Негиздердин (щелочтордун) физикалык касиеттери
- 28.10.2026
- 0
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Негиздердин (щелочтордун) физикалык касиеттерин: агрегаттык абалы, түсү, сууда эригичтиги, териге таасири жөнүндө түшүнүк берүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Лабораториялык эксперимент аркылуу иш жүзүндө билим алууга үйрөтүү.
Тарбия берүүчүлүк: Щелочтор менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин так сактоого, тазалыкка, тактыкка тарбиялоо.
Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү такта, щелочтордун үлгүлөрү: натрий гидроксиди (NaOH), калий гидроксиди (KOH) – катуу абалда, лабораториялык идиштер: пробиркалар, стакандар, пинцет, айнек таякча, индикаторлор: универсалдуу индикатор кагазы, коопсуздук техникасы боюнча эскертүү плакаты, батман, стикерлер, маркерлер, турмуш тиричиликтен алынган жуучу каражаттар.
1Е. Шыктандыруу
Мугалим окуучулар менен саламдашып, күндүн маанайын сурайт.
Топко бөлүү: Окуучулар 4 топко бөлүнөт. Интерактивдүү тактадан. Ар бир топ өз атын Тапкычтар, Изилдөөчүлөр, Билимдүүлөр, Эксперттер алат.
Баалоо критерийи: Химиялык элемент металлдар менен бааланасыңар: 5- Платина, 4-Алтын, 3- Күмүш.
- Үй тапшырма суроо: Интерактивдүү түрдө. Кислоталар темасы боюнча суроо — жооп аркылуу тапшырманы текшерүү.
- Жаңы теманы ачуу: Бугүн биз өтө турган теманы келгиле балдар аныктап алалы? Балдар күнүгө эртең менен тургандан баштап кандай жуунуучу, тазалоочу каражаттарды колдонобуз? Келгиле балдар доскага эки окуучу чыгып жуунуучу жана тазалоочу каражаттарды бөлүп чыгалы. Бул каражаттардын баардыгын эмне бириктирип турат деп ойлойсуңар?

Сабактын максаты менен тааныштыруу.
Негиздер- бул химиялык зат, курамында бир же бир нече гидроксо тобун камтыйт. М: Натрий гидроксиди NaOH, Калий гидроксиди KOH.
Щелочтор – бул сууда жакшы эрүүчү күчтүү негиз. Ар бир щелоч – негиз, бирок ар бир негиз щелоч боло бербейт.
Щелочтордун жалпы физикалык касиеттери:
- Агрегаттык абалы (катуу, суюк)
- Түсү (көбүнчө ак, тунук)
- Даамы (ачуу, самындуу — даам татууга тыюу салынат!)
- Сууда эригичтиги (жакшы эрийт)
2Е. Изилдөө
1-тапшырма: Ар бир топ өздөрүнө берилген каражаттар щелочтордун физикалык касиеттерин изилдейт.
1-топ (Тапкычтар): азелит казан тазалоочу каражат
2-топ (Изилдөөчүлөр): түтүк тазалагыч каражат
3-топ (Билимдүүлөр): агартуучу белизна
4-топ (Эксперттер): духовка, плитка тазалоочу каражат
Ар бир топ байкоолорун ватманга (чоң кагазга) жазып, презентацияга даярданат.
2-тапшырма: Индикатор кагазы менен берилген каражаттардын чөйрөсүн аныктоо.
3Е. Түшүндүрүү
Берилген тапшырмаларды окуучулар доскага чыгып ар бир топ презенациялап түшүндүрүп берет. Мугалим теманы дагы да тереңдетип түшүндурүү максатында чөйрөлөр жөнүндө маалымат берет. Окуучуларга ар бир тапшырма үчүн баалар коюлат.
4Е. Кеңейтүү
Практика жүзүндө алган билимдерин андан ары кеңейтүү максатында окуучулар уюлдук телефондордун жардамы менен тесттик тапшырмаларды иштешет. Тапшырмалардын жыйынтыгы автоматтык түрдө чыгарылып мугалим тарабынан интерактивдүү тактага да бааланат.
Рефлексия: Смайликтер менен сабактан алган билимиңер, түшүнүктөрүңөр боюнча билдирүү.
1.Эч нерсе түшүнгөн жокмун
2.Суроом бар
3.Бардыгы түшүнүктүү
5Е. Баалоо
Интерактивдүү тактанын жардамында топтордун жалпы упайларын чыгаруу менен окуучуларды топтордо баалоо.
Үй тапшырмасы: Иш дептер 101, 102-беттер. 8-В көнүгүүнү иштеп келүү.
Дооранбек кызы Бүбатма, Панфилов району, Букара айылы,
Орозалы Текеев атындагы жалпы билим берүү мектеби