сүргөндө, чачтарынын шарды көздөй тик турганын көрсөтөт.
Explore (Изилдөө) — 10 мүнөт
Окуучулардын иш-аракети (Топтук иш):
1-топ: Эбонит таякчасын жүн кездемеге сүрөсүңөр
2-топ: Айнек таякчасын жибек кездемеге сүрөсүңөр
Тапшырма: Ар бир топ өзүнүн таякчасын электроскопко жакындатып, эмне болгонун байкагыла.
Виртуалдык лаборатория: Эгер мүмкүнчүлүк болсо, PhET (Balloons and Static Electricity) симуляциясын колдонуп, электрондордун бир нерседен экинчисине «секирип» өткөнүн экрандан көрүшөт.
Explain (Түшүндүрүү) — 10 мүнөт
Жаңы теманы өздөштүрүү:
Аныктама: Нерселерди бири-бирине сүрткөндө алардын башка нерселерди тартуу касиетине ээ болушу электрленүү деп аталат.
Заряддын түрлөрү:
Оң заряд (+): Айнекти жибекке сүрткөндө пайда болот.
Терс заряд (-): Эбонитти жүнгө сүрткөндө пайда болот.
Өз ара аракеттенүү:
Бирдей белгидеги заряддар (+ жана + же — жана -) — түртүлүшөт.
Ар башка белгидеги заряддар (+ жана -) — тартылышат.
Elaborate (Тереңдетүү) — 10 мүнөт
Ыкмаларды колдонуу:
»Турмуштук физика»: Эмне үчүн синтетикалык кийимдерди чечкенде учкун чыгат? Эмне үчүн бензин ташуучу машиналардын артында темир чынжыр сүйрөлүп жүрөт? (Талкуулоо).
Сайттар менен иштөө: Окуучуларга Bilimland.kg сайтынан тема боюнча кыска видео ролик көрсөтүү.
Маселе чыгаруу: Электр зарядынын сакталуу закону боюнча жөнөкөй логикалык суроолорду берүү.
Evaluate (Баалоо) — 10 мүнөт
Текшерүү:
Интерактивдүү оюн: Wordwall же Quizizz аркылуу 5 суроодон турган тест.
Мисалы: «Электрондун заряды кандай белгиге ээ?»
Рефлексия (3-2-1 ыкмасы):
- 3 жаңы термин.
- 2 кызыктуу факт.
- 1 түшүнүксүз калган суроо.
Керектелүүчү куралдар:
Эбонит жана айнек таякчалары, жүн жана жибек кездемелери, электроскоп. Смартфон/Ноутбук (PhET, Quizizz үчүн).
Үй тапшырма: §15-16 окуу. Үйдөн «Суунун агымын ийүү» тажрыйбасын жасап көрүү (электрленген таракты ичке суу агымына жакындатуу).
Мамытбекова Гүлназ
№3 Бейше Үрстөмбеков атындагы
жалпы билим берүүчү мектеби-мекемесинин
физика мугалими, Тогуз-Торо району
Комментарийлер