МАТЕМАТИКАЛЫК САБАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН PISA ТЕСТ КАМТЫЛГАН АЛГЕБРА САБАГЫНЫН ПЛАНЫ
- 21.05.2025
- 0

№ 117 Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ
ОКУУ — ТАРБИЯ
КОМПЛЕКС – ЛИЦЕЙИНИН
МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ
Ашыралиева Саадат
Алгебра: 7 класс.
Сабактын темасы: Теңдеме жана анын тамырлары
Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү.
Колдонуучу методдор жана ыкмалар: көрсөтмөлүүлүк, түшүндүрүү, айтып берүү, өз алдынча.
Сабактын жабдылышы: компьютер, проектор, өсүмдүктөр, тесттик тапшырма, окуучунун окуу китеби,иш дептери, калем сап, өсүмдүктөрдүн тамырлары, идишке отургузулган гүлдөрдүн ар кандай түстөгү көчөттөрү, ватман, маркер ж.б.
Окуу – методикалык колдонмо:
1)алгебра 7 класс окуу китеби / Н.Ю.Макарычев, ж.б.
2)Microsoft Office Power Point 2010 тиркемесинде даярдалган презентация.
3) Microsoft Office Word редакторунда даярдалган тест.
4) https://padlet.com/saadat178av/padlet-3vlke3qntttqo1n3 платформасында сурамжылоо жүргүзүү.
Негизги компетенттүүлүктөр:
1.Маалыматтык компетенттүүлүк.
- Социалдык- коммуникативдик компетенттүүлүк.
- Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүк.
Предметтик компоненттүүлүк:
ПК-1.Математикалык жаңы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компоненттүүлүгү.
ПК-2. Математикалык түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компоненттүүлүгү.
ПК-3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо компоненттүүлүгү.
ПК-4. Жашоо тиричилик менен байланыштыруу компоненттүүлүгү.
Сабактын максаты: | Көрсөткүчтөр: |
1.Билим берүүчүлүк: Теңдеме жана анын тамыры жөнүндө түшүнүк берүү жана аны маселе чыгарууда колдоно билүүгө үйрөтүү. 2. Өнүктүрүүчүлүк: Ой жүгүртүүсүн, оозеки эсептөөсүн, математикалык потенциалын, өз алдынча мисал, маселе иштей алуусун, турмушта колдоно билүүсүн өнүктүрүү. 3. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар биримдүүлүккө, тактыкка, тыкандыкка, адептүүлүккө, ынтымактуулукка, бири-бирине жардам берүүсүнө тарбиялоо. Жаратылышты сүйүүгө жана ага аяр мамиле кылууга тарбиялоо.
| — Теңдеме деген эмне экендигин жатка билишет, тамырын таба алышат, аны маселе чыгарууда колдонушат; -Топто иштөө менен бири-бирине суроо бере алышат; -Ой жүгүртүүсү, оозеки эсептөөсү, математикалык потенциалы, өз алдынча мисал, маселе иштей алуусу өнүгөт; -Окуучулар биримдүүлүккө, тактыкка, тыкандыкка, адептүүлүккө, ынтымактуулукка, бири-бирине көмөктөшүүгө тарбияланышат. -Жаратылышты сүйүшөт, аяр мамиле кылышат. |
Сабактын жүрүшү. Уюштуруу (1-слайд):
Мугалимдин иш аракети
Классты жана окуу жабдыктарын даярдоо. Окуучулардын сабакка даярдыгына көңүл буруу жана уюштуруу. Сабакты кабыл алууга жагымдуу маанай түзүү.
Окуучулар менен “Алтын эреже” түзүп, анын сакталышы эскертилет.
Окуучулар мугалим менен саламдашат.
Окуу куралдарынын иреттүүлүгүнө көңүл бурушат. Алтын эрежени түзүшөт жана сакташат.
Саламатсыңарбы! Кутмандуу күнүнөр менен, бүгүнкү сабагыбызды баштайлы.
Өткөн сабактагы “өз алдынча иштин” жыйынтыгын айтат.
Үйдөн пиязды, гүлдү сууга салып тамырын өстүрүп келүү берилген. Ар бир окуучу өздөрү өстүргөн өсүмдүктөрдүн тамырын көрсөтүп, канча күндө тамыр байлагандыгы тууралуу айтып беришет.
