Мидин Алыбаев. Өмүрү жана чыгармачылыгы. Ырлары. Сатиралары

  • 13.07.2026
  • 0
Мидин Алыбаев. Өмүрү жана чыгармачылыгы. Ырлары. Сатиралары

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Студенттер Мидин Алыбаевдин өмүр баяны жана чыгармачылыгы менен таанышышат. Акындын ырлары жана сатиралык чыгармалары тууралуу түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын көркөм окуу,талдоо, ой жүгүртүү жөндөмдөрү өнүгөт. Сатира тууралуу кененирээк маалымат ала алышат. Сатираны түшүнүү жана аны талдоо көндүмдөрү өнүгөт.

Тарбия берүүчүлүк: Адабиятка, маданиятка болгон кызыгуу артат. Эстетикалык табити ойгонуп,атуулдук,адеп- ахлактык позициясы бекемделет. Улуттук маданиятты баалоого, патриоттуулукка,чынчылдыкка  тарбияланат.

Сабактын ыкмасы: Сингапурдун 5Е модели

Сабактын тиби: Жаңы билим берүү сабагы

Сабактын формасы: Аралаш сабак (лекция + талкуу + топтук иш)

Сабактын усулдары: Түшүндүрүү, суроо-жооп, талдоо, топтук иш/

Көрсөтмө куралдар: Акындын сүрөтү, презентация, слайд, ырлар жыйнагы, сатиралары, доска, маркер, кыргыз адабиятынын түшүндүрмө сөздүгү, хрестоматия, интернет булактары 

Сабактын жүрүшү:

I.Уюштуруу учуру ( 2-3 мүнөт)

Саламдашуу. Студенттердин катышуусун текшерүү.

Психологиялык маанай: “Бүгүнкү сабактан жаңы билимге ээ болом” деп айтуу. Сабакка даярдоо.

  1. Үй тапшырмасын текшерүү  (7 мүнөт)

Өтүлгөн тема боюнча блиц-сурамжылоо. Тест алуу. Кыскача жыйынтык чыгаруу.

III. Жаңы теманы түшүндүрүү. 

План:

  1. Мидин Алыбаевдин өмүр жолу (презентация-слайд)
  2. Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгы.
  3. Акындын лирикалары.
  • Табият, турмуш темалары
  • Сүйүү ырлары
  • Обондуу ырлары
  1. Акындын сатиралары. “Ак чүч” жана “Бюрократ”

Жаңы билимдерди берүү. Презентация – слайддагы маалыматтарды айтып берүү (5 мүнөт)

1-этап: Кызыктыруу – 10 мүнөт

Максат: Студенттердин көңүлүн темага буруу жана ички мотивацияны ойготуу.

Мугалимдин иш-аракети: Экранга “Күлкү – ден соолуктун мүлкү” деген макал жазылган сүрөт чыгарылат.

Тапшырма: Балдар, силерди акыркы жолу ким же эмне күлдүргөн? Күлкү жөн эле көңүл ачуу үчүнбү же ал аркылуу адамды оңдоого болобу?

Күтүлүүчү натыйжа: Студенттер өз башынан өткөн күлкүлүү окуяларды айтып беришет жана экинчи суроого жооп айтышат.

2-этап: Изилдөө –  15 мүнөт

Максат: Студенттердин өз алдынча маалымат издөөсү жана текст менен иштеши.

Студенттер 3 топко бөлүнөт:

1-топ: Акындын өмүрү боюнча кошумча маалымат табат

2-топ: Ырларынын өзгөчөлүгүн аныктайт

 3-топ: Сатира деген эмне экенин түшүндүрөт жана анын максатын аныктайт

Ар бир топ постер түзөт жана 2-3 мүнөттөн коргоо.

3-этап: Түшүндүрүү 10 мүнөт

Максат: Жаңы түшүнүктөрдү калыптандыруу жана акындын ырлары менен сатираларынын көркөм өзгөчөлүгүн ачуу.

Мугалим түшүндүрөт: 

Өмүрү: Таланттуу акын, сатирик, драматург жана прозаик Мидин Алыбаев жарык дүйнөдө 42 гана жыл өмүр сүрдү. Бул жашоонун бир гана көз ирмеми. Ал 1917-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Сатира жанрында өзгөчө эмгектенген.

Чыгармачылыгы: Лирикалык ырлары, сатиралык чыгармалары

Сатиралар: “Ак чүч”

 — Мактанчаактыкты сындоо

— Жасалмалуулукту ачуу

“Бюрократ”

— Бюрократия,кызматтагы текеберликти сындоо

— Кайдыгерликти,формализмди ачуу

Жыйынтык түшүндүрүү:

Сатира – коомду оңдоочу курал. 

4-этап: Тереңдетүү – 25 мүнөт

Максат: Алган билимди контекстке салуу жана аналитикалык жөндөмдү өстүрүү.

Тапшырма:

 1-талдоо: “Ак чүч” эмнени билдирет? “Бюрократта” кимдер сындалат? Студенттер эки сатира боюнча так, түшүнүктүү салыштырма таблица түзүшөт.

Мидин Алыбаев. Өмүрү жана чыгармачылыгы. Ырлары. Сатиралары

2-чыгармачылык иш:  4-5 сүйлөмдөн турган сатира жазуу

Темалары: «Жалкоо студент», «Телефонго көз каранды адам» 

Кыскача сатиралардын үлгүсү: 

“Жалкоо студент”

Жалкоо студент сабакка дайыма “даяр” келет – дептерин ачпай эле. Ал чарчап кетпеш үчүн тапшырмаларды эртеңкиге калтырат. Эртең келгенде до ошол эле “эртең” менен жашайт. Акыры экзаменде гана чындык менен жолугушат.

“Телефонго көз каранды адам”

Ал эртең менен көзүн ачпай жатып эле телефонун ойготот. Жанындагылары менен эмес, экраны менен сүйлөшөт. Дүйнөдө эмне болуп жатканын билет,бирок өз үйүндө эмне болуп жатканын байкабайт. Акыры телефону гана өчкөндө гана чыныгы жашоону эстейт.

Студенттер өзүлөрү жазган 4-5 сүйлөмдөн түзүлгөн же болбосо 3-4 саптан турган ыр түрүндөгү сатираларын окуп беришет. Мыкты жазылгандарды белгилеп кетүү. Бүгүнкү өтүлгөн тема боюнча студенттерден тест алуу (5 мүнөт)

Студенттердин билимин баалоо (5 мүнөт)

Максат: сабактын жыйынтыгын чыгаруу.

Метод: Студенттер сабактан алган эң маанилүү 5 маалыматты жазышат.

Эркин минуталар: Акындын обондуу ырын угушат же ырдашат.

Үйгө тапшырма берүү:

1.Мидин Алыбаевдин бир ырын жаттап келүү.

2.Сатиралык чыгармасына кыскача пикир жазып келүү.

Кошумча материалдар бул жерде: Мидин Алыбаев

Мидин Алыбаев. Өмүрү жана чыгармачылыгы. Ырлары. СатираларыАбдыкова Керез, Алиаскар Токтоналиев атындагы  

Бишкек финансы-экономикалык техникуму

Бөлүшүү

Комментарийлер