Математикадагы факториал түшүнүгүнүн башка предметтер жана тармактар менен байланышы
- 22.08.2024
- 0
Максаттар/окутуунун натыйжалары | Пландалган максаттарга жетүүнү көрсөткөн индикаторлор
|
1. Факториал түшүнүгү (белгилениши) жөнүндө маалымат алуу, факториал менен байланышкан типтүү эсептерди чыгарууну өздөштүрүү. | 1.Натуралдык сандын факториалын эсептей алышат, факториалдар катышкан ар түрдүү (Жалпы республикалык тестирлөө, предметтик олимпиада, “Алтын Тамга” ж.б. тышкы баалоолордун мисалдары) типтүү, типтүү эмес мисал-маселелерди чыгарууну өздөштүрүшөт. |
2. Факториал термининин белгисин башка предметтер менен байланышын аныктоо, математикалык терминдерди кеңири ракурстарда, масштабда кароого үйрөнүү. | 2.Факториалдын ! белгисинин башка предметтер жана тармактар менен байланышын мугалим менен бирге ачып, STEM ыкмасын колдонуп өтүлгөн сабактарга “сүңгүп” кирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Класс ичиндеги ар түрдүү деңгээлдеги окууучулардын кайсы багытка жөндөмү бар экенин билүүгө кадамдар ташталат. |
3. Өз алдынча жана жуптарда, топтордо иштөөдө маалыматтарды тандоону, салыштырууну, талдоону, өзүнүн маалыматын башка бирөөнүн маалыматы (ою) менен айкалыштырууну үйрөнүү. | 3. Өзүн-өзү өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүгү өнүгөт, жуптарда, топто иштөөдө маалыматтардын маңыздуу бөлүгүн бөлүп алууну, өз оюн башкалардын ою менен айкалыштыруу аркылуу толук ойду жеткирүүнү (презентация) үйрөнүшөт. |
Жабдуулар: презентациялар, Ютубдагы видеороликтер, ар кыл санариптик платформаларда жасалган интерактивдүү тапшырмалар, тапшырмалардын, видеолордун QR коддору, флипчарт, стикерлер, проектор, көрсөтмө куралдар ж.б.
Сабактын этаптары
1. Тема боюнча билимдерди жана тажрыйбаларды актуалдаштыруу.
Мугалимдин иш-аракети. Окутуу жана өнүктүрүү компоненттери, көнүгүүлөр жана тапшырмалар
(Саламдашуу)
Саламатсыңарбы урматтуу менин окуучуларым, билим океанына бирге сапарлаштарым, илим дүйнөсүн кезүүгө менин жардамчыларым. Бүгүнкү сабакка жакшы маанай менен келип алдыңарбы? (окуучулардын жоопторун угуу, класска бир сыйра дыкат байкоо жүргүзүү) Кандай деп ойлойсуңар? Илеп белгисинин математика сабагына тиешеси барбы? (5 секунддук тыным) Ал эми нөлгө катуу кыйкырса ал бирге айланат деген тамаша-чыны аралаш фразаны уккандар барбы араңарда? Анда эмесе бул суроолорго сабактын жүрүшүндө кайрылып келерибизди баса белгилеп, бүгүнкү сабакты баштоого уруксат этиңиздер… (Слайдка төмөндөгү тизме чыгат. 3-слайд)
- Математика — кыргыз тили
- Математика — тарых
- Математика — жолдо жүрүүнүн эрежелери
- Математика — жаңсоо тили
- Математика — информатика
- Математика — шахмат оюну
Жогорудагы аталган нерселердин математика менен кандай байланышы бар деп ойлойсуңар? (кыскача 2 тайпанын катышуучуларынын жоопторун угуу(10-11-класстын окуучулары алдын-ала сабак башталганга чейин класс боюнча тайпаларга бөлүнүшөт))
(Сабактын темасы жарыяланат)
Сабактын темасы:
Математикадагы факториал түшүнүгүнүн белгисинин башка предметтер жана тармактар менен байланышы.
