Музыка, ыргак жана чыгармачылык — бир сабакта!

  • 09.09.2026

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк:  Жыл ичинде өздөштүргөн билимдерин, жөндөмдөрүн колдонуп, берилген музыкалык ыргактык оюнду өздөштүрүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Музыкалык угуу сезимин, ыргакты жана ылдамдыкты кабыл алуу алуу сезимин өстүрүшөт. STEM ыкмасы аркылуу  логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт.Топтордо иштөө көндүмдөрүн калыптандырышат.

Тарбиялык: Достукта, ынтымакта, биримдикте биргелешип иштөөгө үйрөнүшөт.

Күтүлүүчү натыйжалар:

1. Музыкалык оюн ойноодо ыргактуулукту сактаганга үйрөнүшөт.

2. Алынган чыгармалардын маанайын түшүнүшөт.

3. Колдун моторикасын, ой жүгүртүүсүн, угуу сезимин өстүрүшөт.

4. Өз колдору менен аспап жасаганды үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: жаңы материалды өдөштүрүү жана өтүлгөн чыгармаларды кайталоо.

Колдонулуучу методдор: STEM, топтордо иштөө.

Колдонулуучу материалдар: комуз, кашык, колго жасалган шылдырактар, маракастар, сүрөттөр, пластик бөтөлкө, күрүч, майда таштар, лейкалар.

Баалоонун түрү: активдүү катышып жана тапшырмаларды туура аткарып топтор чүкө упай чогултушат.

Сабактын жүрүшү

I. Уюштуруу (3 мүнөт)

— Саламдашуу

— Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү (алар 3 топко бөлүнүп олтуруусун алдын ала камсыздоо керек)

— Психологиялык жагымдуу маанай түзүү (видеоматериалдын жардамы менен музыкалык ыргактык оюн ойнотуу)

II. Жаңы теманы киргизүү (10 мүнөт) STEM-art ыкмасын колдонуу

Максаты: Окуучуларга шылдырак маракас аспаптарынын ойнолушун көрсөтүп, үнүн угузуп, андан соң өз колдору менен ал аспаптарды жасатуу. Окуучуларды 3 топко бөлүп, тапшырма берилет.

Топтук тапшырмалар:

1-топ «Изилдөөчүлөр». Бул топко бир ууч күрүч, бир ууч майда таш, бир ууч кум жана пластик чака берилет. Алардын максаты кайсыл материалдан кулакка жагымдуу үн чыгаарын аныктап чыгуу;

2-топ “Технологдор”. Бул топко ар кандай материалдардын сүрөттөрү берилет.

Алардын максаты кайсыл материалдардан маракас жана шылдырактарды жасаса болоор экенин тандап көрсөтүү;

3-топ “Инженерлер”. Бул топко берилген материалдардан маракас менен шылдыракты курап чыгуу тапшырмалары берилет.

Практикалык иш. Жалпы тапшырма: бардык топторду “Математиктер” деп атап бириктирип, берилген музыканын ыргагында жасалган аспаптар менен санап ундөрдү чыгаруу.

Максаты: ыргактан чыкпастан кезек кезеги менен аспаптарды ойноо. (3-4 окуучуну кол чаптырса да болот). 1-2, 1-2-3

Тыянак: музыкалык аспаптар жаратылыштан алынган заттардан  жасалат. Жаратылыштан чыккан үндөрдүн баары бул музыка десек болот. (тыянак чыгарууга мугалим окуучуларга жардам берип багытташы мүмкүн)

III.Сабакты бышыктоо

Суроолор:

  1. Жазында кандай майрамдар  майрамдалат экен?
  2. Жаратылыш менен музыканын кандай байланышы бар экен?
  3. «Пахтам» ыры эмне жөнүндө экен?

IV.Рефлексия. “Күн нуру” окуучулар сабактан алган таасирлерин стикерге жазып,тактага илинген күндүн нурларына чапаташат.

V.Баалоо. Ар бир топтун гүл себетиндеги гүлдөрдүн саны боюнча топторго баа берүү жана мыкты катышкан окуучуларды жекече баалап өтүү.

VI.Үй тапшырмасы. Эркин темада жаз жөнүндө ыр жаттап келүү

Музыка, ыргак жана чыгармачылык — бир сабакта!Шаршеева Астра,

Арып Сыдыкбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими, Токтогул айылы

Бөлүшүү