Үн толкундары, анын мүнөздөмөлөрү, үндүн интерференциясы, резонансы. Туруучу толкундар

  • 26.01.2025
  • 0
Үн толкундары, анын мүнөздөмөлөрү, үндүн интерференциясы, резонансы. Туруучу толкундар

Абдрахманова Зулпия, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу №30 О.Тешебаев атындагы «Сырт»  орто мектебинин   физика мугалими

10-класс, 5Е форматын колдонуу сабагы

Сабактын максаты:

  1. Үн толкундары жана интерференциясы, резонансы тууралуу маалымат билишет.

2. Туруучу толкундардын түзүлүү механизми тууралуу маалымат алышат.

  1. Керектүү материалдар

-Проектор, ноутбук, экран, доска.

-Комуз, суу куюлган идиш, камертон,

-Окуу каражаттары.

-Топтордо иштөөдө окуучулардын активдүүлүгүн жана натыйжаларын эсепке алуу үчүн мугалим тарабынан “баалоо критерийи” бланкасы.

Сабактын планы: Кызыктыруу (5 минут)

Өтүлгөн тема менен байланыштыруу үчүн суроолор берилет. (PoverPoint)  2 топко эки суроо

Мугалим окуучуларды кызыктыруу максатында — видео/аудио материал көрсөтүү: үн резонансынын мисалы (музыкалык аспаптар, айнек сынышы, чымчыктардын сайрашы).

Окуучуларды жаңы темага алып баруу үчүн суроо менен кайрылат: «Биз эмне угуп жатабыз?», «Үн эмнеден пайда болот жана эмне үчүн биз аны ар башка угуп жатабыз?» деген суроо берилет.

Окуучуга багытталган топтогу иш-аракети үчүн 2 бөлүмдү камтыган иш барагын даярдоо.

Изилдөө (15 мүнөт)

— Практикалык тапшырма: слайддан  чыккан үндөрдү угуу жана үндүн интерференциясын байкоо.

— Үндүн жыштыгы, амплитудасы жана резонансы боюнча түшүндүрмө берүү.

Суроолор:

1. Үндүн бийиктиги жана күчтүүлүгү эмнеге жараша өзгөрөт?

2. Үндүн ылдамдыгы ар кандай чөйрөдө кандай болот?

Окуучулар үндүн бийиктиги жана күчтүүлүгү эмнеге жараша өзгөрөрүн музыкалык аспаптардын үнүн угуу менен изилдеп, идиштеги суунун жана комуздун жардамында изилдөө жасашат. Үндүн ылдамдыгы чөйрөдөн көз карандылыгын аныкташат.

Маалыматты чогултуу 

Китептерден жана интернет булактарынан маалыматтарды чогултуп топ менен бир жыйынтыкка келип, башка топтун мүчөлөрүнө түшүндүрүшөт.

Түшүндүрүү (9 минут)

Окуучулар топтогон маалыматтарды жыйынтыктап, слайддын жардамында тема мугалим тарабынан толукталат.

Туруучу толкун – эки каршы багыттагы толкундардын биригүүсү.

Өзгөчөлүгү: түйүндөр (толкун нөл болгон жерлер) жана күрсүлдөөлөр (максималдуу амплитуда).

Практикалык мисалдар: гитаранын кылы, орган түтүктөрү.

Үн толкундарынын негизги мүнөздөмөлөрү:
1. Жыштык (\(f\))
2. Амплитуда
3. Ылдамдык (\(v\))
4. Үндүн тону жана сапаты.

Интерференция жана резонанс түшүндүрүлөт. Мисалдар: музыкалык аспаптар, акустика.

Үн толкундары, анын мүнөздөмөлөрү, үндүн интерференциясы, резонансы. Туруучу толкундар

Деталдаштыруу (11 минут)

Эки топко толкундарды мүнөздөөчү 2 чоңдуктарды табуу үчүн маселелер берилет.

1. Абадагы үндүн ылдамдыгы секундасына 340 метр басып өтсө, эң төмөнкү үн менен толкун узундугу 4,3 м жеткен учурдагы термелүү жыштыгы канчага барабар?

Үн толкундары, анын мүнөздөмөлөрү, үндүн интерференциясы, резонансы. Туруучу толкундар

2. Толкун көл суусунун үстүндө секундасына 6 метрге тарайт. Эгер толкундун термелүүсүнүн мезгили 0,5 с болсо, толкундун узундугу канчага барабар?

Үн толкундары, анын мүнөздөмөлөрү, үндүн интерференциясы, резонансы. Туруучу толкундар

 

Баалоо (5 минут)

Суроолор аркылуу же кыскача тест аркылуу сабакты бышыктоо:

  1. Үндүн жыштыгы эмнеге жараша өзгөрөт?
  2. Резонанс менен интерференциянын айырмасы эмнеде?
  3. Туруучу толкундар кайсы жерде колдонулат?

Үй тапшырмасы:

  1. Үн толкундарынын колдонулушуна практикалык мисалдарды изилдөө.
  2. Туруучу толкундардын пайда болушу тууралуу кыскача баяндама жазуу.
Бөлүшүү

Комментарийлер