Кытайдын байыркы цивилизациясы
- 26.10.2024
- 0
5-класс, тарых
Сабактын тиби: Бышыктоо, жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: мээге чабуул методу, интерактивдүү методу, суроо-жооп, оюн методу.
Сабактын максаттуу тобу: (11-12 жаш курагындагы окуучулар үчүн, 5-класс, окутуу тили – кыргыз тилинде).
Сабактын милдети: Билим берүүдө окуучулардын санарип технология менен иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тарых сабагын окутууда инновациялык-технологиялык каражаттарды пайдалануу менен окуучуларга социалдык билимдерди калыптандыруу, STEAM билим берүүнү тарых предметинде интеграциялап окутуу.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, компьютер, интерактивдүү панель, презентация, Google Map 3D картасы, mozaweb платиформасы ж.б.
Сабактын жүрүшү:
А) Уюштуруу мезгили
Мугалимдин сөзү: Саламатсыңарбы, балдар! Силер менен бүгүнкү сабакта көрүшүп турганыма абдан кубанычтамын. Анда балдар, сабагыбызды баштайлы. Балдар, “Дүйнөнүн жети керемети” тууралуу уктуңар беле? Эмне үчүн ал тарыхый-маданий материалдык эстеликтер “жети кереметтин” катарына киришкен? Кана силердин ой-пикириңерди угайынчы. (1-слайд)
Окуучулардын болжолдуу жооптору:
1-окуучу: Ал эстеликтер абдан уникалдуу болгон;
2-окуучу: Байыркы доордо техникалык каражаттар жок болсо да, бүгүнкү күнгө чейин сынын жоготпогон кооз тарыхый жай катары сакталып келе жаткандыгы үчүн;
3-окуучу: “Дүйнөнүн жети керемети” илим-билимдин, искусствонун, маданияттын өнүгүшүнүн далили болгондугу үчүн ж.б.
Мугалимдин сөзү: Азаматсыңар, балдар! Силер берген бардык жооптор туура. Бүгүн биз “дүйнөнүн жети кереметинин” бири болгон Улуу Кытай дубалына саякаттайбыз. Балдар, саякатыбызды баштардан мурда, Жусуп Баласагын атабыздын насаатына көңүл буралычы. “Кут алчу билим чыгармасындагы билим жөнүндөгү ыр саптарга кулак салалы. (2-слайд)
Окуу иш-аракетине мотивация (Ж.Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасындагы билим жөнүндөгү ыр саптар интерактивдүү панель аркылуу коюлат. Окуучулар билим алууга болгон шыктануусун арттырышат)
Б) үй тапшырма+ өткөн сабакты бышыктоо+жаңы сабакка өбөлгө түзүлөт
Мугалимдин сөзү: Балдар, келгиле, жаңы теманы баштардан мурда алгач үй тапшырманы текшерип алалы. Өткөн сабакта “Байыркы Индиядагы дин жана маданият” темасын өткөнбүз. Индиядагы каста системасы боюнча пирамиданы толтуруп, бүгүнкү күндөгү биздин коомдогу социалдык тепкич менен салыштырып келүү тапшырмасы берилген. Анда биргеликте тапшырманын тууралыгын текшерип көрөлү. (мугалим презентация аркылуу окуучулар жооп берген сайын аннимациялык слайд менен алардын жоопторун бышыктап, формативдик баалар менен баалап турат) (3-слайд)
Мугалимдин сөзү: Балдар, азаматсыңар! Силер Индиядагы каста системасын аныктоо менен, бүгүнкү күндөгү биздин коомдогу социалдык катмарды да салыштыруу аркылуу аныктап таба алдыңар. Балдар келгиле анда, мен силерден дүйнөдөгү чоң дарыяларды сурагым келип жатат. Египетте, Индияда, Кытайда кайсы дарыялар бар?
Окуучулардын болжолдуу жообу:
Египетте Нил дарыясы бар;
Индияда Инд жана Ганг дарыясы орун алган;
Кытайда Хуанхэ жана Янцзы дарыялары бар.
Мугалимдин сөзү: Азаматсыңар, балдар! Силер атап өткөн дарыялардын боюнда эң алгачкы цивилизациялар пайда болгон. Бүгүн биз Кытайдын байыркы цивилизациясы боюнча жаңы билимге ээ болобуз. Келгиле кененирээк сабактын максаты менен таанышып өтөлү. Теманы дептерибизге жазабыз. (Мугалим 4-5-слайддарды коёт. Сабактын темасы жана максаты менен окуучуларга кыскача тааныштырат)
В) Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын этабы:
Мугалимдин сөзү: -Балдар, силер билесиңерби, Кытай кайсы географиялык континентте орун алган?