(Актуалдаштыруу)
- Актуалдаштыруунун биринчи этабы сабакты пландоодо башталат, тагыраак айтканда, сабактын катышуучуларына алдын ала үй тапшырма катары математикалык макалдар, жаңылмачтар, табышмактар (математика — кыргыз тил), арифметикадагы төрт амалдын келип чыгуу тарыхы (+,-,· жана 🙂 (математика — тарых), жолдо жүрүү эрежелеринин белгилериндеги математика (Математика — жолдо жүрүү эрежелери) темаларына өз алдынча кичи изилдөө тапшырмалары берилет (маалыматтарды издөө, мугалим менен маалыматты корректировкалоо жана текшерилген маалыматты видеоролик кылып тариздөө). Видеонун Ютубдагы ссылкасы: https://youtu.be/ulgv_oqmtV0
- Актуалдаштыруунун экинчи этабы сабак учурунда жүргүзүлөт. Kahoot! жана LearningApps.org тиркемелеринде даярдалган кичи тесттерди тайпалардагы катышуучулардын телефондор жана гаджеттер аркылуу өтүүсү. Тестти өтүүнүн заманбап санариптик платформадагы бир варианты (шилтемени басыңыз)
https://create.kahoot.it/share/db27bfee-9d11-4b1c-8850-c5e97b556588
Тестти өтүүнүн заманбап санариптик платформадагы экинчи варианты (QR кодду сканерлеңиз).
Жыйынтыктар чыгып, жеңүүчүлөр аныкталып, тиешелүү баалоо критерийлер боюнча упайлар коюлат.
Баалоонун усулдары жана ыкмалары
-Оозеки калыптандыруучу баалоо (Азаматсын! Эң сонун! Жарайсыңар! ж.б.у.с.)
-Формативдик баалоо. (Бир сүйлөм менен өтүлө турчу теманы жалпылоо)
2. Жаңы маалымат менен иштөө
Сабактын максатынын маңыздуу бөлүктөрү жана изилдөө сабагыбыздын объектиси (STEM сабак) айтылат. Ошондой эле окуучулардын сабакка активдүү катышуусун дагы да камсыздоо максатында КЫЗЫГУУ сапатынын артыкчылыгы жөнүндө, КЫЗЫГУУСУ жогору адамдар статистика боюнча орточо жашоо узактыгы жогору экендиги, алар ийгиликке жетүү мүмкүнчүгү зор экендиги ж.б. кызыктуу маалыматтар берилет (10-12-слайддар). Интернет булактарынын ар тарабынан алынган материалдардын жардамы аркылуу жаңы маалымат менен тааныштыруу.
Мугалимдин иш-аракети: Жогорудагы презентациядагы слайддардын негизинде (13-22 слайддар) даярдалган маалыматтар менен слайд аркылуу интерактивдүү презентация кылуу (суроо-жооп, талкуу, мээге чабуул ж.б.)
Аягында катышуучуларга алынган маалыматтар боюнча:
- 1-тайпага (10-класстын окуучуларына) 5 мүнөттүк дилбаян жазуусун өтүнүү.
- 2-тайпага (11-класстын окуучуларына) факториал жана факториал түшүнүгүнүн белгиси, белгисинин маанисин Венндин диаграммасында салыштыруу (терең ойлонуп окшоштуктарын жана айырмачылыктарын табууга аракет кылуу).
(Ар бир тайпадан 2 катышуучу чыгып,презентация кылуусу)
Калыптандыруучу баалоо.
Жаңы алынган “Математикадагы факториал терминин (түшүнүгүнүн) башка тармактар менен байланышы” темасы боюнча 5 мүнөттүк дилбаян жазуу (10-класстын окуучулары)
Факториал жана факториал түшүнүгүнүн белгиси, белгисинин маанисин Венндин диаграммасында салыштыруу (терең ойлонуп окшоштуктарын жана айырмачылыктарын табууга аракет кылуу) (11-класстын окуучулары үчүн)
3. Практика
Мугалимдин иш-аракети:
2 тайпага видеотапшырмалар топтому экрандан берилет (математика, кыргыз тили, тарых жана жолдо жүрүү эрежелериндеги факториал, факториал түшүнүгүнүн белгиси темаларына байланыштуу маселелер, суроолор, тапшырмалар ж.б.у.с.). Тапшырмаларды Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери (көпүрө сабактын жардамчы мугалимдери, математика сабагын башка предметтер менен байланыштыруучу “КӨПҮРӨ-МУГАЛИМДЕР”): Сатылганова А.Т. (математика мугалими), Абдыкасымова Ж.А. (кыргыз тили мугалими), Сыдыкова З.Р. (башталгыч классынын мугалими), Бакирова М.Ө. (тарых сабагынын мугалими), Т.Ж.Жекшенбековалар (тарых сабагынын мугалими) өз эмгеги менен жасашты. Видеонун Ютубдагы ссылкасы
Мугалим видеону көрүү учурунда мвидеону керектүү жеринен токтотуп, суроо же толуктоо менен бышыктайт. Тапшырмалар берилген маалда класс ичинде байкоо жүргүзүп, суроолор болуп калса тайпаларга барып, кеңештерин берүү.
