Натуралдык көрсөткүчтүү даража жана анын касиеттери
- 18.12.2024
- 0
Таалайкүл Турсуналиева, №68 ЖББО мектебинин математика мугалими
Сабактын тиби: билим, билгичтиктерди калыптандыруу жана бышыктоо сабагы.
Сабактын формасы: жалпылык, топтук.
Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: техникалык каражаттар, таблицалар, карточкалар, флипчарт ж.б.
Сабактын максаты: натуралдык көрсөткүчү бар даражанын касиеттерин колдонуп көнүгүүлөрдү иштешет. Өтүлгөн материалдарга карата маселе, амалдарды чыгаруу менен алган билимдерди жана көндүмдөрдү бышыктоо. Топ менен иштөөдө бири-бирине жардамдашат, чогуу иштешет, таза, сулуу, туура жазуу менен тактыкка үйрөнүшөт.
Сабактын жүрүшү:
- Сабакты уюштуруу, окуучуларды сабакка даярдоо, саламдашуу.
- Жагымдуу маанай тартуулоо: бири-бирине аттарынын баш тамгасы менен жазылган өзүнө арналган жагымдуу сөздөрдү жаздыруу, мисалы, А тамгасына “мен акылдуумун”, Б тамгасына “мен бактылуумун”, “ооба, сен акылдуусуң, сен бактылуусуң, сен азаматсың” деген сыпаттама сөздөрдү айтуу менен окуучуларды шыктандыруу ж.б. Тема жана сабактын максаты менен таанышат.
- Үйгө берилген тапшырманы текшерүү.
- Өтүлгөн теманы жана эрежелерди кайталоо (эрежелерди хор менен айттырса да болот).
- Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн өз алдынча иш иштешет.
- Топторго бөлүү (6 топко бөлдүм). Тапшырмаларды аткарууга убакыт чектелет, туура аткарылган топторго туура же туура эмес экендигин аныктоо үчүн фигуралар берилет. Топторго типтүү тапшырмалар берилет.
1-тапшырма. Туюнтманын маанисин табуу.
2-тапшырма. Туюнтмаларды салыштыруу
3-тапшырма. Даражанын акыркы цифрасын табуу
4-тапшырма. Теңдемелерди чыгаруу
5-тапшырма. Даражага көтөрүүнүн тез эсептөө ыкмалары
6-тапшырма. Практикалык тапшырма. Кубдун бетинин аянтын жана көлөмүн табуу
7-тапшырма. Логикалык тапшырма
- Жыйынтыктоо
- Топтордун жыйынтыктарын баалоо, упайларды саноо (фигуралардын санына жараша бааланат: мисалы, тегерек “5”, төрт бурчтук “4”, үч бурчтук “3”)
- Окуучулардын өздөрүн баалоо таблицасын толтуруу.
Үй тапшырмасы.
Комментарийлер