МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ
- 30.03.2026
- 0

8-класс
Кыргыз адабияты
Сабактын тиби: бышыктоо сабагы, топтор менен иштɵɵ
Сабактын максаты:
- Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар Манас баатырдын ата теги, тɵрɵлүшү, бала чагы жɵнүндɵ айтып бере алышат. «Манас» эпосунун баа жеткис, улуулугун түшүнүшɵт.
- Өнүктүрүүчлүк максаты: Алган билимин эске сактоо менен берилген суроолорго так, туура жооп берип, тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткара алышат. Сɵз байлыгы жана чыгармачылык жɵндɵмү артат.
- Тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучулар мекенди сүйүүгɵ, эр жүрɵктүүлүккɵ, акылдуулукка, адептүүлүккɵ, камкордукка, эмгекчилдикке тарбияланышат. Жолдоштору менен жакшы мамиледе боло алышат, бири-бирин сыйлашат, урматташат жана оюн уга билишет. Шамдагайлыкка, тапкычтыкка үйрɵнүшүп, ой жүгүртүүсү, сезимталдыгы калыптанат.

Кɵрсɵткүчтɵр:
- Окуучулар Манас баатырдын бала чагы боюнча кенен айтып бере алышса;
- Уккандарын эске сактоо менен берилген суроолорго так жооп бере алышса. Сɵз байлыгы жана чыгармачылык жɵндɵмдүүлүгү артса;
- Окуучулар мекенди сүйүүгɵ, эр жүрɵктүүлүккɵ, акылдуулукка, адептүүлүккɵ, камкордукка, эмгекчилдикке тарбияланышса; Жолдоштору менен жакшы мамиледе боло алышса; бири-бирин сыйлашса, урматташса жана оюн уга билишсе;
Сабактын жабдылышы: Темага карата кɵрсɵтмɵлɵр, карточкалар, таркатмалар, сүрɵттɵр ж.б.
Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу, балдарга жагымдуу маанай жаратуу.
Мугалим: Арыбагыла, уюткулуу улуу журттун урпактары!
Кыргыз бар кезде Манас бар.
Манас бар кезде кыргыз бар.
«Манас» деп ураан чакырып,
«Манас» деп жашайт кыргыздар!
Кана балдарым, сабактын башталышында баарыңарга бир нерсе тараткым келип турат. Көзүңөрдү жуумп, бирден алгыла.
(Атайын карында сакталган майдан күбɵлɵнүп жасалган талканды таркатып берет) Балдар кɵздɵрүн жуумп, адегенде колдоруна кармашат, эмне экендигин аныкташат. Сезим чабуулу жыт билүүсү аркылуу уланат. Бул учурда эмне экендигин аныктай албай калышса даамдап кɵрүүгɵ уруксат берилип, аныкташат.
Балдар, колуңардагы эмне экен?
- Талкан
Азаматсыңар, балдар, сары майга талкан кошулуп, мыкчылып жасалган даам.
Көбүнчө сары майга көөлөнгөн талканды кайсы убакта колдонобуз?
- Тойдо
- Балага ат койгондо
- Бала төрөлгөндө
Азаматсыңар, балдар, биз өткөн сабакта карын май жөнүндө эмне айттык эле?
- Манас баатыр төрөлгөндө бир карын майды бир жеп салган.
Туура, бала баатырды оозантканда бир карын майды бир сугунганы, анын келечектеги баатыр болушунан кабар берет. Бүгүнкү сабакта биз силер менен Манастын төрөлүшүн бышыктайбыз. Сабакта топторго биригип, долбоор жактайбыз, суроолорго кенен, тартынбай жооп беребиз. Тапшырмаларды аткарабыз.
Сабактын жүрүшүндө ар бир туура жоопко упай катары бирден чүкө таратылып турат. Жыйынтыгында чүкөлөрдүн санына карата жеңүүчүлөр аныкталып, жогорку упай топтогон топ жеңүүчү аталат.
Келгиле, Алгач, топторго биригип алалы. Ал үчүн бул сүрөттөрдөн каалаганыңарды тандап алсаңар болот.
Баатырдын, жылкынын, жети санынын сүрөттөрү таратылат. Окуучулар берилген сүрɵттɵрдɵн тандап алышат жана окшош сүрɵттɵр боюнча топторго биригип, ɵздɵрүнɵ ылайыктуу топко ат коюшат. Ыйгарылган ысымдардын чечмеленишин айтып беришет.