Окуучунун болжолдуу жообу: 1-окуучу: Азия континентинде орун алган.
2-окуучу: Борбордук жана Чыгыш Азияда орун алган.
Мугалимдин сөзү: Силер мыктысыңар, балдар! Туура айттыңар. Келгиле, эми 3D Google Map аркылуу Кытайдын географиялык абалы боюнча таанышып өтөлү. (Мугалим Google Map платиформасына өтөт. Ал жактан Кытайды издейт. Балдарга, Кытайдын космостон көрүнүшүн көрсөтүп, физикалык абалы менен тааныштырат. Балдар, интерактивдүү панель менен Хунхэ жана Янцзы дарыяларын табышат) Мугалим балдарга Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын боюндагы цивилизациялардын пайда болушу боюнча кенен маалымат берет. (6,7,8-слайддар)
Мугалимдин иш-аракети: Балдар, Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын боюндча жашаган калк негизинен жер иштетип, мал багышкан. Жибек согуп, шарап жасашкан. Кийинчирээк кол өнөрчүлүк жана курулуш иштери өнүккөн. Өз ара соода-сатык мамилелери өнүккөн. Акырындап соода-сатыктын өнүгүшү менен шаарлар пайда болгон. Бытыранды болгон элдин башын император Цинь Ши-Хуан-ди бириктирген. Эми балдар, силер китебиңерден силер жуп-жубуңар менен биргеликте Цинь Ши-Хуан-ди боюнча тексти окугула. Андан соң класстерди биргеликте толтурабыз. (Окуучулар китептен 154-155-беттеги тексти окуп талдашат)
Окуучулардын иш-аракети: Цинь-Ш-Хуан-динин ишмердүүлүгү боюнча интерактивдүү панелден класстерди толтурушат. (болжолдуу класстердин толтурулушу 10-слайдда)
Мугалимдин иш-аракети: Азаматсыңар, балдар! Силер Цинь Ши-Хуан-динин ишмердүүлүгүн туура анализдей алдыңар. Эми дал ошол Цинь Ши-Хуан-ди курдурган Улуу Кытай сепилине саякаттап көрөлү. Мугалим Mozaweb платиформасына кирип, Улуу Кытай сепили боюнча 3D маалыматты коюп берет. Мугалим 12-слайд менен Улуу Кытай дубалы боюнча маалыматты бышыктап берет. 13-слайд аркылуу Цинь-Ши-Хуан-динин 8 000 терактот эстелиги боюнча маалымат берет.
Окуучулардын иш—аракети: Окуучулар интерактивдүү панель аркылуу Mozaweb программасы менен Улуу Кытай сепилинин 3D функциясын, курулуш өзгөчөлүктөрүн, аскерлер жайгашкан жерлеринин баарын көрүшөт. Мугалимге бул боюнча суроолорун беришет. Мугалим балдарга жооп берип турат. 12-слайддагы маалыматтарды дептерине жазып алышат.
Мугалимдин иш—аракети: Балдар, келгиле эми, азыр конструкторлордун жардамы менен Улуу Кытай сепилинин кичинекей бир бөлүгүн куруп көрөлү. (Мугалим окуучуларга Улуу Кытай сепилин жасоо шартын түшүндүрүп, андан соң керектүү каражаттарды берет. Парфенон храмын жактап берүү үчүн 3 окуучуну чакырат. Жактап жатканда аларды кубаттап турат.)
Окуучулардын иш—аракети:
- Окуучулар Улуу Кытай сепилин жасоо үчүн керектүү каражаттарды алышат. Шарты менен таанышып чыгып, топтордо иштешип сепилди жасашат.
- Окуучулар даярдаган сепилин жактап беришет.
Сабактын этабы: Бышыктоо
Мугалимдин иш-аракети: Мугалим интерактивдүү панель аркылуу Кытайдын байыркы цивилизациясы боюнча тесттик тапшырмаларды чыгарат. Окуучулар туура жообун интерактивдүү панелге барып белгилешет.
Сабакты жыйынтыктоо:
Демек, жыйынтыктай турган болсок, Кытайдагы алгачкы цивилизация дарыя боюнча пайда болгондугун биле алдык. Кытай эли башка азиялыктардай эле цивилизациянын башатына негиз салган өлкөлөрдүн бири экендигин түшүнө алдык. Цинь Ши-Хуан-динин жасаган иштери Кытайдын тарыхында гана эмес, дүйнө тарыхында да орду чоң экендигин ырастай алдык.
Үйгө тапшырма: §13. Кытайдын байыркы цивилизациясы боюнча вариативдик үй тапшырма берет
Баалоо: Окуучулар атайын суммативдик баалар менен бааланат
Ашырбеков Алдияр, тарых мугалими
Комментарийлер