Окуучулардын иш-аракеттери:
Видеотапшырмалар топтомун кунт койуп көрүү жана угуу. Берилген видеотоптомдун ичинде берилген видеосуроолорду тайпада талкуулап, чыгарып, жоопторун жазуу түрүндө тариздеп, чыгарылыштарды класс ичиндеги дубалдын бир четине галерея кылып четинен илүү.
Бардык тапшырмалар аяктагандан кийин тайпа-тайпа болуп, бири-биринин ватмандарга даярдалган чыгарылыштарына “конок” катары барып, фото-көргөзмөгө катышуу.
Калыптандыруучу баалоо.
-Факториал темасына жана факториал түшүнүгүнүн белгисине байланышкан маалыматтардын негизги учурларын санап берүү (“негизги идеяларды саноо” техникасы) (11-класстын окуучулары үчүн)
-Математикадагы факториал терминин (түшүнүгүнүн) башка тармактар менен байланышы боюнча “Синквейн” түзүү) (10-класстын окуучулары үчүн)
4. Рефлексия
Мугалимдин иш-аракети
Сабактын катышуучуларына төмөнкү суроолор менен жалпы кайрылуу жана жоопторун толуктоо, түзөтүү киргизүү керек болсо, түзөтүү киргизүү.
Google Formдагы рефлексия суроолорунун шилтеме https://forms.gle/aMnsMGiBZqVWFndF6 же мүмкүнчүлүк болбогон учурда рефлексиянын кадимки эле сабак учурундагы варианты…
1) Кандай суроолор жаралды?(бүгүнкү сабактан кийин)
2) Кандай ойлоруңар жана тилектериңер бар?
Кийин атайын даярдалган баракчаларды таратып,ар бир катышуучунун жекече төмөнкү суроолорго жооп берүүсүн өтүнүү.(боштуктарды жогорудагы сабактын темасына байланыштуу түшүнүктөрдүн негизинде толтуруу)
Мурун мен… деп ойлочумун.
Эми мен… бул экенин билдим.
Мен… каалайм.
Диагностикалык баалоо
(оозеки жоопторго убагында кайтарым байланыш кылуу,стикерлердеги катышуучулардын жоопторунун негизинде кийинки сабакка анализ жасоо)
Жыйынтыктоочу баалоо.
Баалоо критерийлери: (мектептин математика мугалими Н.К.Эшимкановдун демилгеси менен апробация катары иштелип чыккан критерийлер же мугалимдин пландаганына жараша…)
1.Сабакка келүүсү -1 балл
2.Үй тапшырмасын туура аткарып келсе-1 балл
3.Тамчы айылындагы мектеп-гимназиясынын 6 багытынын тиешелүүсүнө маалымат табып,айтып берсе-1 балл
4.Мугалимдин кошумча суроолоруна жооп берсе(тема боюча же башка мурда өтүлгөн темалар боюнча суроолорго)-1 балл
5.Сабактын бардык этаптарында активдүү болсо(доскага чыгып иштөөсү же ордунан туура иштөөсү)-1балл
Бардыгы :5 балл
5.Үй тапшырма
https://inlnk.ru/ZZzBeJ
(Үй тапшырмага ссылка. Жаңсоолор жана математика)
https://images.app.goo.gl/jSCf82kCrSW49ZdGA
(Үй тапшырмасына ссылка. Дактиломониянын элементтери)
(Үй тапшырмасына ссылка. Математика — информатика, математика — шахмат оюну темаларына багыт).
Нурдан Эшимканов, математика мугалими жана мектеп директору.
Ысык-Көл району, Тамчы айылындагы мектеп-гимназия
Комментарийлер