1-топ: “Айкөл”
2-топ: “Тайтору”
3- топ: “Жетиген”
2) Үйгɵ берилген тапшырманы суроо, «Манас» эпосунан үзүндү жаттоо, дастан жана бир каармандын образына даярданып келүү.
(Окуучулар Манас эпосунан үзүндү, дастан айтып, даярдап келген коюлумду аткарып беришет)
Чынжырча ыкмасы аркылуу С.Каралевдин өмүрү, чыгармачылыгы боюнча кайталоо жүргүзүү. Портретти биринчи окуучу алып, С.Каралаев жөнүндө бир сүйлөм айтып, кийинки окуучуга өткөрүп берет. Улам кийинкиге өткөрүп берип отурушат. Бирок биринин оюн бири кайталабайт.
Топторго тапшырма Топ башчылары сыр куржундан тапшырмаларды алышат. (Манастын бабалары, Манастын төрөлүшү, Ошпурда тарбияланганы)
Мугалим: Топторго керектүү каражаттар сыр сандыкта салынуу. Каалаган окуу куралдарын алып колдонсоңор болот. (Берилген таяныч материалдардын жардамы менен топтор тапшырмаларды аткарышат.)
Топтордо иштөөгө 6 мүнөт убакыт берилет.
Топтордун жактоосу:
1-топ: Айкөл тобу: Биз тобубуздун атын “Айкөл”деп койгонубуздун себеби, Манас атабыздын айкөлдүгүн баалап, биз да Манас атабыздай айкөл бололу деген максатта тобубузду “Айкөл” деп атадык.
Биздин ураан: Айкөл жүрөк – эрдик жол!
Биздин топко “Манастын ата—бабалары” деген тапшырма келген. Биз саябандуу даракка Манас атабыздын ата-тегин жайгаштырдык.
Бөйөн кан
│
Чаян кан
│
Ногой кан
│
Балакан
│
Каракан
│
Жакып кан
│
Манас
Бөйөн кандан –Чаян кан, Чаян кандан –Ногой кан, Ногойкандан – Балакан, Балакандан – Каракан, Каракандан – Жакып кан, Жакыптан Манас. Бул санжыра Манастын ата-бабаларынын муундан муунга өтүп келген тукумун көрсөтөт. Ар бир муун өзүнөн кийинки урпакка жол берип, акырында кыргыз элинин улуу баатыры Манас төрөлгөнү айтылат.
2-топ: Тайтору тобу: Жылкы жаныбарына карап, биз тайпабызды “Тайтору” деп атадык, анткени Тайтору Манас эпосунда күчтүүлүктүн, ылдамдыктын, кайраттуулуктун жана ишенимдүүлүктүн символу болуп саналат. Тобубуз биримдиктүү, күчтүү, кайраттуу жана максатка тез жеткен болушу үчүн ушул атты тандадык. Тайтору сыяктуу эле, биздин тайпа да бирин-бири колдоп, кыйынчылыктарды жеңип, алдыга умтулган топ болсун деген ниет менен ушундай ат койдук.
Биздин ураан: Күлүктөр дайым алдыда жүрөт.
Биздин топко “Манастын төрөлүшү” деген тапшырма келген. Биз долбоорубузга бешикти тартканыбыздын себеби:
Бешик – жаңы төрөлгөн баланын символу. Биз бешикти Манастын төрөлүшүн жана анын бала чагын көрсөтүү үчүн тарттык. Бул Манас баатырдын жарык дүйнөгө келгенин билдирет.
Кабыланды тартканыбыздын себеби:
Кабылан – күчтүүлүктүн, эр жүрөктүктүн символу. Манас да келечекте элди коргогон баатыр болгондуктан, анын күчүн жана кайратын көрсөтүү үчүн кабыланды тарттык.
Кылыч, найза сыяктуу курал-жарактарды тартканыбыздын себеби:
Бул куралдар баатырлардын негизги куралдары. Манас кийин душмандарга каршы чыгып, элин коргогон баатыр болгондуктан, анын баатырдык жолун көрсөтүү үчүн куралдарды тарттык.
Ала-Тоону тартканыбыздын себеби:
Ала-Тоо кыргыз элинин мекенин билдирет. Манас кыргыз элинин баатыры болгондуктан, анын туулган жери жана мекени катары Ала-Тоону көрсөттүк. Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган баатыр, Ала-Тоого кыргыз элин чогулткан.
