Мугалимдердин укуктарын коргоо – башкы багыт
- 12.06.2026
- 0

Аксы районундагы Ж.Мавлянов атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесип бирликтеринин семинары өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Кудайкулов Айбек Ооганович катышып, мугалимдердин эмгек укуктары, социалдык кепилдиктери жана кесип бирликтеринин ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди.
Семинардын негизги максаты – эмгек мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү түшүндүрүү, мугалимдердин социалдык укуктарын коргоо жана кесип бирликтеринин ролун күчөтүү болду.
Мугалимдер үчүн маанилүү маалыматтар
Семинарда кесип бирлигинин жетекчилерине коюлган талаптар тууралуу да айтылды. Ага ылайык, кесип бирлигинин төрагасы болуп 65 жаштан ашпаган жана бул тармакта 10 жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасы бар кызматкер шайлана алат.
Мугалимдерге ден соолукту чыңдоочу эс алуу жайларына жолдомо берүүдө эмгек стажы, үй-бүлөлүк абалы жана окуучуларынын республикалык олимпиадалардагы жетишкендиктери эске алынары белгиленди. Ошондой эле 2027-жылдан тартып жолдомолорду бөлүштүрүү электрондук каттоо системасы аркылуу жүргүзүлөрү маалымдалды.
Эмгек мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр
Катышуучуларга жаңы Эмгек кодексиндеги бир катар өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Алардын ичинде:
- кызматкер үч сааттан ашык себепсиз жумуш ордунда болбосо тиешелүү акт түзүлөрү;
- төрт айдан ашык эмгекке жарамсыздык баракчасында болгон учурларда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү;
- бакалавр даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн мугалим болуп иштей ала тургандыгы;
- пенсияга чыккан же жумуштан бошогон кызматкерлер эмгек китепчесин үч күндүн ичинде алуусу зарыл экендиги белгиленди.
Ошондой эле жумушка кабыл алуудагы сыноо мөөнөттөрү, эмгек келишимдерин түзүү тартиби жана профсоюз менен иш берүүчүнүн биргелешкен иш алып баруу механизмдери боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Социалдык кепилдиктер жана кызматкерлерди коргоо
Семинарда эмгек тартибин сактоо, тартиптик жаза колдонуудагы мыйзамдуу жол-жоболор, профсоюздун көзөмөл жүргүзүүдөгү ролу тууралуу да сөз болду. Кызматкерге жаза колдонууда анын түшүнүк каты эске алынып, атайын комиссия тарабынан кароо жүргүзүлөрү айтылды.
Мындан тышкары декреттик өргүү, техникалык коопсуздук, өндүрүштө кырсыкка кабылуу учурларындагы компенсациялар жана эмгек акыны кечиктирип төлөгөндө мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу маалыматтар катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Жыйынтык
Семинар суроо-жооп форматында өтүп, ага катышкан 105 кесип бирлигинин төрага жана төрайымдары өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты. Иш-чара мугалимдердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн бекемдөөгө чоң салым кошту.
Семинардын жогорку деңгээлде уюштурулушуна салым кошкон Аксы райондук кесип бирлигинин төрагасы Биримкулов Тынчтык агайга жана Тилекматова Нурила эжекеге катышуучулар терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Султанбекова Айзада,
Аксы району, Алтынай атындагы №37 Боспиек жалпы орто билим берүү мектебинин
кесип бирлигинин төрайымы.
Комментарийлер