«Кыялымдагы Кыргызстан» — улуттук наркты даңазалаган форум
- 12.06.2026
- 0

2026-жылдын 9-апрелинде Манас шаарында жаштардын башын бириктирген «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу форум жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана маданий мурастарды сактоого үндөө болду.
Форумдун жүрүшүндө Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын өнөрпоздору кыргыз элинин руханий байлыгын чагылдырган «Маш ботой», «Мөлмөлүм» күүлөрүн аткарып, жаштарга улуттук маданияттын тереңдигин дагы бир ирет сездире алышты.
Иш-чараны уюштурган Жакшылык Бекназаров форумдун ачылышында сөз сүйлөп, жаштарды биримдикке, мекенди сүйүүгө жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле ошол күнү туулган күн ээлери куттуктоого алынып, башынан ак калпагын түшүрбөй, улуттук нарктарды даңазалап жүргөн кыргыз жигиттерине атайын белектер тапшырылды.
Форумга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, коомдук ишмерлер Эрмек Тынай уулу жана Кадырбек кызы Нуркыз катышып, жаштарды мамлекеттик тилди, улуттук маданиятты жана ата-бабалардан калган асыл мурастарды сактоого үндөгөн мазмундуу ойлорун бөлүшүштү.
Иш-чарада айтылган накыл сөздөр жаштарга өзгөчө дем-күч берди:
- «Жаштыктын өзү — сулуулук.»
- «Ким мектептерге инвестиция салбаса, келечекте түрмөлөрдү курууга аргасыз болот» (Отто фон Бисмарк).
АКШнын президенти Франклин Рузвельттин:
«Биз жаштарга келечекти куруп бере албайбыз, бирок келечек үчүн жаштарды тарбиялай алабыз» деген сөзү форумдун негизги идеясы менен үндөшүп, катышуучуларга терең таасир калтырды.
Форум жаштардын өлкөнүн өнүгүшүндөгү орду өзгөчө экенин дагы бир жолу далилдеп, мекенибиздин келечеги билимдүү, мекенчил жана нарктуу жаштардын колунда экенин көрсөттү.
Аксы районунан келген жаштарды уюштуруп алып барган Бектур жана Нурболот мырзаларга, ошондой эле форумдун демилгечиси Жакшылык Бекназаровго терең ыраазычылык билдиребиз.
Жыйынтыктап айтканда, мындай иш-чаралар жаштарды улуттук баалуулуктарды сактоого, маданиятты урпактарга өткөрүп берүүгө жана өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууга шыктандырат.
Алга, жаштар! Алга, Кыргызстан!
Султанбекова Айзада, Аксы району,
Алтынай атындагы №37 Боспиек жалпы орто
билим берүү мектебинин тарых мугалими
Комментарийлер