КЫРГЫЗ ТИЛИН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ САБАКТА КОЛДОНУУНУН ЫКМАЛАРЫ
- 26.05.2025
- 0

Жалпы билим берүү мектептеринде кыргыз тили жана адабияты предметин окутууда, окуучулардын эне тилине болгон кызыгууларын арттыруу үчүн улуттук баалуулуктарды сабакта колдонуунун ыкмалары абдан маанилүү. Ааламдашуу шартында коомдук аң сезими тездетилип, илим жана техника өсүп-өнүгүп, жасалма интеллект, улам жаңы ачылыштар пайда болуп, ар кандай платформалар сабакта колдонулуп жатканы натыйжалуу көрүнүш. Ушундай шартта улуттук баалуулуктар да унутта калбай, өз ордун жоготпостон сакталып калуусу абзел. Улуттун нарк-насилин, каада-салттарын, маданиятын, көөнөргөн сөздөрүн, унутта калган архаизм сөздөрүн, фразеологизмдерди, макал-лакаптарды колдонуу менен кыргыз лексикасын байытуу жана аны жашоо тиричилигибизде пайдалана билүү максатында кыргыз тили жана адабияты предметинде улуттук баалуулуктар тилди байытууга өбөлгө түзөт.
Улуттук баалуулуктарды сабактарда колдонуу билим берүү процесси үчүн абдан маанилүү, анткени алар аркылуу окуучулар өздөрүнүн маданиятын, тарыхын жана улуттук мүнөзүн түшүнө алышат. Ошондой эле сабакта колдонуу ыкмалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок алардын жалпы максаты окуучулардын улуттук өзүн-өзү таануу жана улуттук биримдиктеги жоопкерчиликти сезүүсүн өнүктүрүү.
Ыкмаларды кыргыз тили сабагында колдонуу үчүн улуттук дизайндагы көрсөтмөлөрдү (дидактикалык материалдарды, карточкаларды, улуттук калоритти чагылдырган сүрөттөрдү) иштетүү-окуучуларга өлкөнүн маданияты, тарыхы жана каада-салттары тууралуу түшүнүгүн тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.Бул көрсөтмө куралдар сабакты кызыктуу жана жандуу кылып, улуттук баалуулуктарды жана тилин үйрөнүүгө практикалык жардам берет.
Мындай көрсөтмө куралдарды колдонууга сунуштар:
Улуттук баалуулуктардын элементин камтыган боз үйдөн жасалган көрсөтмө куралы комуз, калпак, чүкө, сандык, куржун ж.б.Бул көрсөтмөлөр кыргыз тили сабактарына улуттук баалуулуктарды колдонууга жана окуучуларга алардын маанисин билип, түшүнүүгө жардам берет.Ошону менен бирге жаңы муундардын өзүнүн маданиятын , салттарын, тарыхын жана моралдык-этикалык маданиятын сактоого жана урматтоого үндөөнү көздөгөн маанилүү кадам.
Улуттук баалуулуктардын сабакта колдонуунун өзгөчө дагы бир ыкмасы кызыктуу дидактикалык оюндар:
1.”Көзгө көрүнгөн баалуулуктар”оюну-бул оюнда окуучулар кыргыздын улуттук баалуулуктарын сүрөт аркылуу көрсөтүп, аларды сөз менен түшүндүрүшөт.
2.”Тилдик карталар”-бул көрсөтмө аркылуу кыргыз элинин маданиятына жана улуттук баалуулуктарга байланыштуу сөздөрдү үйрөнүү. Мисалы, көк бөрү, манасчы, боз үй, кымыз сыяктуу сөздөрдү колдонуу. Кийинки этап окуучуларга кыргыз тилиндеги тамак-аштардын аттарын атап, алардын маңызын түшүндүрүү. Ар бир топко бул тамак-аштарды табышмак аркылуу түшүндүрүлөт.
3.”Тилдик калпактар жана сүрөттөмө карталар”. Каалаган улуттук символдун сүрөтүн калпакка салуу. Ар бир сүрөттүн жанына сөздөрдү кошуп, алардын кыргыз тилиндеги контекстин талкуулоо.
4.Электрондук сөздүктөр жана тиркемелер. Максаты-Кыргыз тилиндеги сөздүктөрдү жана сөз айкаштарын үйрөнүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу. Окуучуларга кыргыздын улуттук баалуулуктарына жана маданиятына тиешелүү сөздөрдүн тизмеги менен электрондук сөздүктөрдү көрсөтүү. Электрондук тиркеме аркылуу кыргыздын улуттук оюндарын, улуттук кийим, тамак-аштарын, буюмдарын, салттарын үйрөнүү. Макал-лакаптарды колдоно билүүгө үйрөтүп, алардын колдонушун талкуулоо.
Кыргыз тили жана адабияты предметинде улуттук баалуулуктарды колдонуунун ыкмалары эне тилди өнүктүрүүдө мааниге ээ:
1.“Аркан тартышуу”ыкмасы-бул интерактивдүү окутуу ыкмасы, анда окуучулар эки тарапка бөлүнүп, аргументтерди айтып өз көз карашын коргоп, талашып тартышат. Бул ыкма улуттук баалуулуктарды үйрөтүүдө да, кыргыз тили сабагында ой жүгүртүүгө, сөз байлыгын өнүктүрүүдө натыйжалуу. Бул ыкмада окуучулар өз көз карашын айтууга үйрөнүшөт. Кыргыз тилинде тыгыз сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрөт.
- Класс эки топко бөлүнөт:
1-топ- макул тарап(оң көз караш)
2-топ-каршы тарап(каршы көз караш)
3.Окуучулар даярданат:
Ар бир топ өзүнүн позициясын макал-лакаптар, мисалдар, адабий каармандардын образдары, турмуштук окуялар менен негиздеп чыгат.