Үй тапшырманы көргөзүшөт. Өсүмдүктүн тамырын канча күндө, канча см. өскөндүгү тууралуу айтып беришет.
“Урматтуу окуучулар эмне себептен биз сабакты өсүмдүктөрдүн тамырын өстүрүп, көргөзүү менен баштадык” – деп ойлойсуңар? Деген суроо менен сабактын темасын ачууга аракет жасайт.
Сабактын темасын аныктоо үчүн ребусту чечүүнү сунуштайт.
Өсүмдүктөрдүн гана тамыры болбостон, теңдемелердин тамыры боло тургандыгын айтат.
Окуучулар өсүмдүктүн тамыры менен алгебра сабагын байланыштырууга аракет кылышат.
Сабактын темасын аныкташат.
Тема: Теңдеме жана анын тамыры.
Төмөнкү маселени карайбыз: “Төмөнкү текчеде жогорку текчеге караганда 4 эсе көп китеп коюлган. Эгерде төмөнкү текчеден жогорку текчеге 15 китепти алып койсок, анда текчелердеги китептердин саны бирдей болуп калат. жогорку текчеде канча китеп бар?”
болгон | болуп калат | |
Жогорку текче | х | х+15 |
Төмөнкү текче | 4х | 4х — 15 |
Демек, 4х — 15 = х + 15
Китептердин белгисиз санын үчүн, биз бир өзгөрмөсү бар барабардыкты түздүк. Мындай барабардыктарды бир өзгөрмөлүү теңдемелер же бир белгисизи бар теңдемелер деп айтабыз.
Бизге 4х — 15 = х + 15 теңдемесиндеги х тин ордуна койгондо туура барабардык келип чыга турган санды табуу керек. Мындай санды теңдеменин чыгарылышы же теңдеменин тамыры деп айтабыз.
Окуучулар 4х — 15 = х + 15 теңдемесин мугалимдин жардамы менен түзүп алып чыгарышат.
х=10
Аныктама: Теңдеме туура барабардыкка айлана турган өзгөрмөнүн мааниси теңдеменин тамыры деп аталат.
4х — 15 = х + 15 теңдемеси бир гана тамырга ээ болот, ал 10 саны.
Алсак, (х-4)(х-5)(х-6)=0 теңдемесинин үч тамыры бар: 4,5,6. Чындыгында, бул сандардын ар бири (х-4)(х-5)(х-6)=0 көбөйтүндүсүнүн көбөйтүүчүлөрүнүн бирөөнү нөлгө айландырат.
х+2=х теңдеменин тамыры жок.
Теңдемени чыгаруу— демек, анын баардык тамырларын табуу же тамырлары жок экендигин далилдөө.
Математикалык жат жазууга өтөбүз.
- 35 саны 7 санынан х эсе аз.
2)х жана 7 сандарынын айырмасынын үч эселенген көбөйтүндүсү 12 ге барабар.
3)х жана 3 сандарынын 8 ге көбөйтүлүшү 19 дан чоң.
4)х жана 6 сандарынын жарым суммасы алардын көбөйтүндүсүнө барабар.
1)35· х = 7;
2)3(х – 7) = 12;
3)3х – 8 = 19;
4)(х + 6): 2 = 6х;
5)46 – х = 21;
6)х + 16 = 8.
Слайддагы туура жооптору менен салыштырышат.
Билимдерин баалашат.
Практикалык иш
Китеп менен иштөө: №122,123,124.
№122.3 саны төмөнкү теңдемелердин тамыры боло алабы:
А)5(2х-1)=8х+1
Б)(х-4)(х+4)=7
PISA тест берет.
| ||
Окуучулардын билимин баалоо
Баалоо баракчасындагы жалпы жыйынтык бааны чыгарышат.
https://padlet.com/saadat178av/padlet-3vlke3qntttqo1n3
Окуучулар платформада сүйлөмдү толукташат.
Кээ бир окуучулар сабактын жүрүшү тууралуу айтып беришет.
Мен бүгүн сабакта…
— билдим….
-түшүндүм…
-үйрөндүм….
-колдоном…
-билгим келет…
Мугалим:
“Көпчүлүк турмуштук маселелер алгебралык теңдемелердин жардамы менен эң жөнөкөй түргө келтирилип чыгарылат”
Окуучулар күндөлүккө баа койдурушат. Үй ишин жазып алышат
Комментарийлер