Мал-жандыктарды тартканыбыздын себеби: Манас атабыздын атасы Жакып кан сансыз малга ээ болуп, бай Жакып аталган. Ошондуктан биз кыргыз элинин турмушун жана ошол доордогу жашоону көрсөтүү үчүн мал-жандыктарды тарттык.
3-топ: Жетиген тобу: Биз тобубуздун атын “Жетиген” койгонубуздун себеби, илгери Жетиген жылдыз боюнча өз багытын аныкташкан.
Жетигендин тарабы Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай деп эпост айтылган жери бар.
Кыргыз эли байыртадан жети санын ыйык тутуп келишкен. Жети ата, жетинин бири кыдыр, жети область, жети өлчөп бир кес, жети токоч деп өзгөчө сан катары бааланат.
Биздин ураан: Жетиген – жоокердин куралы, жеңиштин жолу.
Биздин топко Манастын Ошпурга тарбияланышы келген. Биз кийизден колго жасалган буюмдардын жардамы менен окуяны чагылдырганга аракет жасадык. Бул Манастын атасы – Жакып. Балдар –Манас менен Чегебай козу кайтарып жүрүшөт. Бул – Ошпур дөбөдө менен Манасты алыстан көзөмөлдөп отурганы. Бул – Баянчор калмак чалы. Манас андан оттук сураса, бербей коёт. Бирок бала Манас күч менен тартып алат. Бул – Айнакул жана анын достору. Манас биринчи Айнакул менен чатакташа кетип, кайра достошуп, козу союп казанга эт асып, ордо оюнун ойношот.
Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Силер тапшырманы абдан сонун аткардыңар.
2-этап Тесттик тапшырма. Сандардын артында катылган суроолордун туура жоопторун айтуу. (Панелдик доска аркылуу ишке ашырылат)
3-этап Суроо-жооп оюн түрүндɵ ɵткɵрүлɵт.
Тараптар арканды кармап, ортодогу сызыкка турушат. Бири-бирине суроо беришип, туура жооп үчүн бир кадам алдыга жылышат. Жеңилгендери оюндан чыгып, кийинки топ менен беттешет. Бардык суроолорго туура жооп берген топ жеңишке жетишет.
3-этап Эгерде… (окуучулардын ɵз пикирлери, эркин баарлашуу)
Берилген суроолор:
- Эгерде Манас атабыздын ордуна кыз жарык дүйнɵгɵ келсе кандай ɵзгɵрүүлɵр болмок?
- Эгерде бала Манасты койчу Ошпурга бербегенде кандай бала болуп чоңоймок?
- Эгерде баатыр Манас бүгүнкү күндɵ жашаганда кандай эрдиктерди жасамак?
Баалоо: Топтордун жыйнаган упайлары саналып, баа берилет. Жеңүүчү топко кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
Жыйынтыктоо: Демек, балдар, биз «Манас» эпосун окуп үйрɵнүү менен анын ички маани-мазмунуна сүңгүп кирсек, андагы улуу нарк, эрдик, элдик педагогика, тарых, достук, айкɵлдүк, сулуулук, сүйүү, дин, үрп-адат, каада салт, ыйман, ызаат, намыс, сɵз берметтерин ɵзүнɵ камтып алгандыгын байкоо менен баарын ɵзүбүзгɵ сиңирип алабыз.
«Манас» эпосу – кыргыз элин жок болуп кетүүдɵн сактаган бирден-бир күч.
Жашоо эрежелерин үйрɵткɵн, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга такшалткан улуу сабак.
Кечээки тарыхыбыз, бүгүнкү күндүн жарыгы, эртеңки улуу мурас!
Ак калпактуу кыргыздын,
Абийирин сактап тɵкпɵсɵк.
Бириксек бир түп чынарбыз,
Миң жылдап дагы кɵктɵсɵк.
Бɵлүнсɵк кɵк жал бɵрү эмес,
Бизди бɵлтүрүк, чɵɵ да жеп кетет.
Үйгɵ тапшырма: Эпостун «Манастын бала чагы» бɵлүмүнɵн сɵз берметтерин терип жазып келүү.

Бишкек шаарындагы
№55 жалпы билим берүү мектебинин
кыргы тили жана адабияты мугалими
Чоюбекова Назгүл Мукамбеткалыевна
Комментарийлер