- Аркан(символикалык түрдө)ортого коюлат. Топтор кезектешип өз жүйөсүн айтышат. Ар бир күчтүү аргумент үчүн аркан өзүнө тартылат.
- Жыйынтык чыгаруу: Кайсыл тарап так,логикалык,мисалдуу негиздерди келтирсе,ошол тарап”жеңишке” жетет.
2.“Ат чабыш оюну” ыкмасы
Бул ыкма сабакты кызыктуу жана интерактивдүү кылууда колдонулуучу оюну. Кыргыз элинде ат чабыш улуттук оюндардын бири болуп саналат. Ал элибиздин маданияты жана салттары менен байланыштуу. Кыргыз тили жана адабияты сабагында “Ат чабыш оюну” ыкмасы аркылуу окуучулардын кызыгуусун арттырып, тилди терең өздөштүрүүгө жеңилдик болот.
“Ат чабыш оюну” ыкмасынын кыргыз тили сабагында колдонулушу:
1.”Жарыштуу суроолор”. Сабакта колдонулган “Ат чабыш оюну”ар бир суроо берилген учурда “ат” чагылдырууга мүмкүн. Окуучуларга суроолор берилет. Мисалы, грамматикалык эрежелер, сөздөрдүн мааниси, кыргыздын салттары жана башка. Окуучулар тез арада жооп бериш керек.Туура жооп берген окуучу ат катары алдыга жылып, эң биринчи болуп финишке жеткен окуучу жеңет.
2.”Ат чабышынын тилдик жарышы”
Сабакта окуучулар эки топко бөлүнөт. Ар бир топ ат чабышында чабышкандай, өзүлөрүнүн суроолоруна жооп берүү үчүн жарыша башташат. Мисалы бир команда кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерин чечсе, экинчиси сөздөрдүн маанисин түшүндүрөт. Адабият сабагында да колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.Чыгарманы талдоодо, каармандардын образдарын талкуулоодо окуучулар билим көндүмдөрүнө ээ болот. Туура жооптор үчүн командалар алдыга жылат, ал эми кандайдыр бир каталар үчүн артка кайтат.
“Ат чабыш оюну” ыкмасынын пайдасы окуучуларды активдүү катышууга тартат жана сабакты натыйжалуу кылат. Тилдик билимдерди ырааттуу жана канааттандырарлык түрдө бекемдейт. Окуучуларга көңүл бөлүп,жарышып биргелешип иштетүүгө шарт түзөт. Бул оюндар аркылуу кыргыз тили, адабияты сабагы заманбап жана кызыктуу болот. Ошондой эле окуучулардын тилдик көндүмдөрүн жакшыртууга шарт түзөт.
“Чүкө оюну”- кыргыз тили сабагында балдардын тилдик өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү мыкты ыкма. Бул сабакта колдонулганда төмөнкү методикалык ыкмаларды пайдаланса болот:
1.Сөздөрдү жана фразаларды үйрөнүү:
Оюндун жүрүшүндө балдар сөздөрдү тез жана туура айтканга аракет кылышат. Бул сөздөрдү жаттоо жана сүйлөмдөрдү түзүү үчүн пайдалуу болот.
2.Оюндун эрежелер боюнча балдар бир нече сөздөрдү уга алышат жана алардын маанисин түшүнүшөт. Муну менен балдар сөздөрдү угуп түшүнүү жана туура жооп берүүгө үйрөнүшөт.
3.”Чүкө оюну” группалык оюну болгондуктан балдар бири-бири менен кызматташууга, командада иштөөгө,көздөгөн максатка жетүүгө үйрөнүшөт. Кыргыз тили жана адабияты сабагында “Чүкө оюну”ыкмасы аркылуу балдарга бир сөздүн маанисин айтып берүү, сүйлөм түзүү же жазуучулардын чыгармаларынан үзүндүлөрдү айтуу сыяктуу тапшырмаларды берсе болот.
Кыргыз тили сабагында улуттук баалуулуктарды камтыган карточкаларды интернеттен да колдонуу. Эгерде электрондук табигаттагы материалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгү болсо, онлайн платформаларга (GoogIe SIides же PowerPoint) жайгаштырып интерактивдүү сабактарды уюштуруу.
Эне тилибизди өнүктүрүү менен улуттук баалуулуктарды сабакта гана эмес мектеп ичиндеги ар кандай коомдук, маданий массалык иш-чараларда баалуулуктарыбыз, эне тилибиз сакталуу менен бирге өнүгүп, өсүп келет.Кыргыз элин улут катары таанып, мамлекеттүүлүгүбүздү баалоо, эне тилдин кадырын даңктоо максатында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде ”Сармерден” оюну,” Тил улуттун жан дүйнөсү” аталышындагы тегерек стол,” Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиңер?” окуучулар арасында акыл таймашы,” Аты аталбайт улуттун” аттуу дилбаяндар сынактары өткөрүлүп келет.
Кыз адебин сактоо, улуттун нарк-насилин барктоо, эне тилди аздектөөгө тарбиялоо максатында кыздар арасында”Кана эмесе кыздар”сынагы, кыргыз элинин маданий мурасын сактоо,окуучунун сөз байлыгын кеңейтүү, жаттоо жөндөмүн шыктандыруу максатында “Манас айтуу” сынагы окуучулар арасында өткөрүлүп келет.
Улуттук баалуулуктарды сактоо, эне тилди өнүктүрүү максатында ачык тарбиялык сааттар, ”Тил- улуттун байлыгы”аттуу “Тапкычтар”интеллектуалдык таймашы усулдук бирикмелер арасында сынактар.
Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалим Какаева Гүлбадан
2025-жыл 17-апрель
Комментарийлер