КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА 30-ЖЫЛ

  • 17.03.2022
  • 0
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА 30-ЖЫЛ

Абдазов Санжар,

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу

Жаанбай Узаков атындагы №69 орто мектебинин

Орус тили мугалими         

Тарбиялык саат

 Классы:  5-класс.

Тема: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусуна 30-жыл.

А) Окуучулар мамлекеттик туунун кабыл алуусу жөнүндө билимдерин бекемдешет.

Б) Туунун кабыл алуусу, чечмеленүү маанисин эске сакташат.

В) Мамлекеттик тууну коргоого, сактоого үйрөнүшөт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу (желеги) — Кыргыз Республикасынын гербигимни өңдүү мамлекеттик символдорунун бири. Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен кабыл алынган, 5-мартта өкмөтү үйүндө салтанаттуу көтөрүлгөн, пропорциясы 3:5.

Мазмуну

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА 30-ЖЫЛ

Автордук жамаат

Эдил АйдарбековБекбосун ЖайчыбековСабыр ИптаровЖусуп МатаевМаматбек Сыдыков

Жалпы маалымат

Кыргызстандын Мамлекеттик желеги — өңү кызыл тик бурчтуу кездеменин ортосунда алтын түстөгү тегерек күн жайгашып, нурлары (кырк нур) чагылдырылган. Күн дискинин ичинде кызыл түстөгү боз үйдүн түндүгү түшүрүлгөн.

Мамлекеттик туунун жазылыгы анын узундугунун 3/5 түзөт. Нурлуу дисктин диаметри желектин жазылыгынын 3/5 барабар. Күн дискинин жана нур дискинин өз ара катышы да 3/5. Түндүктүн диаметри нур дискинин диаметринин жарымын түзөт. Кызыл түс кайраттуулук, каармандык, чечкиндүүлүк маанисин берип, айкөл Манастын желегинин түсү катарында болгон.

Чечмелениши

Кыргыздын орнаменттик маданиятында күн жарыктыкты, ачыктыкты, туруктуулукту билдирет. Алтын түсү бейкуттук менен байлыктын белгиси. От жалыны сыяктуу болуп, кырк нур — бул 40 уруунун бүтүн бир элге биригүүсү.

Түндүк сфералык формадагы конструкцияда болуп, ата-конуштун, кеңири мааниде тынчтыктын, ошондой эле кыргыз турагы боз үйдүн символу. Түндүктүн тегерек рамасы чырмалышкан бирикмелер менен биригет. Жер менен көктү байланшытыргандай кабыл алынып, үйдүн коломтосу сыяктуу. Андан тышкары түндүк өлкөдөгү элдердин биримдик маанисин да берет.

Техникалык спецификациялар.

Желек өлчөмүнө карабастан КРнын президентинин резинденциясында сакталган Кыргыз Республикасынын туусунун түстүк жана схематикалык эталонуна дал келиши керек. Түстөрү желектин техникалык спецификацияларында көрсөтүлгөн түстөргө туура келиши керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА 30-ЖЫЛЖелекти илүү

 Кыргыз Республикасынын желегин тескери (түндүгүн ылдый каратып) илүүгө жол берилбейт. Өлкөнүн кээ бир аймактарында тууну тескери илип койгон фактылар болуп, бул үчүн көптөгөн адамдар өз жазасын алышкан. Желекти туура илүү үчүн түндүгүн өйдө каратып илүү зарыл.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА 30-ЖЫЛ

Кызыктуу маалыматтар.

  • Мамлекеттик туу — «Кыял» көркөм бирикмесинин адистери аркылуу табигый жибектен, бир түндүн ичинде тигилген. Ошону менен бирге салттуу кездеме жазылышы колдонулган.
  • Туунун түсү көк түстө болуусу ыкмымал эле. Мамлекеттик символиканы бекитүүдө депутаттар ортосунда түсү боюнча талаштар жаралган. Кээ бир депутаттар — көк түстөн баш тартыш керек, анткени ал өлкөнүн түштүгүндө аза күтүүнүн символу катары саналат — деген ойлорун билдиришсе, башкалары кызыл түс СССРдин желегин элестетет деген ойдо эле. Ошого карабастан добуш берүүдө кызыл түс жеңип чыгат.
  • Башкы мамлекеттик желек Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында орун алган. Аны жылына эки жолу жууп-тазалап турат. Флагштоктун бийиктиги 45 метр. Желекти Улуттук Гвардиянын ардактуу күзөтчүлөрү кайтарат. Мурда ал жерде 18 метрлик флагшток болчу, бирок 2009-жылы 45 метрликке алмаштырган.
  • Бишкектен анча алыс эмес жердеги Боз-Болток тоосунда орнотулган флагшток дүйнөдөгү эң бийиктердин ичине кирет. Тагыраак айтканда 12-орунда. Бийиктиги 75 метр, ал эми туунун аянты 150 чарчы метр — жазысы 10 метр, узуну 15 метр.
  • Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Абдырахман Маматалиев тууну өзгөртүү сунушун киргизип, бул суроону талкуулоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Коомчулуктан түрдүү сунуштар келип, арасында светтик, исламдык, теңирлик символдор болгон. Ал эми түсү болсо ак, күңүрт көк, жашыл түстөрдө болуп, бирок акыр-аягы өзгөрбөстөн калды.
  • Кыргызстандын желеги өлкөдөгү автоунаалардын номерлеринде жайгашкан.
  • 1992-жылдын 1 мартында Кыргызстан БУУнун официалдуу мүчөсү болуп, Нью-Йорктогу Генералдык ассамблеянын имаратынын жанында Кыргызстандын жаңы туусу илиниш керек болчу. Бирок парламент бул датага желектин акыркы түрүн кабыл алууга жетишпегендигине байланыштуу ал жакка Кыргыз ССРинин желеги орнотулган жана кийинчирээк жаңы желек илинген.
  • 2010-жылдан тарта 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү катары белгиленип келет. Бул майрам 2009-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Презиндентинин №270 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу жөнүндө» жарлыгы менен кабыл алынган. Жарлыкка Кыргызстан жарандарын патриоттук духта тарбиялоо жана өлкөнүн символдоруна сый-урмат мамиле жасоо максатында кол коюлган.

Сабакты бышыктоо:

  1. Кыргыз Республиканын мамлекеттик желеги кайсыл жылы кабыл алынган?
  2. Кыргыз Республиканын мамлекеттик желегинин автордук жамааты кимдер?
  3. Туунун сары алтын түсү эмнени билдирет?

Үй тапшырма:

            Балдар, үйдөн туу жөнүндө жаттоо менен бирге эссе жазып келүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер