Мультимедиа жана санарип технологиялар

  • 09.04.2026
  • 0
Мультимедиа жана санарип технологиялар

Мультимедиа жана санарип технологияларАбдилла кызы Каныкей, №46 Садык Маматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин

 информатика мугалими, Ош облусу, Кара-Суу району

 

Сабактын максаты:

  • Окуучулар мультимедиа түшүнүгү жана анын курамдык бөлүктөрү менен таанышышат.
  • Санариптик технологиялардын жашоодогу ролун талдашат.
  • Өз алдынча мультимедиалык продукттун долбоорун түзүүнү үйрөнүшөт.

Окуучулар онлайн доска (Сlassroomscreen) аркылуу Grok жана Gemini болуп эки командага бөлүнүшөт.

  1. Киришүү (Кызыгууну ойготуу). Окуучуларга renderforest cайтында даярдалган кыскача видео көрсөтүлөт.

https://www.renderforest.com/ru/watch-114803203?queue_id=186959375&quality=0  

Жагымдуу маанай түзүлүп, “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында мугалим кыргыз макалдарын мультфильм форматында балдарга табышмак аркылуу берилет. Балдар кайсы макал экенин табышат.

Мультимедиа жана санарип технологиялар

Макалдар.pptx — Google Презентации

 

                                     

 

Жаңы теманы да тапканга аракеттенишет. Мугалим окуучуларга кыска, бирок эффекттүү бир видео же аудио (мисалы, анимацияланган табияттын үнү) менен жана тема боюнча презентация көрсөтөт.

Мультимедиа жана санарип технологиялар

Мультимедиа жана санариптик технологиялар.pptx — Google Презентациивидео –

 

 

 

 

Андан сырткары балдар өздөрү тарткан сүрөттү анимацияланган форматта көрүшөт.

Мультимедиа жана санарип технологиялар

Google Диск

 

 

 

 

 

  • Суроо: Балдар, азыр силер эмнени көрдүңөр жана уктуңар? Бул жерде маалыматтын кандай түрлөрү бар? (Текст, үн, сүрөт, видео).
  • Талкуу: Эгерде бизде маалыматтын бир эле түрү (мисалы, жалаң текст) болсо, силерге кызыктуу болмокпу?
  1. Изилдөө (Жаңы түшүнүктөрдү издөө)

Окуучуларды топторго бөлүп, төмөнкүдөй тапшырмалар берилет:

  • 1-топ: Каалаган сүрөттү телефондоруна тартып, аны кыймылга келтиришет.
  • 2-топ: Сүрөттөгү каармандарды сүйлөтүшөт.
  1. Түшүндүрүү (Теманы тереңдетүү)

Мугалим окуучулардын изилдөөсүн жыйынтыктап, негизги терминдерди түшүндүрөт:

  • Мультимедиа (латын тилинен multum – көп, media – каражат) – бул текстти, үндү, видеону жана графиканы бир убакта колдонуу.
  • Санариптик технологиялар – бул маалыматты «0» жана «1» (бинардык код) түрүндө иштетүүчү системалар.
  • Интерактивдүүлүк: Колдонуучунун программа менен болгон байланышы (мисалы, кнопканы басуу, оюн ойноо).
  1. Жыйынтыктоо (Билимди бекемдөө)

Сабактын аягында окуучулар «Менин келечектеги санариптик долбоорум» аттуу чакан презентация же идеяны ортого салышат.

  • Суроо-жооп 
  • Кыргыздын улуттук оюну болгон «Аркан тартыш» оюну аркылуу сабакты бышыктайбыз.
  • Билим Арканы       

Мультимедиа жана санарип технологиялар

  1. Мультимедиа деген эмне?
  2. Презентация түзүү үчүн көп колдонулган программа?
  3. Үн маалыматты киргизүүчү түзүлүш кайсы?
  4. Эң кичинекей сүрөт элементи эмне деп аталат?
  5. Мульти деген сөз эмне деп которулат?
  6. Мультимедиалык технологиянын билим берүүдө колдонулушу?

Үй тапшырма: Өзүңөр жакшы көргөн бир темада (мисалы, «Менин хоббим») 3 слайддан турган, ичинде сүрөт жана текст бар чакан презентация даярдап келүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер